Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

Ноокаттын салык инспекциясынын башчысын өлтүргөн деп шектелгендер кармалды


Ош областтык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, областтык жана райондук милиция Ноокат райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевди өлтүргөндөрдүн ким экенин тез эле аныктады.

23-февралда Мирмахмудов айыл окуругунун аймагында “Лексус” маркасындагы автомашинанын ичинен 45 жаштагы С. Алимбаевдин өлүгү табылган. Анын көкүрөк жагына ок тийгени жана башынын арт жагына көп сокку урулганы аныкталган. Автомашинанын салонунан Макаров пистолетинен эки патрону жана эки гильзасы табылган.

Оперативдик иликтөөлөр боюнча С Алимбаев менен акыркы жолу Илхом аттуу адам жолуканы такталып, андан кийин 25-февралда Оштун Фуркат участкасында Кара-Суу районунун Шарк айыл округунун жашоочулары 31 жаштагы Р.А жана 29 жаштагы И.К. жана И. Ф. кармалды. Азыркы учурда кармалгандар Ноокат жана Араван райондук милициянын тергөө изоляторуна камалып турат. Кармалгандар С. Алимбаевди өлтүрүү ноокаттык ишкердин буйругу боюнча ишке ашырылганы жөнүндө көрсөтмө берип жатышат. (КС)

XS
SM
MD
LG