Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Жаңы жыл: коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Бишкектеги Ала-Тоо аянты жаңы жыл алдында.
Бишкектеги Ала-Тоо аянты жаңы жыл алдында.

Жаңы жылдык майрам күндөрүнө байланыштуу коопсуздукту жана коомдук тартипти көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү.

Чек ара аскерлиги, ички иштер министрлигинин өздүк курамы, өрткө каршы күрөшүү жана медициналык тез жардам кызматтары жаңы жыл түнүндо боло жүрүүчү чукул окуяларга кам уруп жатышат.

Милиция күзөттө!

Күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы коопсуздукту бекемдөө чараларынын алкагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. Ички иштер министрлиги Бишкек жана Ош сыяктуу өлкөнүн ири шаарларында түнкүсүн көзөмөл жүргүзүүгө ыкчам аракеттеги кайгуул-күзөт топторун түздү. Милициянын атайын топтору түнкүсүн коомдук жайлардагы тартипти жөнгө салууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Жоробай Абдраимов коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча тиешелүү ыкчам пландар иштелип чыкканын белгиледи:

- 31-декабрдан 1-январга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Республика боюнча жети миңден ашуун милиция кызматкерлери жана он миңге чукул элдик кошуундун мүчөлөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого тартылды. Тиешелүү пландар түзүлүп, каражат бөлүнүп, өзгөчө маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлдү.

Тилсиз жоонун алдын алуу чаралары

Жаңы жылдык майрам күндөрү көп катталган фактылардын бири - бул өрт кырсыктары. Жылда өрт кырсыктарынын өтө көп катталган учуру мына ошол жаңы жылдык майрамды белгилеген 31-декабрь жана 1-январь күндөрүнө туура келет. Расмий статистика көрсөткөндөй, былтыр мына ошол күндөрү өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн саны республика боюнча адаттагыдан эки эсе көп катталган.

Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов былтыр 31-декабрда бир түндө эле республика боюнча 24 өрт кырсыгы катталганын белгиледи:

- Жаңы жылдык майрам өткөрүү учурунда негизинен өрттүн чыгуу себептери мас абалында чылым чегип таштап коюу, балдардын от менен ойношу же питарда сыяктуу каражаттарды туура эмес колдонууга байланыштуу. Былтыркы 24 өрт кырсыгынан төрт адам каза болду. Анын ичинен экөө жаш балдар болгон. Мына ошондой өрт кырсыгына жол бербөө үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Сактыкка кордук жок

Мындан сырткары жаңы жылдык майрам күндөрү адатта бейбаштык, токмоктоо, уурдоо жана карактоо сыяктуу кылмыштар көп катталат. Милиция кызматкерлери катталган кылмыштардын көпчүлүгү адамдардын мас абалында болгондугун эскертишет.

Медициналык тез жардам кызматтары республика боюнча жылда 31-декабрда үч жүздөн беш жүзгө чейин чакырыктарды кабыл алышат. Чакырыктар өтө көп болгондуктан тез жардам кызматы үлгүрбөй калган учурлар да кездешет.

Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Исмаилов жаңы жылдык майрамдоонун кесепеттерин биринчи кезекте адамдар өздөрү алдын-алууга тийиш деп эсептейт:

- Мына ошол майрамдоонун жыйынтыгында көңүлгө жакпаган окуялар болуп кетет. Буту-колун сындырып алган же өрт чыккан сыяктуу. Буга жол бербөө үчүн адамдар чеги менен ойнош керек. Жанагы жардыргыч заттар көп колдонулгандыктан, адатта жаңы жылдан кийин көчөлөр согуштан кийинкидей эле болуп калат. Ичимдикти да чеги менен колдонуп, колдон келсе ага чектөө коюп койсо да болмок. Балдарды жакшы көзөмөлдөп, дос-тууганды адеп менен эс алууга чакырсак.

Адатта жаңы жылды тосуу майрамы 31-декабрдан 1-январга чейин уланат. Бул күндөрү коомдук жайларга эл топтолуп, оюн-зоок кечелер да уюштурулат. Ички иштер органдары жарандарды коомдук жайлардагы коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

XS
SM
MD
LG