13-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги Курск облусундагы Суджа шаарын кайрадан көзөмөлгө алганын билдирди.
"Атайын операцияларынын жүрүшүндө "Түндүк" аскерлер тобунун бөлүктөрү Меловая, Подоль жана Суджаны бошотту", — деп айтылат мекеме тараткан мааалыматта.
Black Bird Group OSINT долбоорунун интерактивдүү картасына ылайык, украин аскерлери Курск облусунун Суджа районунун Заолешенка жана Гончаровка айылдарынын батыш аймактарында жайгашкан. Украиналык DeepState долбоорунун картасы Суджанын батыш чек арасы боз зонада экенин көрсөтүп турат.
Украина бул тууралуу азырынча расмий маалымат тарата элек.
Бир күн мурун орусиялык каналдар Суджа шаарынын борборунда жүргөн орус аскерлеринин сүрөт, видеолорун жарыялашкан. Шаршемби күнү кечинде орус президенти Владимир Путин Курск облусундагы командалык штабдардын бирине барганы белгилүү болгон.
Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен. Бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө турган.
Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн. (AiA)
Шерине