Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Абдыгуловду ссуда төлөткөн сын


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жумушунан берилген беш жарым миллион сомдук турак жай ссудасын толугу менен төлөп бермей болду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов башкы банктын аброюна шек келтирбеш үчүн мыйзамдуу алган жеңилдиктеринен өз ыктыяры менен баш тартып жатканын билдирди. Абдыгулов Башкы прокуратура анын ссуда алганын жакшылап иликтеп, мыйзам бузуу таппаганын белгиледи.

- Жакынкы күндөрү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөр акчаны төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Ссуда берүү - көпчүлүк өлкөлөрдүн борбордук банктарындагы стандарттуу тажрыйба. Көзөмөл органы менен коммерциялык банктардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн мыйзам боюнча биздин кызматкерлер башка банктардан ссуда ала албайт. Ушундан улам бул Улуттук банк тарабынан иштелип чыгып, киргизилген, - деди Абдыгулов 26-февралда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында.

Бир жыл мурун Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгени жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганы ачыкка чыгып, коомчулуктун кескин сынына кабылган. Дегеле жалпысынан 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.

Абдыгуловдун ссуда маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, «укук коргоо органдары тарабынан текшерилиши керек» деген талап айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, Кыргызстанда айрым жогорку кызмат адамдарына ыксыз жеңилдиктер берилип калган. Эл өкүлү саламаттык сактоо министринин кымбат жол тандабас сатып алышын, башкы банк жетекчилеринин ссуда алышын мисал келтирип, аткаминерлердин жеңилдиктери жоюлушу керек деген пикирин билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Баары бирдей болушу керек. Элдин жашоосу оңолбой, казына бөксөрүп турганда мындай нерселерди жок кылышыбыз керек. Эч бир жетекчинин жеңилдиги болбошу керек эле. Ал тургай биздин «атайын оорукананы» балдар бакчасына өткөрүп берүү зарыл. Жеңилдиктерди совет мезгилинен калган эскирген ыкма дейт элем. Моралдык жактан да эч кандай нормага туура келбейт. Мындайлар кызматтан кетиши керек.

26-февралда депутат Абдывахап Нурбаев мүчө болгон Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтык жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды. Министрге кымбат баалуу жол тандабас сатылып алынышынын мыйзамдык жагын текшерүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Дүйнөлүк банктын акчасына 82 миң долларлык жол тандабас сатылып алынганы тууралуу маалымат коомчулукка тарап, бул боюнча кызуу талкуу бүтө элек. Ачуу сын-пикирлерден кийин министр Космосбек Чолпонбаев ал автоунаа өкмөттүн гаражына токтотулганын билдирген.

Кыргызстанда ар кандай эл аралык уюмдардын же демөөрчүлөрдүн акчасы менен кеңсесин хан ордосундай жасатып алган айыл өкмөттөрдөн тартып жогорку кызмат адамдарынын жосундары айтылып эле келет. Маселен, байлыгын туугандарына каттатып, мамлекет берген батирде жашаган «квартирант» эл өкүлдөрү, декреттик өргүү алган прокурор аталар, компьютердин зыяны үчүн кенемте талап кылган энергетиктер сыяктуу көрүнүштөр карапайым элди таң калтырган.

Анткен менен «мамлекеттик кызмат адамдарынын материалдык өз алдынчалыгын камсыз кылып, башка топтордун кызыкчылыгынан коргош үчүн аларга ар кандай артыкчылыктар берилиши керек» дегендер да бар. Саясат талдоочу Даниел Кадырбековдун пикиринде, кыргыз аткаминерлери жеңилдиктерди аша чаап колдонуп жаткандыктан коомчулуктун сын-пикири күч болуп турат. Жогорку кызмат адамынын мыйзамдан сырткары эл алдындагы моралдык жоопкерчилиги болууга тийиш.

Даниэл Кадырбеков.
Даниэл Кадырбеков.

- Жеңилдиктер кызмат адамдарынын коомчулук алдында мамлекеттик кызыкчылыгын коргош үчүн берилет, - деди эксперт. - Ал эми бизде көп институттар иштебегендиктен, өздөрүнө ыңгайлуу система куруп алышат. Мындайда жеңилдиктер өзүн актабайт, эч өнүгүү болбойт. Мыйзамдар тандалма жол менен иштеп атпайбы.

Мамлекеттик жеңилдиктер боюнча алгачкы кескин сынга парламент депутаттары кабылган. Кала берсе V чакырылыштагы парламент шайланарда бир топ жарандык активисттер талапкер партияларды депутаттардын артыкчылыктары менен жеңилдиктеринен баш тартууга чакырып, атайын декларацияга кол койдуруп алышкан. Учурдагы парламент үй, кызматтык автоунаа, кошумча жардамчылар сыяктуу чыгымдардан баш тарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG