Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Нарында жапайы аңчылык токтой элек


Макаланын каармандарына сүрөттүн тиешеси жок.
Макаланын каармандарына сүрөттүн тиешеси жок.

Нарында кайберенге ууга чыккан жапайы аңчылык күч алды. Мыйзамсыз аңчылык кылгандардын арасында жогорку аскердик чини бар ардагерлер жана мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Ушул жылдын август айында Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалган. Алар түшкөн автоунаа Ак-Сайдагы чек ара пунктунда токтотулганда автоунаадан тоо текенин эти менен үч мылтык табылган.

Автоунаанын айдоочусу өзүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын кызматкери катары тааныштырган.

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн адиси Аскат Жакшылыковдун айтымында, алардын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, райондук милиция кылмыш ишин козгогон:

- Башында "сатып алдык, койдун эти" деп жатышкан. Бирок биз териштиргенде "Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя участогунда үч атчан киши мылтык асынып жүргөнүн көргөнбүз" деп жергиликтүүлөр айтышты. Андан кийин бирөө "мен мамлекеттик резиденцияда инженер болуп иштейм" деп жаткан, бирок биз протокол толтурганда "эч жерде иштебейм" деп айтты.

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Кармалгандарга Административдик кодекстин 149-беренесине ылайык тоо теке үчүн 55 миң сом айып салынган. Учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Ушундай эле рейддерди Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлери маал-маалы менен уюштуруп келет. Алар Нарын районундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунан жолдо келаткан автоунааны токтоткондо андан тоо текенин мүйүзү, уруксат кагазы жок сайлуу мылтык табылган.

Жапайы аңчылыкка каршы күрөшкөн органдардын маалыматы боюнча ууга чыккандар кымбат баалуу үлгүдөгү автоунаалар менен жүрөт. Арасында жогорку аскердик чини бар, кызматтан кеткен ардагерлер да бар.

Экотехинспекциясынын экология боюнча адиси Рудбек Абдраев мыйзамды билип туруп, мыйзамсыз ишке баргандар жапайы аңчылыктын күч алышына шарт түзүп жатканын айтты:

"Нарын облусунда эле 20 миң даана курал-жарак мыйзамдаштырылып колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар бар".

- Чынында эки-үч жылдан бери мыйзамсыз аңчылык кылгандарга салына турган айып пул көбөйүп, мындай көрүнүштөр азайып калган. Бирок ноябрь айында жүргөн беш күндүк рейд учурунда кайра көбөйгөнү байкалды. Нарын облусунда эле 20 миң даана курал-жарак мыйзамдаштырылып колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Кечээ өткөрүлгөн рейдде атайын эле аңчылыкка чыккандар экен, алардын арасында мен тааныган, кызматтан кеткен полковник дагы жүрөт.

Тоолуктардын айтымында, жергиликтүү аңчылардан тышкары, "аңчылыкка уруксат кагазыбыз бар" деген чет элдик мергенчилер да кайберендин тукумун курут кылууга салым кошуп жатат. Облустун аймагындагы 24 аңчылык чарбасында жоопкерчилиги чектелген 20 уюм бар.

Тиешелүү мыйзамга ылайык бир уюмга жыл сайын 10 баш тоо теке, эки баштан ашык кулжа атууга тыюу салынган. Бирок кагазда ушундай көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө мергенчилер каалаганын кылып жатканын Ат-Башыда он жылдан ашуун тоодо мал баккан Жаркынбек Майлыбашов белгиледи.

Ал үч жыл турган чет өлкөлүк мергенчилердин базасы бир коктунун кийигин кырып кеткенин айтып кейиди:

- Биз ушул Шырыкты деген жайлоодо турабыз. Мен бала кезде бул жерде кийик толтура болчу. Анан мергенчилер базасы келип үч-төрт жыл турушту. Аларды көзөмөлдөгөн деле киши жок. Азыр кийик көргөнгө зарбыз. Негизи бул кокту тоо-таштуу келгендиктен кийик байырлаганга ылайыктуу.

Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгү жүргүзгөн мониторингге ылайык, Нарында жети миңден ашуун кулжа, он миңге чукул тоо теке бар, учурда алардын саны азайып баратат.

Мыйзамга ылайык уруксатсыз атылган кулжага 1 млн. сом, тоо текеге 55 миң сомго чейин айып пул салынат. Аңчылык кылуу маалы кеч күздөн башталып, кыштын этегине чейин кызыйт. Мыйзам тыюу салганына карабастан, аска-зоолордо үшүгөнүнө карабай күндөп-түндөп кийик аңдып жүргөн мындан көп.

Мамлекеттик коруктагы мыйзамсыз аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG