Машине сүзгөн үйгө кенемте төлөнбөйт
Нарын шаарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдүн дубалын сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Бул окуя кан жолдун жээгинде жайгашкан турак үйлөрдүн коопсуздугун жана камсыздандыруу маселесин көтөрдү. Кыш чилдеси күчүндө турганда үйүнүн жарымы кулап калган шаар тургуну ушул тапта кай жерге барып баш калкаларын билбей баш катып турган чагы.