Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Дары ташыган компанияга ак халатчандар болушууда


World Medicine фирмасы Кыргызстанга бир катар дарыларды, анын ичинде жүрөк оорулар колдончу “Кокарнит" дарысын ташыйт.
World Medicine фирмасы Кыргызстанга бир катар дарыларды, анын ичинде жүрөк оорулар колдончу “Кокарнит" дарысын ташыйт.

Кыргызстанда ооруканаларды бир катар дарылар менен камсыздаган World Medicine компаниясы эч жерде катталган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Ширин Айтматова АКШ элчилигинин 7-июлда берген маалыматына таянып айтып чыкты.

Депутат ушул эле компаниянын түгөйү Rotapharm фирмасынын да Кыргызстанга ташып келген дарылары шектүү экендигин билдирип келүүдө. Бул талаш-тартыш ишкана менен депутаттын соттук териштирүүсүнө чейин жеткен.

АКШдан келген маалымат

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова АКШ элчилигине кайрылып, Америкада катталды деген World Medicine фирмасы тууралуу маалымат сураган. АКШнын тиешелүү органдары текшере келгенде ал компания жок болуп чыккан жана интернетте көрсөтүлгөн дареги жалган экендиги далилденген. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Жим Морристин депутатка жооп катында көрсөтүлгөн. World Medicine фирмасы Кыргызстанга бир катар дарыларды, анын ичинде жүрөк оорулар колдончу “Кокарнит" дарысын ташыйт. Ширин Айтматова буларга токтолду:

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

- АКШнын Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде (FDA) бардык дары-дармек менен иштеген компаниялардын тизмеси бар. Бирок алардын катарында World Medicine компаниясы жок болуп чыкты. Ал эми компаниянын интернеттеги дарегине болсо ал АКШда ачылган, бара-бара трансулуттук компанияга айланган деп жазып алышкан.

Депутаттын айтымында, ушул эле компаниянын түгөйү, бөйрөк жана рак илдетине кабылгандар колдончу дарылар менен камсыздаган Rotapharm фирмасынын дарылары да шектүү. Аталган фирма Кыргызстанда гемодиализ аппаратында жаткандарга мамлекет эсебинен берилүүчү “Репретин” препараты менен камсыздайт. Бирок ал дарынын сапаты дарыгерлер арасында шек туудурган. Буга чейин Британиядагы “Гардиан” гезити да эл аралык Rotapharm компаниясы Кыргызстанды сапатсыз дары-дармек менен камсыздап жатканын жазган болчу. Депутат Ширин Айтматова мындай дейт.

- World Medicine менен Rotapharm бул бир эле компания, кожоюндары да бир. Rotapharm өзүн англиялык компания катары көрсөткөнү менен Англиянын кайсы бир кыштагында бир бөлмөлүү гана кеңсеси бар. Ушул фирмалар Кыргызстандагы ооруканаларды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн көпчүлүк тендерлерден утуп алышууда. Мен бирөө - жарымды үстүртөн айыптагандан алысмын. Бирок бул компаниялар бийликтин жогорку тепкичинен калканч тапкан.

Депутаттын маалыматтары жалганбы?

Rotapharm былтыр депутат Ширин Айтматованы фирманын атына көө жапты деп сотко берген. Ар кайсы деңгээлде уланган соттук иштер негизинен Rotapharmдын пайдасына чечим чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо боюнча департаменттин башчысы Рустам Курманов Айтматованын маалыматтары чындыкка коошпойт деген пикирде:

- Айрым эксперттер депутатыбызга туура эмес маалыматтарды берип, адаштырып жатат окшойт. Ал “Кокарнит” деген дары жөнүндө айтып жатпайбы. Бул дары Египетте жасалат. World Medicine болгону заказ берүүчү жана ал дарыны сатууга гана уруксаты бар. Ал эми дары өзү Египетте жасалат.

Дарыкана.
Дарыкана.

Курманов Кыргызстанга келген ар бир дарынын сапаты текшерилет, шектүү дарылар алынбайт деп ишендирүүдө. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, ооруканалар тендерде ылайыктуу бааны жана жакшы шартты сунуштаган фирманын дарысын сатып алууда. Ал эми Rotapharmмдын айланасындагы сөздөр жана окуялар ири дары-дармек ташыган эл аралык фирмалар ортосундагы атаандаштык.

- Rotapharm фирмасынын дарыларын ооруканалар өздөрү тендер өткөрүп, баалары ылайык келсе алып жатат. Эгер бул фирманын мыйзамсыз иштери боло турган болсо, дарыны соода рыногуна текшерүүчү органдар жолотмок эмес да. Бирок бул фирма канча бир жылдан бери жакшы иштеп келе жатат. Менимче, бул фармацевтикалык фирмалардын ортосундагы эле жүрүп жаткан оюндар.

Депутат Ширин Айтматованын оюнча, укук коргоо органдары шектүү дары-дармектер боюнча жогорудагы фактыларга көз жуумп келсе, соттор аларды колдоп жатат. Депутат Rotapharm, World Medicine фирмалары өздөрү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Дары-дармек менен камсыздоо боюнча департамент иш-аракети күмөн жараткан аталган фирмалар боюнча коомчулукка түшүндүрмө бериши керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG