Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Дары бизнеси кимдерди маарыткан?


Расмий маалымат боюнча сырттан дары ташып келүү боюнча Кыргызстанда үч жүздөй компания каттоодон өткөн.
Расмий маалымат боюнча сырттан дары ташып келүү боюнча Кыргызстанда үч жүздөй компания каттоодон өткөн.

Жогорку Кеңештеги депутаттык жумушчу топ дары-дармек менен камсыз кылуу тармагындагы ири коррупциялык схемаларды аныктап чыкты.

Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментине “ири фармацевтикалык компаниялар менен коюн-колтук алышып, алардын кызыкчылыгын коргоп келген, мунун айынан дарыканалар сапатсыз дары-дармекке толгон, өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тарткан” деген айып тагылды. Аталган департамент дооматтардын негизсиз экенин айтууда.

“Кожо көрсүн” саясаты

Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти буга чейин деле далай жолу текшерүүдөн өткөн экен. Жогорку Кеңештеги депутаттык жумушчу топтун башчысы, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев ал текшерүүлөрдө коррупциялык схемалар ачыкка чыкпай келген келгенинин себебин минтип түшүндүрдү:

- Биринчиден, булар баарын мыйзамдаштырып, жолго салып алышкан. Экинчиден, текшерип барган адамдар, алчусун алып, департаментке керектүү тыянакты чыгарып берип турган. Мунун себеби түшүнүктүү да. Себеби, кирген ар бир дарыны каттоо үчүн 500 доллардан 1,5 миң долларды мыйзамдуу алса болот. “Мамлекеттин казынасына түшүргөндөн көрө өз чөнтөгүбүзгө түшүргөн ыңгайлуу экен” деген шартка жетип калышкан. Фармбизнес өтө кирешелүү болуп жатпайбы. Бажы аркылуу кирген дарылардын баасы – 10 миллиард сомдон ашууда. Ал эми дарыканадагы жүгүртмөнү ала турган болсок, 20-25 миллиард сомду түзөт.

Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялар элди арзан дары менен камсыз кылат деген шарт менен 2003-жылы бардык бажы төлөмдөрдөн жана кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотулган. Былтыр талаш-тартыш талкуу башталып, бул төлөмдөр кайра кирген. Депутат Балтабаев бирок мындан майнап деле чыкпай калганына токтолду:

- 10 жылдан бери төлөмдөрдөн 100 пайыз бошонуп келген да. Анан алар мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу менен салыктан, бажы төлөмүнөн бошотулган дарылардын тизмеси боюнча токтом кабыл алышытыр. Ошол тизмени карасак, Кыргызстанга кирген дарылардын 94 пайызы салык, бажы төлөмдөрдөн бошоптур. “Кожо көрсүн” деген саясат менен элге жарыялап койгон. “Депутаттар маселе коюп атат, тополоң болуп атат, ушундан улам оңдодук”,- деген менен мурункудан айырмасы жок экен. Натыйжада, мындай төлөмдөрдөн 67 миллион сомдук дарыны бошотуп коюшуптур. Бул жерде министрликте, парламентте отурган адамдардын жеке кызыкчылыктары бар. Алар бир күн болбосо, бир күн тоюшу керек да!


Министрдин тизмесиндеги маселе

Саламаттыкты сактоо министринин атайын буйругу менен түзүлгөн дары-дармектин тизмеси боюнча да маселе чыккан. Жобого ылайык, бул тизмеге өтө зарыл, чанда кездешчү дартка даба, ошондой эле андай дарыларды чыгарган компания катталгысы келбеген учурда атайын тизме түзүлөт. Бул тизмеге ылайык, бир катар жеңилдиктер берилет. Депутаттык жумушчу топ бул тизмеге фармацевтикалык компаниялардын сунушу менен өтө деле зарыл эмес, дарыканада кеңири сатылган 2 миңдей дары кирип калганын аныктап чыккан.
Кыргызстанда сатылган дарылардын дээрлик баары сырттан келет.
Кыргызстанда сатылган дарылардын дээрлик баары сырттан келет.


Иликтөөдө дарылардын сапатында да маселе бар экени аныкталган. Кыргызстанга кирген 27 миң аталыштагы дарынын 5 миңдейи гана лабораториядан текшерилгени аныкталган. Калганына болсо кагазын карап туруп эле сертификат берилген.

Депутаттык жумушчу топ үч айда иликтеп чогулткан фактылардын негизинде сунуш даярдап, өкмөткө берди жана мүчүлүштүктөрдү жоюуга бир ай мөөнөт чектеди.

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчисинин орун басары Жаңыл Жусупова коррупция мыйзамдаштырылган деген дооматты жокко чыгарууда. Анын маалыматы боюнча былтыр баасы 23 миллион сомго жакын 34 миңден ашуун аталыштагы дары сертификат алган:

- Лабораториялык тестирлөөдөн анын теңине жакыны, 14 миңдей аталыштагы дары өткөн. Бизде сертификат берүү эки багытта жүрөт: биринчиси - лабораториялык тесттен өткөрүлөт, экинчиси - дары чыккан заводдон түз алынып келген дарылардын ошол жактагы сертификатын тастыктап, таанып беребиз. Бизде жылдан жылга дарыларды түз заводдон ташып келүү көбөйүп жатат. Биздин фирмаларга ушул ыңгайлуу болууда. Анткени сертификат алуу машакаты азаят. Ошол заводдон алынган сертификаттын негизинде биз ал дарыларды лабораториялык тестирлөөдөн өткөрбөй эле тастыктама сертификат беребиз.


Жаңыл Жусупова 27 миң аталаштагы дарынын 5 миңи гана лабораториядан текшерүүдөн өткөн деген дооматты да жокко чыгарууда. Анын түшүндүрмөсүнө ылайык, 5 миңдей аталыштагы дары-дармекти Департаментке караштуу лаборатория текшерип берген. Калгандарын болсо менчик эки лаборатория аныктаган. Бирок быйылтан баштап бул эки лаборатория түшүнүксүз себептерден улам жабылып калганы маалым болду.

Жаңыл Жусуповага министрдин буйругу менен түзүлчү дарылар тизмеси боюнча да суроо салдык:

- Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дарылардын тизмесин 1999-жылдан тарта түзө баштаган. Андан кийин жылдан жылга дары чыгарган компаниялардын каттоого туруусу көбөйө баштады. Алгач КМШ эмес, чет өлкөлүк компаниялар каттала баштады. Бирок тизме зарыл болчу. Былтыр жайында министрдин буйругу менен мындай тизме түзүү токтотулган. Анда да депутаттар, дагы башкалар бул эмне болгон тизме, кандай зарылдыгы бар деп наалып, талаш-талкуу башталган эле. Бирок токтотулгандан берки жарым жыл ичинде аябай көп арыз түштү. Ошол тизмеге кирген кээ бир дарыларды мисалы ооруканалар гана алчу. Министрлик андан кийин баарыбир мындай тизме керек экен деп чечти. Ушул жылдын башынан бери кайра жанданды. Бирок эми ал тизмени түзүү жобосу өзгөрдү, мисалы эми аны министр эмес, комиссия аныктайт. Мурунку жобо башкача эле.


Ири компаниялардын артында аткаминерлер турабы?

Расмий маалымат боюнча сырттан дары ташып келүү боюнча Кыргызстанда үч жүздөй компания каттоодон өткөн. Бирок азыр иш жүзүндө 15-20 чактысы гана үзгүлтүксүз иштейт экен. Депутаттык жумушчу топ ошол компаниялардын ичинен үч негизгисин, ирдүүсүн аныктап чыкты: алар “Неман-Фарм”, “Эляй” жана “Фарма трейд”. Маалымат боюнча бул компаниялар алып келген товар жалпы дары-дармектин 37 пайызын түзөт. Жумушчу топ бул компаниялардын артында дары бизнесине таасир эте алган өкмөт мүчөлөрү, бийликтеги партиянын депутаттары турат деп билдиришүүдө.

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.
Эң ири “Неман-Фарм” компаниясынын негиздөөчүсү, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев. Ал дары базарындагы мыйзамсыз иштерге барып жатат деген дооматты четке какты:

- Менин декларациямда “Неман-Фармды” курган деп ачык эле жазылып турбайбы. Аны эч кимден жашырган жокмун да. Компаниянын иштеп жатканына 20 жылдан ашты. Салыктарын төлөйт. Пенсионерлерге 5 пайыз жеңилдик кылып берет. Мамлекеттик ооруканалар менен 4-5 эле пайыз иштейт. Калган 90дон ашык пайыз дары аптекаларда сатылат. Бул системаны элдин баары билет. Ал компанияда мен иштебейм. Аялым негиздөөчү болуп отурат. Муну деле эч кимден жаап-жашырган жокпуз. Компанияны башкарган менеджмент иштейт.


Эрнис Асанов фармацевтикалык бирикменин мүчөсү, анын дары-дармек ташып саткан орточо компаниясы бар. Асанов бул талашта Дары-дармек департаментинин таламын талашууда:

- Бүгүнкү күндө департамент ачык эле иштеп жатат. Мен мисалы канча жолу каттоого барам, дарыларды киргизгенге маалымдамаларды алам, бирөөсүнө да бир тыйын берип көрө элекмин. Эсебин ачык-айкын жазып берет ошол боюнча эле төлөйбүз. Азыр эми департамент боюнча чуу көтөргөндөрдүн эмне ою бар экени түшүнүксүз. Иштеп жаткан нерсени бүлүндүрүш оңой. Аны тескерисинче өнүктүрүп, андан ары да жакшыртуунун жолдорун сунуштоо кыйыныраак окшойт. Баары тең эле баса калып текшерип, ар ким оюна келгенин айтып, дарынын ордуна чай ичиш керек, суу ичиш керек деген эми болбогон кеп.


Соңку учурда Кыргызстанда дары-дармек баасы көтөрүлдү. Эрнис Асанов нарктын жогорулашынын себептерин, баа саясатына таасир эткен шарттарды атады. Ошондой эле дарыларга кошумча нарк салыгы кирсе кесепети тиет деп эскертти:

- Дары-дармектин баарын эле чет жактан импорт менен алып келебиз. Азыр доллардын баасы жогорулап, дарылар ошого жараша кымбаттады. Дарыга ашып кетсе 15-20 пайыз эле баа кошулат. Аны дарыканага же ооруканаларга жеткирүү керек, иштегендердин айлыгын да бар. Ушундан улам көп эле компаниялардын кирешеси 5-7 пайыздын эле тегереги болуп калды. Кошумча нарк салыгы бар. Келген дарылардын 90 пайызы контрабанда. Ушундай эле абал бизде 2000-жылы болгон. Эми бизге кайра киргизсе мурдагы эле таз кейпибизге түшөбүз.


Дары-дармек саясаты жолго салынабы?

Бирок айрым адистер дары-дармек саясаты башаламан болуп келгенин, чукул чаралар көрүлүшү зарылдыгын белгилешет. Психикалык саламаттык үчүн бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева соңку жагдайга байланыштуу аткаминерлерди күнөөлөдү жана негизги кемчиликтерди атады:

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.
- Кыргызстанга келген дарылардын 67 пайызынын сапаты күмөн экенин эл аралык эксперттер да далилдеди. Бул деген коомчулукка, элдин ден соолугуна чоң коркунуч туудурууда. Ушундай абалга кептеген жетекчилер өз эрки менен жумуштан кетиши керек. Бул тармакты башка кишилер келип оңдошу зарыл. Ушундай абалды түзгөн адамдардын эле кайра “биз оңдоп атабыз, жакшы жасайбыз” дегенин кандай түшүнсө болот? Биринчи эле маселе - бул мыйзамдар, ал жерде коррупцияга кеңири жол ачылган. Экинчиден, бири-бирин тескеген функциялардын баарын бир колго топтоп алышкан. Ошол департамент уруксат берген, кайра эле өздөрүн өздөрү көзөмөлдөгөн. Көзөмөл жасаган инспециялар өзүнчө болушу керек. Үчүнчүдөн, дарыгерлер өздөрүнүн этикалык нормаларын унутуп калган. Алардын баары дары бизнесине аралашып кеткен. Оорулууга дары жазып берген адам ошол дары бизнестен пайда көрбөшү керек. Муну тыюу абзел.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева дары-дармек тармагындагы маселелер боюнча бийлик жетекчилерине бир канча жолу кайрылган экен. Бирок эмдигиче жооп жоктугун айтууда. Анын жүйөөсүнө ылайык, 300 аталыштагы негизги, тастыкталган дары-дармекке гана урусакт берилип, калган сапаты күмөн санаткан дарыларга тыюу салынышы зарыл:

- Борбор Азиядагы дары-дармек боюнча мафиянын чордону Кыргызстанда. Анын башында бир топ компаниялар турат. Алар ар кандай конференцияларды уюштуруп, анан ал жакка биздин аттуу-баштуу профессорлорубузду чакырып жатышат. Алар болсо “алкымдын” айынан ошол шектүү компанияларды колдошууда. Анткени сатылган дары-дармектин проценттерин, бонустарын дарыгерлер да, ошолорду колдоп берип баш-көз болуп жаткан профессорлор да алат. Бонустардын суммалары аябай эле чоң. Азыр элдин тагдырын ойлогон киши жок. Мисалы, чет өлкөдө дарыгер үч дарыны жазып берип койсо, эмне себептен деп текшерет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму баш-аягы 300 эле дарыга уруксат берген. Бизде сатылып жаткан көп дары-дармектин далилдик базасы жок.


Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек саясатын иретке салганга аракет көрө баштады. Мисалы, министрликте былтыр күзүндө атайын бөлүм ачылган. Бөлүмдүн башкы адиси Салтанат Молдоисаеванын билдиришинче, ушул тушта программа даярдалып, ириде коррупцияга жол берген мыйзамдарды оңдоо каралып жатат. Ошондой эле сынга кабылган Дары-дармек департаментинин өзүн да кайра түзүү боюнча сунуштар камдалмакчы:

- Азыр биз өкмөткө сунуш даярдадык. Жумушчу топтор иштеп жатат. Депутат Ташполот Балтабаев бул маселени айта электе эле былтыр Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттин дары-дармек саясаты деген чоң программаны иштеп чыккан. Азыр ал өкмөттүн кароосунда жатат. Ал программада болгон кемчиликтердин баарын оңдойбуз деп жазганбыз. Андан сырткары биз Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешине өзүбүз кайрылып, бизге жардам бергиле, силер менен иштегенге даярбыз деп айткан элек. Алар дары-дармекке байланыштуу мыйзамдардагы коррупцияга жол ачкан жылчыктардын баарын аныктап берди.

"Өзүн өзү билемдик"

Дары-дармек менен камсыздоо департаменти 1997-жылы түзүлгөн экен. Депутат Ташполот Балтабаев анын ишиндеги коррупциялык жагдайларга токтолду:

Ташполот Балтабаев.
Ташполот Балтабаев.
- Ошол 1997-жылы түзүлгөндө эле өздөрү тапкан акчаны өздөрү каалагандай коротот деп жазып алышкан экен. Бул деген коррупциялык амал. Департаментте 72 кишиге штат бар экен. Андан сырткары жылына 35-40 адамды келишим менен жумушка алышат экен. Бир жылдан кийин аларды кетирип, дагы ушунча адамды алат экен. Ушул 40тай адамга эле жылына айлыкка деп 10 миллион сом жумшалат. Департаменттин өзүндө жалпысынан жылына 40 миллиондой сом айлык акыга кетет. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинде маянага 12 миллион эле сом коройт экен. Министрлик өзүнүн алдындагы департаменттен үч-төрт эсе аз алат экен. Анан дагы бир кызык жагдай: министрлик жылына департаментке кат менен “менин унаама май куюп кой, мени иш-сапарымды төлөп кой, менин коногумду тосуп кой” деп кайрылып, чыгымдарын төлөтөт экен, түшкөн акчаны тим эле атасынан калган байлыктай колдонушуп. Бул деген мамлекеттин эсебинен түшүп жаткан акча да. Бул деген мамлекеттик кызмат деп аталат.

Дары-дармек департаменти чоң айлык коюп алган, каражатты өзү каалагандай жумшаган деген дооматка макул эмес. Департаменттин жетекчисинин орун басары Жаңыл Жунусова дары-дармек саясатын жүргүзүп жөнгө салуу көп чыгымды талап кыларын айтып, өздөрү тапкан каражатты өздөрүнө ылайык жумшоо ыкмасын коргоп жатат:

- Эгер бизди азыр бюджетке отургузуп туруп, биздин акчаларыбыздын баарын алып алса, биз анда артка кетебиз. Бизден лабораторияны, дагы башка структураларды бөлүп салса болбойт. Департаментте сөзсүз лаборатория болушу керек. Лицензия бере турган, каттаган инспекциялардын баары өзүндө болушу керек. Анткени мунун баары бири-бири менен байланышкан, бири-бири менен маалымат алмашып чогуу-чаран иштейт. Эгерде бизди бөлүп-жарып салса, анда артка кетебиз. Түзүлгөн системанын баары талкаланат.

Өкмөт дары-дармек саясаты боюнча качан, кандай чечим кабыл алары, алешемдиктерди оңдоо иштери качан башталары азырынча белгисиз. Дары-дармек сатуу - Кыргызстанда кирешелүү бизнес. Башкасын айтпаганда да, Кыргызстанда Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан жарнаманын басымдуу бөлүгүн дары-дармек түзөт.
XS
SM
MD
LG