Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Жумгалда почтаны тоногондор изделүүдө


 Чаек айылындагы почта
Чаек айылындагы почта

19-январда Жумгал районунун Чаек айылындагы почтадан 400 миң сомго чукул акчаны белгисиз адамдар уурдап кетишти. Беткапчан адамдар түн жамынып келип, почтанын күзөтчүсүнүн колу-бутун байлап ичкери киришип акчаны алып кетишкен.

Бул окуяга почтанын түнкү күзөтчүсүнүн тиешеси бар деген жоромолдор айтылууда. Анткени түн жамынган уурулар почтанын биринчи кабатында жайгашкан пенсиялык бөлүмдүн иш бөлмөсүнүн ачкычын кароолчунун колу-бутун байлап туруп алып кетишкен. Катталган факты боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева мындай деди:

- 18-январдан 19-январга караган түнү болжол менен саат бирлер чамасында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын имаратына беткапчан белгигиз эки адам кирип келген. Ичкериде турган 45 жаштагы почтанын кароолчусун сабап, колу-бутун байлап, почтадан 380 миң сом алып кетишкен.

Милициянын маалыматы боюнча, беткапчан кишилер 380 миң сом салынган темир сейфти ачпастан эле көтөрүп кетишкен. Андан сырткары акча сактоочу башка сейфти да ачууга аракет кылышкан. Темир кескичтин алы келбеген соң качып кетүүгө аргасыз болушкан.

Таяк жеген почтанын кароолчусу учурда Жумгал райондук ооруканада. Бул тууралуу Жумгал райондук почтанын жетекчиси Нургүл Исмаилова билдирди:

- Ал байке учурда ооруканада дарыланып жатат. Почтанын короосунда атайын жүк алып келчү дарбазабыз бар. Акча да ошол жактан кирет. Кароолчунун бөлмөсү да ошол тарапта. Анан айтып жаткан дарбазадан секирип киришкен экен. Кароолчу чыкканда эле аны темир менен башка чаап, сабап туруп колу-бутун таңып коюшуптур. Учурда райондук ички иштер бөлүмү иштеп атат. Мага эч бир маалымат айтышкан жок. Суракка барып жооп берип атабыз.

Почталардын коопсуздук маселеси толугу менен колго алынган дейт "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Неймат Мавлянов. Ал Жумгал райондук почта бөлүмүнө кирген ууруларды күзөтчүнүн тааныштары болушу мүмкүн деген күдүк ойлору бар экенин жашырган жок.

- Акча турган имаратты кайтарган кишиге курал каралган. Жумгалдагы почтанын күзөтчүсүнүн жанында курал болушу керек. Бул жерде уюшулган нерсе болуп кетти окшойт да. Балким күзөтчүнүн тааныштары болуп, мурда сүйлөшүп алышкан. Эми мунун баарын азыр тийиштүү орган кызматкерлери териштирип атат. Биз тергөө менен тыгыз иштешип атабыз. Бардыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен маалым болот.

2015-жылы Ак-Талаа райондук почта бөлүмүндө да почта кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгон. 1 млн сомдон ашык өлчөмдөгү пенсиясын банктан почтага алып бараткан Ак-Талаа райондук почта кызматкерлерине чак түштө белгисиз адамдар курал кезеп, акчаны берүүнү талап кылган. Почта коштоочулары каршылык көрсөткөндө куралчан адамдар ок аткан. Натыйжада почта кызматкери бутунан жараат алып, бирок акчаны берген эмес.

"Кыргыз почтасынын" филиалдарына мындай кол салуу акыркы жылы үч ирет катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG