Жылдан-жылга жүргүнчүлөр агымы көбөйүп, Оштун аба дарбазасы да тейлөө жагынан өлкөдө негизги милдетти аркалап келе жатат.
Бирок Ош аба майданындагы тейлөөнүн сапатына жана коопсуздук чараларына сын-пикирлер арбын.
Ош аба майданынын мүмкүнчүлүгү көп
Ош аба майданы быйыл жыл башынан бери 9 миңдей каттамды тейлеген. Бул эл аралык "Манас" аба майданынын көрсөткүчүнөн көп айырмаланбайт. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2015-жылы "Манас" аба майданы аркылуу каттаган жүргүнчүлөрдүн саны 1,5 миллиондон ашса, Ош аба майданыныкы да ага жакындап калды.
Жарандык авиация агенттигинин башчысы Эрмек Өмүралиев “Азаттыктагы” маегинде билдиргендей, Ош аба майданынын дарамети келечекте 3 миллион адамды тейлегенге жетет.
- Өлкө түштүгүндөгү элдин санын эске алганда Ош аэропортунун келечеги өтө чоң. Келечекте Ош аба майданы бир жылда 3 миллион жүргүнчүнү тейлегенге чейин жетебиз деген каалоолорун айтып атат. Эгер чечкиндүү аракеттер болсо, ал ишке ашат. Бул реалдуу.
Ош аба бекети аркылуу Кыргызстандын гана эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары Орусия, Түркия жана башка мамлекеттерге учушат. Бул жагынан да аба майдандын аймактагы орду чоң.
Анткен менен Ош аба майданынын тейлөө сапаты, коопсуздук чаралары тууралуу сын-пикирлер арбын. Маселен, 2014-жылдын этегинде чак түштө Ош аба майданында ири суммадагы акча каракталган. Беттерин чүмкөп алган, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген куралчан беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдардын акчасын тоноп кеткен. Акчанын суммасы кийинчерээк 13 миллион доллар деген маалымат чыккан. Бул сыяктуу карактоолор ага чейин да орун алган.
Ошондой эле ажатканалар жүргүнчүлөрдүн дээрлик баарын канааттандырбайт экен. Буга нааразы болгондордун бири Нилюфар Дадабаева даараткананын талапка жооп бербегенине даттанды:
- Ош аэропортунун күтүү залы дайыма жыттанып турат. Ажаткана бир айда бир жолу гана тазаланат окшойт. Качан кирсең кагаз челектери толгон, полу ылай, раковина, унитаздары кир. Азыр тазалоочу заманбап порошоктор чыгып калган, ошолорду пайдаланбайбы.
Жаңыланып жаткан аба майдан
Учурда Ош аба майданында бир катар оңдоо иштери жүрүп жатат. Короосу тосулуп, кошумча өткөрүү бекеттери курулууда. Түштүк аба майдандын жетекчиси Талант Исаков мекеменин кирешелери, курулуштарга жумшалган каражаттар тууралуу маалыматтарды Эсеп палатасына гана берерин айтып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кошумчалады.
- Реконструкция болуп жатат. Жаңылыктарды киргизип жатабыз. Анын баарын өзүңөр көрүп атасыңар. Коопсуздук чараларын күчөтүүдөбүз. Аэропортко келген адам коопсуз жайда отуруп,учуп кеткенге жакшы шарттар бара-бара түзүлүүдө. Буга кеткен каражаттардын отчетун Эсеп палатасы сурап алат. Ким өз милдетин аткарса, ал өз ордунда иштеп жатат. Эч кимди кууган жокпуз.
Талант Исаков ажаткана боюнча айтылган сын-пикирлерди чындыкка коошпойт деп, четке какты.
Аба бекетинде эни 500 метр, узундугу 3 чакырым болгон жалгыз учуу тилкеси бар. Былтыр 22-ноябрдын таңында кыргызстандык “Авиа Трафик” компаниясына таандык "Боинг-737" учагы конуп жаткан учурда тилкеден чыгып кетип, кырсыкка учураган. Бул сыяктуу кырсык мурда да катталгандыктан учуу тилкесин узартуу жана жакшыртуу зарылчылыгы айтылган.
Коррупция болбогондо...
Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда Ош аба майданын оңдоо үчүн Жапониядан 50 миллион доллар насыя алынган. Азыр бул каражаттын тең жарымы төлөнүп бүтүп калды. Бирок аба майданды ичинен билген адис Керим Макеев анда инфраструктура жакшырбай жатканын айтып, муну мекемедеги коррупция менен байланыштырды:
- Эсиңерде болсо Ош аэропорту бир миллионунчу жүргүнчүнү аныкташкан. Демек, бир жылда 10 доллардан алынганда эле Ош аэропортуна 10 миллион доллар топтолду да. Ошол акчага жаңы аэровокзал куруп койсо болмок. Андай болгон жок. Ал акчалардын отчёту да белгисиз.
Ош аба майданынын карамагында киреше берүүчү бир нече коммерциялык ишканалар бар. Анын катарында украиналык делген ITI компаниясы Ош аба майданынын эки гектардай жерине бир нече жүк ташуучу учагын сактап турат. Алардын кандай шартта Ош аба майданында турганы боюнча маалымат жок.
Ош эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат.