"Азаттык": Сиздин ысымыңыз жакында "Кыргызалтындын" бир кездеги жетекчиси Дастан Сарыгуловдун камакка алынышына байланыштуу жаңылыктарда такай айтылып жатты. Аларга ишенсек, сиздин кыргыз бийликтерине жазган катыңыз Сарыгуловдун камалышына негиз болуптур. Ушуга макулсузбу?
Хоменюк: Мен да андай жаңылыктарды көрүп таң калдым. Түшүндүрө кетсем, 2014-жылдын декабрь айында тергөө иштери башталганын угар замат, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен "Центеррага" кайрылып, кандай суроолор болсо да кызматташууга даярмын деп билдиргем. Андан бери кыргызстандык тергөөчүлөрдүн далай суроосуна жооп берип, далай кат алыштым.
Быйыл июнь айында Башкы прокуратурадан кат жазып, бардык ойлорум менен жоопторумду топтоп берүүмдү суранышкан. Баарынан да мен Кумтөрдө жетекчилик кылып турганда, "Кыргызалтындын" экс-жетекчилери Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергеновдун өтүнүчү боюнча кимге, кайсыл тарапка канча акча берилгенине кызыгышкан. Мен баарын болгондой жазып бердим.
Менин катымда жазылгандар кантип, кайсыл бир кишинин камакка алынышына себеп боло аларын түшүнбөйм. Ал жерде андайга себеп болчу маалымат, же факты жок.
Мен деле таң калып калдым, ушул жолку катым коомчулукка жарыяланып ачыкка чыгып кеткенине. Ага ким кызыкдар болуп, ким маалымат каражаттарына бергенин айта албайм.
Былтыр Кыргызстандын талабы боюнча Болгарияда камакта отуруп чыкканымды эске алып, мен кыргыз бийликтерин Сарыгуловду камоого кандай себеп болгон күндө да адамгерчиликти алдыга коюп, анын конституциялык укуктарын сыйлап, саламаттыгын эске алууга үндөй кетет элем.
"Азаттык": Сиздин катыңызда жазылгандай, "Кыргызалтындын" жетекчилери улам ар кандай иш-чараларга акча сурап, кээде 200 миң доллардан ашык сумма берилчү беле? Алар экс-президент Акаевдин администрациясы сурап атат деп түшүндүрчү беле?
Хоменюк: Катты толугу менен окуп чыксаңыз, бизге ар кандай мамлекеттик уюм-мекемелерден андай өтүнүч каттар көп эле түшчү. Кээде "Кыргызалтын" аркылуу суралчу. Кээде чын эле 200 миң доллардан ашык акча болгон. Биз корпорациянын саясатына жараша, андай өтүнүчтөрдү изилдеп туруп, кээ бирлерин канааттандырып, айрымдарын четке кагууга аргасыз болчубуз. Кээде андай өтүнүчтөрдүн артында президент Акаевдин администрациясы турганы сезилип турчу.
"Азаттык": Ошол кезде "Кыргызалтындын" жетекчиси Дастан Сарыгулов, президент Акаев сизге адам катары кандай таасир калтырышты?
Хоменюк: "Кыргызалтын" биздин негизги өнөктөш катары долбоордун ойдогудай иштеп кетишинде маанилүү ролду ойноп, бизге ар тараптан жардам берип турчу. Ал үчүн тийиштүү каражат төлөнчү. Акаев менен өтө сейрек кезигип калчубуз, анын өтүнүч-каалоолорун Сарыгулов аркылуу билип турчубуз. Ар кандай иш-чаралар боюнча кызматташууну суранып калышчу, кээде биз көзөмөлдөй албай турган айрым маданий иш-чараларга акча бере албайбыз десек Сарыгулов аны деле түшүнүү менен кабыл алчу.
"Азаттык": Кээ бир байкоочулар эмнеге сиз катты мурдараак эмес, азыр жөнөттүңүз, Сарыгулов оппозициячы болуп калганда саясий максатта жазылган жокпу деген суроо коюп атышат.
Хоменюк: Мен башында айткандай, бул кат мен кыргыз бийликтерине жөнөткөн алгачкы кат эмес. Мен кыргызстандык прокурорлор, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип кат жөнөтүп атканыма далай убакыт болду.
Мен жеке өзүм "Кумтөрдө" жетекчи болуп турганда кол коюлган 2003-2004-жылкы келишим, башка документтер боюнча тергөө адилеттүү жүрүп, туура чечим кабыл алынышына, мага каршы кылмыш иши жабылышына кызыкдармын.
Мен деле таң калып калдым, ушул жолку катым коомчулукка жарыяланып ачыкка чыгып кеткенине. Ага ким кызыкдар болуп, ким маалымат каражаттарына бергенин айта албайм. Мен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип, коомдук талкууларга аралашкым келбейт. Ал кыргыз жарандарынын иши. Мен болгону Кумтөрдүн тегерегиндеги иштердин баарын жакшы билген адам катары тергөө калыс жүрүшүнө кызыкдар болгон үчүн бардык суроолорго жооп берип, кыргыз бийликтери менен керектүү маалыматты бөлүшүүгө даярмын.
"Азаттык": Кээде андай акча өкмөттүн же элдин кызыкчылыгына жумшалбай калгандай таасир калчу беле? Кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кеткендей...
Хоменюк: Мага андай суроону да беришти. Биз эми чет элдик инвестор компания катары Кыргызстандын өкмөттүк мекемелерине, ошол эле "Кыргызалтынга" берилген акча каражат андан ары кандай сарпталганын көзөмөлдөй албайбыз деп жооп бердим. Мен андай маалыматтын анык-чынын билбесем да, теориялык жактан алганда, андай шек санаткан учурлар болушу мүмкүн. Бул менин жеке пикирим.
"Азаттык": Кыргыз президенти жакында Кумтөр алтын кени боюнча 2003, 2004, 2009-жылкы келишимдерди ар тараптуу иликтеп чыгууну тапшырды. Кыргыз соттору жакында эле Кумтөрдү айлана-чөйрөгө келтирген зыян үчүн 7 миллиард сомдой каражат төлөп берүүгө милдеттендирди. Дагы сот иштери жүрүп атат. Канадалык "Центерра" биз эл аралык сотко кайрылабыз деп кутулууда азырынча. Ушулардын баарын жокко чыгарганга күчү, аргументтери жетеби?
Хоменюк: Бул татаал суроо. Биринчиден, президент Атамбаев Кумтөрдүн тегерегиндеги бардык келишимдерди тыкыр иликтеп чыгууну тапшырганы туура кадам. Көп жылдан бери долбоордун тегерегинде ар кандай кептер токтобой келатат. Жыйынтыгында, Кумтөрдүн өзүндөгү маанай-жагдайга, Кыргызстандын чет элдик инвестиция тартуу маселесине, "Центерра" жана анын келечегине зыян келтирилип атат. Туура чечим чыгарылса, андан баары утмак. Иликтөө бейтарап, ачык-айкын, реалдуу фактыларга негизделиши керек.
Мен болгону Кумтөрдүн тегерегиндеги иштердин баарын жакшы билген адам катары тергөө калыс жүрүшүнө кызыкдар болгон үчүн бардык суроолорго жооп берип, кыргыз бийликтери менен керектүү маалыматты бөлүшүүгө даярмын.
Келишимдер кайра каралып, тараптар кайрадан сүйлөшүү жүргүзгөнү табигый көрүнүш. Алгачкы келишимдеги көрсөткүчтөр өзгөрүп атпайбы, мисалы Кумтөрдө алтындын запасы башында ойлогондон көп болуп чыкты. "Центерранын" Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок.
Экологиялык зыянга келсек, Кыргызстан кожоюн өлкө катары жараталышка зыян келтирилбешине катуу көзөмөл кылууга ар качан кызыкдар болушу керек. Иштеп аткан чет элдик компания жергиликтүү мыйзамдарды сыйлап, аларга баш ийүүгө милдеттүү. Албетте, "Центерра" эл аралык сотко берип талашып-тартышканга укугу бар, бирок жалпы ишке андан зыяндан башка пайда болбойт. Андан көрө бир үстөлгө отуруп, эки тарап ортодогу талашты ич ара чечкени жакшы.
"Азаттык": Кумтөрдө Кыргызстандын бийликтери менен кызматташтыкты жөнгө салууга, туура мамиле-катыш түзүүгө жоопкер адам ким?
Хоменюк: Кайсы бир компания чет өлкөгө барып, ал жердеги табигый байлыкты казып иштеткиси келсе, бардык өкмөттүк мекеме, өкүлдөр менен туура кызматташтык мамиле түзүп, ошол жердин жоопкерчиликтүү "корпоративдик жараны" болууга тийиш. "Камекодо" биз эң жогорку жетекчилер буга абдан жогору маани берип, Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алып, диалогду туруктуу жүргүзүп, туура чечимдерди тапканга аракет кылчубуз. Андай көрүнүш жок жерде окуялар терс жагына бурулат.
"Азаттык": Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик компания башкы жетекчилерине ал өлкөгө барууга тыюу салып атканы нормалдуу көрүнүшпү?
Кээде "Кыргызалтын" аркылуу суралчу. Кээде чын эле 200 миң доллардан ашык акча болгон.
Хоменюк: Бул чын же жалган экенин так айта албайм. Эгер чындык болсо, өтө кабатыр кылчу көрүнүш. Медициналык термин менен айтсак, кризистик кырдаалга жакын десек болоттур. Муну андан ары тереңдетпей эки тарап тең ортодогу проблемаларды чечүүгө аракет кылганы жөндүү болмок.
"Азаттык": "Кыргызалтын" "Центеррадагы" акциялардын башкы ээси катары Директорлор кеңешинин чечимдерине таасир эте албай отурганы кандай? Жакында эле тиги акцияларды сатып алганын кийин уктук, мындай чечим чыгарганын укпаптырбыз деп отурушат.
Хоменюк: Бул өтө татаал суроо. Компания жана анын башкы акция ээси көзмө-көз жолукпаса, инвесторлор аны карап отура бербей, корпорациялык чараларды колдонушу керек. Мындай акыбал кантсе да, жанагы мен айткан критикалык абалдын бирден бир белгиси. "Кыргызалтын" кантсе да, "Центеррадагы" башкы акционерлердин бири, компания кабыл алган чечимдин баары ага да тийиштүү. Бардык жагдайларды тараптар сүйлөшүп чечсе болот деп ишенем.