Атайын кызмат ага “Центерра Голд” компаниясынын мурунку жетекчиси Леонард Хоменюктун көрсөтмөсү негиз болгонун маалымдады.
Хоменюк баш прокурордун суроосуна жооп катары жазган катында “Сарыгулов 1991-1999-жылдары “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын жетектеп турганда ошол кездеги бийликтин атынан ар кандай максатта Кумтөрдөн тынымсыз акча алып турган” деп билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Элдик парламенттин" түзүлүшүн жана анын иш-аракеттерин “Кумтөр” долбоору боюнча козголгон кылмыш иш менен байланыштырып жатат. Өткөн айда бул оппозициялык уюмдун бир катар мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген айып менен камакка алынган эле. Анда Дастан Сарыгуловго да айып тагылып, ал үй камагына калтырылган болчу.
Атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” маалымдашыча, бул ишти тергөөдө “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай ачылды. “Центерра Голд” компаниясынын мурдагы жетекчиси Леонард Хоменюктун көрсөтмөсүнүн негизинде Сарыгулов коррупцияга жол бергени аныкталды. Сулайманов мурунку бийликтин таламдаштары тергөөгө жолтоо кылганын, буга мисалы катары быйылкы жазда өлкөнү олку-солку кылуу аракеттери болгонун айтты:
- Хоменюктун арызы боюнча Дастан Сарыгулов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун директору катары бир топ мыйзамсыз иштерди жасагандыгы боюнча жаңы жагдайлар ачылды. Дастан Сарыгулов 1992-1999-жылдарга чейин “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда кыргыз тараптан куратор болгон. Кылмыш ишти тергөө УКМК бир топ каршылыктарга туш болду. Каршылык кылгандардын арасында мурунку президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары болду. Алар “Кумтөр” долбоорундагы коррупциялык жол-жоболордун, өздөрүнүн коммерциялык кызыкчылыктарынын элге жайылып кетпешине аракет кылышты.
Атайын кызмат “Центерра Голд” компаниясынын мурунку жетекчиси Леонард Хоменюктун баш прокурор Индира Жолдубаеванын суроолоруна жооп берген катын кошо жарыялады. Анда “Кыргызалтындын” мурунку бийликтин тушундагы жетекчилери - Дастан Сарыгулов менен маркум Камчыбек Кудайбердиев жана президенттин администрациясы өңдүү дагы башка мамлекеттик органдар “Кумтөрдөн” ар кандай максатта акча алып турганын айткан. Кээде бир айда 200 миң доллардан ашык акча алган учурлар да болгонун баса белгилеген.
Хоменюк берилген каражаттын мыйзамдуу, өз максатында колдонулушун көзөмөлдөй алышпаганын, мындан улам коррупциялык айла-амалдар менен сол чөнтөккө салынган болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Дастан Сарыгуловдун камалышы жана ага тагылган айып боюнча анын жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек. Кумтөр боюнча чыр чыкканда, талаш-талкуу болгондо “Кыргызалтын” түзүлгөндөн тартып аны он жылдай жетектеген Дастан Сарыгуловдун жоопкерчилиги тууралуу такай эле маселе көтөрүлчү.
Кыргызстан Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Кумтөр адеп иштегенден тартып Кыргызстандын башкаруусунан чыгып кеткен жана ага Сарыгулов себеп болгон:
- 1992-1994-жылдардагы башкы келишимде Жогорку Кеңештин сунушу менен Кумтөрдү башкаруу үчүн, Кыргызстандын көзөмөлүндө болушу үчүн “Кумтөр голд компаниде” тогуз кишиден турган директорлор кеңеши түзүлүшү керек болчу. Анын алтоо кыргыз тараптан болушу керек эле. Аны түзбөй койгонго эки эле киши – Дастан Сарыгулов менен Леонард Хоменюк кол койгон. Мына ушинтип көзөмөл жок болгондон кийин өз билгендерин кыла беришкен. Эми анда канча акча кимге, эмнеге кеткенин айтуу кыйын.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубанычбек Исабеков болсо “Кыргызалтын” дайыма эле “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргоп келген деп эсептейт:
- Кумтөрдөгү фабриканы кабыл алып жатканда ага Дастан Сарыгулов кол койгон. Анда баасы ТЭОдон 165 миллион доллардан ашыкча көтөрүлгөн болчу. Туура эмес эсептелип калыптыр, темир жолдон алыс болуп калыптыр дегендей шылтоолорду айтышкан. Аны Кыргызстан пайызын кошуп туруп төлөп берген. Бул чоң кылмыш болгон. “Кыргызалтын” жактан мыйзам бузуулар болуп келген. Камчыбек Кудайбергеновдун тушунда да миллиондогон доллар Прибалтикага чыгып кетти деп кылмыш иш козгоп, ал каза болгондон кийин токтоп калган. Өз билгендерин кылышчу. Экинчиден, “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргоп, аларга чымын да кондурушчу эмес.
Анткен менен Дастан Сарыгуловдун “Кумтөр” боюнча эми камалышын саясат менен байланыштыргандар да жок эмес. “Элдик парламенттин” мүчөсү Жаркынбек Касымбековдун баамында, саясий куугунтук да болушу ыктымал:
- Ушул жылы 12-апрелде түзүлгөн “Элдик парламент” улам-улам күчөп бараткан саясий жаңжалдардан таптакыр эле алыс болчу. Акаев, Бакиевге байланыштуу, же мурдагы коррупциялык жаңжалдардын кесепеттерин жаап калуу амалдары менен түзүлгөн дегенди уюштуруучуларга байланыштуу маселе болсо керек. Ал эми биз 105 киши мындай көмүскө максаттар дегенге тиешебиз да, кабарыбыз да жок болчу. Ошону менен катар эле бул репрессиялык ыкма да болуп калышы мүмкүн. Мунун баары объективдүү караларына ишенбейм. Балким мунун артында азыркы бийликке каршы чыккан күчтөрдүн баарынын оозун жабуу, коркутуп-үркүтүп, орду ордуна коюу, андан кийин өз максаттарына жетүү амалдары турушу мүмкүн.
Башкы прокуратура ушул жылдын апрель айында “Кумтөрдөн” каражаттардын жана активдердин мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш иш козголгон. Компаниянын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтилген. Ушул айдын башында компаниянын айрым жетекчилерине финансылык операцияларды жасоодо ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, Кыргызстанга зыян алып келген деген айып менен дагы кылмыш иш козгогон.