Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Бийлик Хоменюктун качышына кызыкдарбы?


Кумтөр
Кумтөр

Болгария соту жемкорлукка шектелип Интерпол аркылуу кармалган “Кумтөр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Леонардо Хоменюкту бошотту. Буга Башкы прокуратуранын сот чечимине каршы доо арыз жазбаганы себеп.

Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold компаниясынын мурдагы жетекчиси Леонардо Хоменюк Болгариядагы үй камагынан бошотулуп, АКШга жөнөп кеткенин "Азаттыкка" өзү билдирди. Буга болгар сотунун чечимине каршы Кыргызстандын жогорку инстанцияга доо арыз жазбаганы себеп болгон. (Леонардо Хоменюктун "Азаттыкка" курган маегин бул жерден окуй аласыз - ред.).

7-октябрда Болгариянын Видин аймактык соту Хоменюкту экстрадициялоо боюнча кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Ал 27-июлда колго түшүрүлгөн болчу.

Болгар соту Кыргызстандан жооп күттү

Сот өз чечимин Кыргызстан менен Болгария ортосунда кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү тууралуу келишимдин жоктугу, ошондой эле кыргыз тарап Хоменюктун иши боюнча жетиштүү далилдерди бере албаганы менен негиздеген. Буга карабай болгар соту Кыргызстандын жогорку инстанцияга кайрылышын күтүп, эки ирет Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматкери Алманбет Абдраманов кыргыз тарап кеч болсо да доо арыз жазарын билдирди. Бирок ал убакта Хоменюк эркиндикте жүргөн болот.

- Хоменюкту кайтарып берүү боюнча керектүү документтердин баары болгар сотуна жиберилген. Жемкорлукка айыпталган Хоменюктун иши Башкы прокуратуранын кароосунда. Кылмыш иши кыскарган эмес. Аны камакка алуу чечими сыртынан кабыл алынган.

Леонардо Хоменюк
Леонардо Хоменюк

Хоменюк кыргыз тараптын айыптарын четке кагып, бул ал мурда иштеген компанияны өкмөт менен жаңы келишимге кол коюу үчүн кысым көрсөтүү аракети катары баалаган. Ал Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold компаниясын 2004-2008-жылдар аралыгында башкарган.

“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов Хоменюк Кумтөр алтын кениндеги Кыргызстандын 67 пайыздык үлүшүн 33кө түшүргөн 2003-2004-жылдардагы келишимге кол койгонун эске салып, анын күнөөсү тоодой экенин айтууда.

- Хоменюк убагында кыргыз элине каршы келишимдерди даярдап, ага кол койгон. Кылмыш иши ошонун негизинде козголгон да. Экинчиден, ал "Кумтөр" компаниясын жетектеп турганда көптөгөн экологиялык, техникалык мыйзам бузуулар болгон. Эртеби-кечпи аны эл аралык соттордун жардамы менен жоопко тартышыбыз керек.

Жазасыз калган лөктөр көп

Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде Башкы прокуратура 2013-жылдын 27-февралында ошол кездеги өкмөт башчысы Николай Танаев, Аскар Акаевдин уулу Айдар баштаган 20 чакты жогорку кызмат адамына "коррупция", "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анда канадалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон жана аны даярдоого көрсөтмө берген ошол кездеги кызмат адамдары суракка чакырылары айтылган. Бирок ушул кезге чейин тизмедеги Чыңгышев, Жумагулов, Акаев, Сарыгулов, Танаев баш болгон жыйырмадан ашуун мурдагы мыкчыгерлердин биринин дагы жоопкерчилиги карала элек. Башкы прокуратуранын маалыматында аларга козголгон кылмыш иштеринин көбү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу өндүрүштөн кыскарган, айрымдары дале издөөдө.

"Кумтөр"
"Кумтөр"

Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Кумтөр” чуусу боюнча бир дагы аткаминердин кылмыш жообуна тартылбай жатышын азыркы бийликте саясый эрктин жоктугу менен байланыштырат. Айтымында, Хоменюк баштаган лөктөр кармалса, азыркы бийликтин айыбы ачылышы мүмкүн.

- Кумтөр боюнча саясий чечим кабыл алынышы керек болчу. Биздин өкмөт андай чечим алгысы келбейт. Эгер Хоменюк жоопко тартыла турган болсо Акаев, Танаевдин, анын артынан азыркы бийликтин айыбы ачылат. Кылмыш ишин шагырата козгой берет, бирок эч кандай жыйынтыкка жетишпейт. Анткени өздөрү кызыкдар эмес. Эми сот менен прокуратура бийликтин аткаруучу эле органы болуп калбадыбы.

Кумтөр алтын кенине байланышкан коррупциялык жаңжалга көптөн бери чекит коюлбай келет. Канадалыктар менен ишкананын пайдасын тең экиге бөлүшөбүз деген кыргыз өкмөтү андан бери бир нече ирет алмашты. Бул маселе Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында дембе-дем көтөрүлгөн, бирок чечилбеген бойдон 6-чакырылышка калды.

XS
SM
MD
LG