Казакстан көкпар же көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү демилгесин көтөргөндөн тартып финалда кыргыздар менен казактар ойноору баарына белгилүү эле. Ошондуктан күйөрмандардын күткөн күнү 27-август болуп, буга чейин ээн турган ипподромго жан кирди.
"Кыргыздар мындай ойночу эмес"
Биринчи орундан башканы эңсебеген алатоолук улакчылар оюн башталып-башталбай жатып жеңил нокдаунга кабылды. Казактар тобу менен сүрөп барып алгачкы улакты салганга жетишти.
Андан ары Казакстан командасы чабуулун токтотпостон жетинчи мүнөттө эсепти эки эселеп, дагы бир нече мүнөттөн кийин 3:0 кылганга жетишти. Биринчи жыйырма мүнөттүк бүткөнү калганда кыргыз көк бөрүчү Рустам Тыналиев алгачкы упайды өңөрүп келди.
Экинчи таймда болсо казактар өз артыкчылыгын жогорулатып, төртүнчү улакты чийинге таштап, оюнду 4:1 эсеби менен бүтүрдү.
Кыргыз улакчыларынан мындай оюнду күтпөгөн күйөрмандар азыркыга чейин дендароо болуп, түшүнө албай турган чагы. Атүгүл социалдык түйүндөрдө, коомчулукта оюнду кыргыздар атайын үй ээлерине берип койду деген бүдөмүк ойлор басымдуулук кылды.
Жергиликтүү “Датка” командасынын көк бөрүчүсү Санжарбек Маметжанов финалда кыргыз улакчылары толук ачылбастан, жарым күч менен ойногону көп суроолорду жаратканын айтат.
- Оюндун бир таймын көрдүм, бирок андан кийинкисин көрө албай койдум. Себеби кыргыздар реалдуу ойногон жок. Же корккондой, же сатылып кеткендей түр калтырып, айтор өзүбүзгө окшогон жокпуз. Көрбөгөндөн кийин айта албайм, бирок акчага сатылып ойнобой койгондой сезилди. Айтор командага эмне болгонун айтуу кыйын.
Көк бөрүчүлөр: жөн эле жамандап жатышат
Кыргыз коомчулугунда пайда болгон айыптоолорго Астанада жүргөн улуттук курамадагы улакчылар дароо жооп берип, жеңиш үчүн карууларын казык кылып, жан дилден ойногонун айтышты. Команданын капитаны Жолдошбек Орозбаев акчага берилди деген сөздөр финалга чейин эле чыкканына ачууланып, утулууга башка факторлор себеп болгонун айтат.
- Биз Астанага келгенге чейин бир жарым ай үй бетин көрбөй машыктык. Эгерде казактарга сатылгыбыз келсе, үй жумуштарын калтырбай, аттардын бардыгын убара кылбай эле, монгол, тажик, түрктөргө окшоп өзүбүз эле келмекпиз. Анда жөн эле бул жакка келип, аттарды ижарага алып ойноп коймокпуз. Бирок биз Астанага кыргыз элимдин намысы деп келдик. Ушундай чоң аракет, убара менен келгенден кийин артыбыздан ушундай сөз ээрчип жатат.
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов "оюнда оомат казак тарапта болгону менен кыргыз көк бөрүчүлөрү баары бир утулган жок" дейт. Биринчиден, мол тажрыйба алса, экинчиден, башкача эреже менен өткөн көкпарды жеринде мыкты өздөштүрө алды.
- Казактардын көкпары биздин көк бөрүдөн жобосу, эрежеси башка болгонуна карабай, улакчыларыбыз өз чеберчилигин көрсөттү. Эгерде тай казаны бар көк бөрү болгондо башкача болмок. Бирок биз утулганыбызга өкүнбөйбүз, тескерисинче, биздин команда жеңишке жетти деген ойдомун.
Кыргызстан менен Казакстан ортосунда өткөн көк бөрү оюндары эки өлкөнүн элинин өзгөчө назарында болуп келет. Мындан төрт жыл мурун 2013-жылы Астанадагы Азия чемпионатында казакстандык көк бөрүчүлөр 4:2 эсебинде алатоолуктардан жеңишти сууруп кеткен.
Бир жыл мурун болсо Көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчылары казак атаандаштарын 15:3 эсебинде уткан.
Быйылкы көк бөрүдө Казакстан оюндун бул түрүнүн эрежелерин кыйла өзгөрткөн. Анда тай казандар алынып, оюндун убактысы жыйырма мүнөткө азайып, тартылчу улактын ордун жасалма муляж менен алмаштырды. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр жаңы эрежелер оюндун кооздугун азайтып, спортчулар үчүн ыңгайсыз экенин айтып келишүүдө.