Айыл тургундары адам өлүмүнө алып келген окуядан кийин пансионатты жаап, жерден чыкчу ысык сууну цементтеп салышкан.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү бул күндөрү Чоң-Өрүктү айылында 13-августта “Керемет суу” пансионатындагы адам өлүмү менен бүткөн окуяны териштирип жатат. Бүгүнкү күндө 25 жаштагы Мырзажалил Тажиевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышка шектүү катары эс алуу пансионатынын ээси Ишенбек Ашыров, анын үч уулу жана инисинин уулу камакка алынган. Адам өлтүрүүгө тиешеси бар делип качып жүргөн дагы төрт киши азыр изделип жатканын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев “Азаттыкка” билдирди.
- Камакка алынгандардын баарынын эле өлтүрүүгө тиешеси бар. Дагы үч-төрт киши качып жүрөт. Бүгүн биздин балдар кармаганы кетишти.
Бир күн сууга түшөм деп келе калып ажал тапкан маркум Мырзажалил Тажиевдин агасы Алтынбек Тажиевдин айтымында, азыр кылмышка шектүүлөрдүн арасынан инисин кимиси таш менен башка чапкандыгы тактала элек. Жергиликтүү тургундар телефонго тартып алган видеодо топ кишилер Тажиевди кууп жеткен соң, кимиси эмне кылганы даана көрүнбөй калган. Алтынбек Тажиев эл арасында пансионаттын ээси Ишенбек Ашыровдун чоңдор менен байланыштары бар экендиги тууралуу ар кандай имиш сөздөр айтылып жүргөнүн белгилеп, бул жагдай тергөөгө таасир этпегей эле деп кооптонуп жатканын билдирди.
- Ал өзү "крышасы" бар экендигин, ал министр Мелис Турганбаев экенин, ал менен катышарын айтып жүргөн экен. Эл арасында ушундай сөздөр айтылып жүрөт. Ишенбектин Медер деген кичүү баласы бар. Мелис Турганбаев ошол кичүү баласынын өкүл атасы экен деп уккам да. Бирок муну так билбейм. Баягы күнү ызы-чуу чыкканда да ал бизге “Каалаган кишиңди алып кел, мен ушундаймын, менде баатырдын каны бар, мен ханмын, мен биймин” деп жатпайбы.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ишенбек Ашыров 2012-жылдары жер, пансионат маселеси боюнча “бирөөлөр опуза талап кылып жатат” деп милицияга арызданып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлгөнүн эске салды. Министр мындан башка бул киши менен эч кандай тааныш-билиштиги жоктугун, балдарын дагы тааныбай тургандыгын белгиледи. Ал айылдыктардын чочулоосуна эч кандай негиз жок деп эсептейт.
- Тиги киши бир келген. Бандиттер жер боюнча опузалап жатышат, тигил-бул деп арызданган. Анан биздин балдар иштеп, жардам берген болуш керек эле. Бирок мен аларды тааныбайм. Балдарын, өзүн дагы тааныбайм. Ал эмес үйүн да көргөн эмесмин, мен Өрүктү кайсы жерде экенин жакшы деле билбейм. Азыр бул ишти Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын башчысы жетектеп жатат. Мен ишти өз көзөмөлүмө алгам. Жанагы өрттөгөндөрдү, киши өлтүргөндөрдү дагы баарын мыйзам чегинде жазага тарткыла деп сунуш бергем. Алардын баарын акыр-аягына чыгарабыз.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, “Керемет суудагы” чырдын башы анын кожоюну менен маркумдун ортосунда акы төлөө талашынан улам келип чыккан. Чоң-Өрүктү айыл өкмөт башчысы Каныбек Токтосопиевдин айтымында, 10 жыл мурун дагы ушуга окшогон чырдан улам мушташ чыгып, анда дагы бир кишинин башы жарылып, араң тынчыган. Бүгүнкү күндө айылда чырга себеп болгон эс алуу жайын такыр эле жаап салуу же аны иретке келтирип иштетүү үчүн кайра айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү туурасында сөздөр жүрүүдө. Ушул тапта айылдын балдары тергөө жыйынтыгы чыккыча бул жерди жаба турууну чечип, жерден чыкчу ысык сууну цементтеп бүтөп салышкан.
- Сотко беребиз, анан сот кандай чечет көрөбүз. Жерди айыл өкмөткө алыш үчүн биздин айылдык кеңештин депутаттары иштеп жатат. Бул маселеде айыл өкмөтү да, прокуратура да өз алдынча чечим чыгара албайт. Бир гана сот аркылуу бүтөт, - дейт Каныбек Токтосопиев.
Адам өлүмү менен аяктаган жаңжалдан улам ошол эле 13-август күнү Чоң-Өрүктү айылынын жашоочулары “Керемет суу” пансионатынын эс алуучу комплекстерин, анын кожоюнунун үйүн өрттөп жиберишкен. Бүгүнкү күндө бул факт боюнча дагы кылмыш иши козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатат.
Аталган пансионат жыл сайын жердин салыгы иретинде айылдык бюджетке жылына 44 миң сом төлөп келген жана элден түшкөн кирешенин 2% Салык кызматына которулуп турган.
Мындан тышкары айыл тургундары үчүн эс алуу жайына кирүү бекер экендиги айтылган. Бирок жергиликтүүлөр соңку учурларда бул шарт аткарылбай калганын ырасташууда.