Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Экс-депутаттын иши, эл өкүлдөрүнүн бедели


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Казакстандын прокуратурасы кыргыз парламентинин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулуна "уюшкан кылмыштуу топ түзгөн" деген айып койду. Ага ылайык, камактагы мурдагы депутат Кытайдан аткезчилик жол менен товар ташыган мамлекет аралык кылмыштуу топту жетектеп турган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу баш болгон он эки киши боюнча башталган сот иши Казакстандын Алматы район аралык сотунда 2-ноябрда каралды.

Жараяндын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн прокуратурасы кармалгандарга расмий түрдө айып такты. Андагы маалыматка ылайык, 2016-жылы ошол кездеги депутат Асылбек уулу мамлекет аралык уюшкан кылмыштуу топ түзүп, аткезчилик менен алектенген.

Тергөөнүн материалында ал мыйзамсыз иштери үчүн депутаттык макамын пайдаланганы айтылат. Бул тууралуу сотко катышкан мамлекеттик айыптоочулар окуп беришти:

Мурдагы депутат Асылбек уулунун соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

- Өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик кылуу үчүн ал топту жетектеп, алар товарларды Кытайдан Казакстанга, андан ары Орусияга өткөрүп турушкан. Кылмыштуу ниетин ишке ашырыш үчүн Асылбек уулу өзүнүн жакын достору, Кыргызстандын жарандары Мурадиловго, Казакстандын жараны, аскер кызматкери Кочарбаевге экономикалык кылмыш кылууну сунуш кылган.

Дамирбек Асылбек уулу мындай оор айыптарды четке кагууда. Ал өзүнүн кыргыз жараны экенин айтып, сотту Кыргызстанда өткөрүүнү суранып келет.

Экс-депутаттын бир катар фракциялаштары Асылбек уулу кылмыштуу топту түзгөнүнө ишенбей турушат. Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун айтымында, ал партиялашынын мыйзамсыз иштерин байкаган эмес.

Данияр Төлөнов.
Данияр Төлөнов.

- Биз анын мыйзамсыз иштер менен алектегенин эч кандай байкаган эмеспиз, - деди ал. - Бул жерде бир түшүнбөстүк болуп жатат деп ойлойбуз. Ал жигит спорт менен машыгып, федерациянын президенти болуп келген. Ошондуктан абдан таң калып жатабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты бир кезде эл аралык кылмыштуу топ түзгөнү тууралуу коңшу өлкөнүн айыптоосу кызыгуу жаратты. Ириде мындай дооматтар кыргыз парламентинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн айткандар бар.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков экс-депутатка коюлган айыптарды кыргыз бийлиги жаап-жашырууга шашылбай, кылдат иликтөөгө умтулушу керек деген пикирде. Анын айтымында, Асылбек уулу туш болгон кырдаал буга чейин “парламентке бизнесин же мыйзамсыз иштерин калкалоону каалагандар келет” деген эл арасында айтылган кептердин далили болду. Ал Дамирбек Асылбек уулуна тагылган айып бажы тармагына байланыштуу болгондуктан Кыргызстандын тиешелүү органдары текшерүү жүргүзүшү керек деп эсептейт.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Бул кыргыз парламенти эле эмес, жалпы мамлекеттин бийлик системасына шек келтирген окуя болду, - дейт Даниел Кадырбеков. - Себеби акыркы жылдары Кыргызстан “Failed States Index” деген индекс боюнча алдыга чыгып жатпайбы. Мамлекеттик башкаруудагы депутаттар ушул сыяктуу кылмыштуу топторду түзүп, мыйзамды карабай өз кызыкчылыгына колдонгону үчүн дал ушундай баалар берилип жатат. Бул эл аралык өнөктөштөр, сырттагы жана ичтеги инвесторлор үчүн да индикатор. Ошондуктан бийлик мындай дооматты “ушул гана окуя” деп атап, элге көрсөтүүнү каалабай тургандай. Бирок иш жүзүндө бийликте болгондор кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышып, ресурстарды өз кызыкчылыгына колдонгону кеңири эле практика болуп калган.

Бирок Кыргызстандын расмий органдары “Дамирбек Асылбек уулу кылмыштуу топ түзгөн” деген шектенүү жок экенин айтышат. Маселен, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Бакыт Сеитов депутат кезинде ага карата эч кандай шектенүү болбогонун "Азаттыкка" айтып берди:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

- Депутаттыкка өткөндө же каттоого алынганда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бизге тизме жөнөтүп, тактоо иштерин жүргүзөт. Соттолбогон болсо, кылмыштуу иштерге катышпаган болсо, анан каттайт. Ал кишинин кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги жөнүндө маалымат жок.

Анткен менен Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы боюнча маалыматты да буга чейин Кыргызстандын ИИМи четке кагып келген. Ал Казакстанда кармалып, коңшу өлкөнүн тиешелүү органдары анын казак жараны экендигин көрсөткөн документти тараткандан кийин гана депутаттык мандаттан ажыратылган эле.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында быйыл февралда жүргүзгөн атайын операция учурунда кармалган. Аны менен кошо Уланбек Мурадилов, Чыңгыз Абакиров аттуу эки кыргызстандык жана ондон ашык казак жараны камакка алынган.

Бирок 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулунун жакындары анын улуту кыргыз экенин жана Кыргызстандын жараны болгонун айтып жүрүшөт.

Асылбек Супатаев: Уулум Кыргызстанда туулуп-өскөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG