Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылып, коомдун талкуусуна коюлмай болду. Буга чейин башка өлкөнүн жараны экени кокустан аныкталган учурда эң чоң жаза катары кызматтан алынып же мандатынан гана ажыраган.
Кош жарандуулукка байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы бар экени аныкталса, алар жоопко тартылат. Долбоор парламенттин профилдик комитетинде биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов муну 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоого чейин кабыл алыш керектигин, "бул талапкерлердин кош жарандуулугун алдын ала текшерүү үчүн маанилүү” деп негиздеди.
- Бул саясий кызматта иштегендерге тиешелүү, жөнөкөй жарандарга тиешеси жок. Биз жоопкерчиликти айып пул менен көрсөтүп жатабыз. Эгер жарандыгына байланыштуу жалган маалымат бергени аныкталса 250 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөшөт. Бул жерде кишилерди абакка отургузуш эмес, алдын алуу чаралары болуп эсептелет.
Дастан Бекешовдун айтымында, эки паспорту бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга мыйзамда жоболор жетишсиз. Ошол себептүү Башкы прокуратура эки паспорту табылган Кубанычбек Кулматовго кылмыш ишин козгобой келген.
Кулматовдун Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы тууралуу маалымат ал "Коррупция" беренеси менен кармалып, камалгандан кийин гана маалым болгон. УКМК бул боюнча экинчи кылмыш ишин козгоп, 21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын да Кыргызстандын паспортун жана жарандыгын алып алганын билдирген (??????). Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча ишти карап жатат.
Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Бирок ар кандай кыдаарлда депутат, мамлекеттик кызматкерлердин эки паспорт менен жүргөнү ачыкка чыккан учурлар болгон.
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалгандан кийин гана анын ошол өлкөнүн жараны экени маалымадалган. Буга чейин дагы бир экс-депутат Жыргалбек Саматовдун Орусия жарандыгы бар экени аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыраткан. Бирок аты аталгандардын бирөө дагы башка өлкөнүн жараны экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартылган эмес.
Учурда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгына байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Бул боюнча 26-сентябрда акыйкатчыны шайлоо учурунда маселе көтөрүлүп, депутат "чет өлкөнүн жараны деген” жалган маалымат таратып, “казакгейт” жасап жатат деп жаңы омбудсмен Токон Мамытовду айыптады. Мамытов өз кезегинде:
- Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар. Алар эки айдай мурда БШКга, бир нече күн мурда, бардык документтер Казакстандын Ички иштер министрлигинин, биздин Жарандык берүү боюнча комиссиянын жооптору – бардыгы Башкы прокуратурага жиберилген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов Сулеймановдун жарындыгына байланыштуу маселе буга чейин да эки ирет каралганын, Токон Мамытов жиберген материалдардын негизинде аталган өлкөгө кайрадан суроо-талап жөнөтүлгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. Талапкерлер кош жарандыгын жашырган же жалган, жасалма маалыматтарды берген учурда кылмыш жоопкерчиликке тартуу сунушу шайлоо мыйзамдарын толуктоо жана өзгөртүү долбоорунда да бар.
- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ иштеп чыккан номаларда депутатты да администрациялык, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштарды киргизип жатабыз. Бул парламентте каралганда билинет.
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев чиновниктердин же депутаттардын жарандыгын алдын ала текшерүү механизмдери жокко эсе деп эсептейт. Анын айтымында, бул ар бир адамдын жеке абийирине жана ачык-айкындуулугуна байланыштуу гана маселе болууда.
- Азыр кош жарандуулугу аныкталган Казакстан, Орусиянын жараны болуп чыгып жатпайбы. Эгер Европа, Америка мамлекеттеринин жараны болсо аны тактоонун такыр механизмдери жок да. Биз аларга кат түрүндө кайрылсак жооп да бербей коюшу мүмкүн. Кош жарандуулугун жашырган адамдарга катуу чара көрүү, керек болсо кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин киргизүү учурдун талабы деп ойлойм. Андай кылып жоопкерчиликке чакырбасак ушундай болуп эле жүрө беребиз. Жумушка келгенде болобу, кеткенден кийин болобу башка өлкөнүн жараны экени аныкталса "көрсө ушундай экен, бизди алдап жүрүптүр" деп эле калып калып жатпайлыбы. Ага эч кандай жоопкерчиликке тартылбай жатат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Кыргызстан жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, паспортту мыйзамсыз алууга байланыштуу жалган маалыматтарды киргизген учурда мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же иштин белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жазаланат.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ушул беренелерди күчөтүп, жогорку кызматтарга барар алдында ошону эскертүү менен дайындаш керектигин белгилеп жатат.
- Жогорку кызматка барарда башка өлкөнүн жарандыгы аныкталса ушул беренелер менен оор кылмыш жоопкерчилигине тартыласыз деп эле белгилеп коюш керек. Башка жол жок. Кулматов болобу, Бабанов болобу "мен Казакстан же Орусиянын жаранымын" деп өздөрү келип айтпайт да. Мисалы, Саматов мандатынан ажыраганы менен жоопкерчиликке тартылган жок. Депутат мандатынан ажырагандан сырткары 15 жылга жоопкерчиликке тартылып, бүгүн абакта отурганда башка депутаттар же башка талапкерлер да ойлонмок.
Ал арада Башкы прокуратура Бахадыр Сулеймановдун жарандыгына байланыштуу материалдар текшериле баштаганын "Азаттыкка" ырастады.
Өлкөдө саясат, спорт, ишкердик чөйрөсүндө кош паспорт менен же аты-жөнүн, туулган жылын өзгөртүп алгандар көп экени айтылып эле жүрөт. Жөнөкөй жарандар арасында деле эки өлкөнүн паспортун алып жүргөндөр бар болгон менен, ачык айтып чыгышпайт.