Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Алматыда Асылбек уулунун соту жүрүп жатат


Дамирбек Асылбек уулу сотто. 2-ноябрь, 2018-жыл.
Дамирбек Асылбек уулу сотто. 2-ноябрь, 2018-жыл.

2-ноябрда Казакстанда кеминде үч өлкө аркылуу "аткезчилик жол менен товар ташып жүргөн" деп кармалгандардын соту өттү.

Судья Бахытхан Бакирбаев адегенде айыпталуучулардын жеке маалыматтарын алды.

- Асылбек уулу Дамирбек. 1981-жылы 3-февралда Кыргызстандын Каракол шаарында туулгам.

- Кайда жашайсыз?

- Бишкекте.

- Кайсы өлкөнүн жаранысыз?

- Кыргызстан.

- Улутуңуз кыргызбы?

- Кыргыз.

Дамирбек Асылбек уулу суроолорго токтоо жооп берип жатты. Кочкул көк түстөгү бешмант, көк көйнөк кийген. Чачы тыкан таралган. Өңдөн азып, жүдөп калганы байкалбайт.

Сот жараянын "Азаттыктын" казак кызматы тасмага тарткан. Беш айыпталуучу сот жүрүшүн журналисттердин чагылдырышына каршы чыкса, Асылбек уулу жана башкалар ачык өтүп, камерага тартылышын колдошту.

Темир тор артында 12 киши отурду. Асылбек уулунан тышкары кыргыз жарандары Уланбек Мурадилов, Чыңгыз Абакиров да отурду. Калган казакстандыктар арасында мурдагы бажы, аскер кызматкерлери да бар.

Бул кишилер быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында жүргүзгөн атайын операция учурунда кармалган. Трансулуттук уюшкан кылмыш тобун түзүп, ири өлчөмдө аткезчилик менен алектенип жүрүшкөн деп айыпталып жатышат.

2-ноябрдагы жараянда прокурорлор Мырзагали жана Куракбаевдер айыптоо актысын окушту.

Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар бажыдагы көмүскө схемаларды колдонуу аркылуу Казакстандын жана Орусиянын аймагына аткезчилик товарларды ташып келүүгө тиешеси бар. Шектүүлөргө Чек ара кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери көмөктөшкөнү белгиленди.

"Кыргызстанда жогорку кызматтардагы, анын ичинде бажы кызматындагы адамдар менен кеңири байланышын пайдаланып иш жүргүзүшкөн" деди прокурор:

- Өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик кылуу үчүн ал топту жетектеп, товарларды Кытайдан Казакстанга андан ары Орусияга өткөрүп турушкан. Кылмышка жаткан ниетин ишке ашыруу үчүн Асылбек уулу өзүнүн жакын достору, Кыргызстандын жарандары Мурадиловго, Казакстандын жараны, аскер кызматкери Кочарбаевге экономикалык кылмыш жасоону сунуш кылган.

Аткезчиликке шектелип кармалып, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен "казак жараны" деген кат келгенден кийин апрелде Дамирбек Асылбек уулунун мандаты алынган.

Бирок Асылбек уулу өзүн "кыргыз жаранымын" деп жатат. Туугандары, кесиптештери ушундай деп ырасташкан. Ушуга байланыштуу 19-октябрдагы алгачкы жараянда Дамирбек Асылбек уулу сот процессин Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Бирок өтүнүч четке кагылган.

Казак ички иштер министрлиги Асылбек уулу "Жамбыл облусунда туулгам, улутум казак деп паспорт алган" деп билдиргени белгилүү.

Учурда бардык айыпталуучулар камакта. Кароол менен сотко алып келинди. Аларды 16 адвокат коргоп жатат.

Сотко катышуу үчүн келгендердин арасында кыргызстандыктар, айыпталуучулардын туугандары да бар. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Руслан Чойбеков да барган. Ал казак журналисттерине мындай деди:

- Бул жерге жалгыз келген жокмун. Кыргызстандан дагы депутаттар келди. Сот процесси кандай жүрүп жатканын көргөнү келдик. Бизде ал биздин жаран, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, спорт чөйрөсүндө өтө мыкты чебер болчу. Бул жерде кандай экенин сот далилдеп көрсөтөр. Бирок биз ишене албайбыз.

Асылбек уулуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков үн катып, анын кармалышын катуу кабыл алганын, казак тарап «акыйкат териштирүү» жүргүзөрүнө үмүттөнөрүн айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG