Жалал-Абад шаарынын тургуну Аида Бакированын тун уулу шал оорусуна кабылган. Тогуз жаштагы бала азыр үйдөн билим алууда. Жумасына эки жолу мугалимдер келип, сабак өтүп турушат.
- Уулум 2-класста окуп жатат. Акыл-эси, эс-тутуму жакшы. Болгону өз алдынча басып же отура албайт. Ошол себептүү аны мектепке берген эмеспиз. Анын үстүнө мектепке ээрчитип бара турган киши жок. Мен кечке иштейм, колум бошобойт. Мамлекет тарабынан майып баланы баккан ата- энелерге кандайдыр бир жеңилдик каралса жакшы болмок. 3 миң сом пенсия алат, ал эмнеге жетмек эле.
Мектептерде майып балдар үчүн атайын жеңилдиктердин жоктугу да билим алууга кедергисин тийгизет.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган "Мээрим булагы" фондунун жетекчиси Майрам Мисиралиева шаардагы бир да мектепте пандус жоктугун билдирди:
- Жалал-Абад шаары боюнча бир гана бала бакчада пандус орнотулган. Анткени ал жерде майып балдар тарбияланат. Калган 20 мектептин биринде да пандус жок. Бул жагдай дагы эле коомдогу аялуу катмардагы адамдарга болгон мамиле жакшырбаганынан кабар берет. Ар бир ата-эне баласынын билим алуусун каалайт, ошол шартты түзүп беришибиз керек. Коом өнүксө, булар балдар үйүндө жатпай, дени-карды соолор менен бирдей билим алат эле, тилекке каршы азыр андай эмес.
Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны миңден ашуун. Алардын 124ү - мектеп курагындагы окуучулар. Бирок учурда 23 бала үйүндө билим алса, 20га жакыны турмуш-шарттын начардыгынан мектепке тартылган эмес.
Шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулованын айтымында, айрым ата-энелер мындай баласын окутууга кызыкдар эмес.
- Кээ бир ата-энелер жөлөк пулдан куржалак калабыз деген ой менен баланы атайын борборго берүүдөн баш тартышат. Ушу тапта 17 бала ушундай себеп менен окуудан кур калууда. Анүстүнө инклюзивдүү билим берүүгө каражат аз бөлүнөт. Шаардык кеңештин депутаттары менен бирдикте бул маселени талкууга алып, шаар бюджетинен кошумча каражат бөлүүнү чечтик.
Ар кандай тоскоолдуктарга карабай мугалимдер калктын жардамга муктаж катмарына ар кандай кырдаалда билим берип келишет. Шаардагы №9 мектептин мугалимдери үч окуучуга үйүндө сабак берсе, беш окуучу мектепке келет. Педагог Назгүл Мусурманкулова буларга токтолду.
- Булар башталгыч класстын окуучулары болгондуктан аларга сабак өтүп жатканда кыйынчылыктар болот. Бири сүйлөй албайт, бири баса албайт, кээ биринин талмасы бар. Башка окуучуларга караганда буларга аяр мамиле кылабыз. Бирок айрымдары зээндүү келет. Андыктан башкалар менен чогуу окуса, билим алуудан өксүбөсө деп ойлойсуң.
Социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18ге чыга элек 22 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Бул дагы так маалымат эмес. Анткени алар эки жаштан баштап каттоого турушат. Бейрасмий маалыматтар боюнча мындай балдардын 70% бала бакчага жана мектепке барбайт.