Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Аида: Үч айлык балам бөөдө жабыркады


Аида Кыйсаева баласы менен
Аида Кыйсаева баласы менен

Москвада кыргыз үй-бүлөнүн үч айлык баласынын ден соолугуна залал келтирилген. Баланын ата-энеси улутчулдук маанайдын айынан күнөөлүү адам жоопко тартылбай калганын айтышууда.

Кыргызстандык Аида Кыйсаева Москвага 17 жыл мурда ишке келип, ушул шаарда турмуш куруп, төрт балалуу болгон. Орус жарандыгын алып, мындан аркы өмүрүн Орусияга байлап келген эне эми балдарынын келечегин ойлоп бушайман.

14-июнда Москванын четинде мигранттар көп отурукташкан Балашиха шаарында турмуштук чырдан улам Аиданын үч айлык баласы башынан жараат алган.

- Жолдошум менен автоунааны короого токтотуп, ага баланы бере коюп банкка кирип кеткем. Бала ыйлаганда, жолдошум аны көтөрүп, ары-бери басып жүргөн экен. Анан үчүнчү кабатта тамеки тартып турган киши «эй, өзбек, машинаңды ал» деп кыйкырыптыр, «ордунда эле турат» десе, «понаехали, андай-мындай» деп сөгө баштаптыр. Жолдошум эч нерсе дебей эле турса, колундагы баланын башы шылк дей түшүп, ыйлап баштаптыр. Андан кийин гана жолдошум жерде жаткан темир зажигалканы көрүптүр. Ошол замат эле полицияга, тез жардамга чала баштадык. Дагы Кудай сактады, ошол күнү жаан жаап, балама калың топу кийгизип койгом.

Ооруканада үч айлык ымыркайдын мээси чайкалганы аныкталган. Полиция кызматкерлери орусиялык Овечкин В. аттуу жаранды камакка алган. Балашиха шаарынын Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш кодексинин 111-беренеси («Ден соолукка атайылап залал келтирүү») боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир күндөн кийин Балашиханын шаардык прокуратурасы В. Овечкинди камактан бошотуп жиберген.

- Иш козгогондун эртеси бошотуп жатышпайбы. Кудайга шүгүр, баламдын акыбалы жакшы. Бир сыйра текшерүүдөн өттүк. Катуу коркуп калган экен, чочуп, колу-буту титиреп, түнү менен ыйлап чыкты. Бизге мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Догдур "үч айлык бала үчүн бул диагноз оор, кийин кесепети болушу мүмкүн" деп дароо кабыл алган. Эгер биз орус болгонубузда мынчалык кайдыгер карашпайт эле. Биздин кошуна итин кичине бала уруп койгону үчүн соттошуп, утуп алган. Булар айбан үчүн дагы соттошот, биздики кымындай бала болуп жатпайбы!

Аида мурдатан эле орус коомундагы келгиндерди жектеген мамилеге анча маани бербей келгенин айтууда. "Балам жабыркап, айыптуу эч кандай жоопко тартылбай калгандан кийин корко баштадым" дейт эне.

- Ушул жактан жарандык алдык, эми үй алып, балдарыбызды чоңойтуп, окуталы деп пландап жүргөнбүз. Үйлөнгөндөн кийин Кыргызстанга барып деле үч жылдай жашап, кыйналганыбыздан кайта келгенбиз. Бирок бул окуядан кийин коркуп калат экенсиң. Улутчулдук мамилеге иште, көчөдө далай жолу күбө болгом. Дүкөндө кассада отурсам, баштык менен уруп, жакшы-жаман айтып кеткендер көп эле болгон. Көчөдө «туура эмес карап атасың» дегендер жок эмес. Бирок балаңа коркунуч жаралганда кооптонот экенсиң.

Бул окуя боюнча орусиялык ММКга жооп берген Балашиха шаарынын прокурору Сергей Мамочев кылмыш иши өз убагынан мурда ачылган деп белгилеп жатат.

- Материалды текшерип, ишти карап чыгып, кылмыш иши алдын ала (преждевременно) козголгон деп чечтик. Тергөө органы алгач соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгын алышы керек эле. Андай болгон эмес.​

Мигранттардын укугун коргоп жүргөн адвокат Вадим Захаряев турмуштук чырдын баары эле улутчулдукка жатпасын белгиледи:

- Ишти толук билбей бир нерсе айтууга оор. Прокуратура тергөө кылмыш ишин мыйзамсыз козгогон деп чечип коюшу мүмкүн. Алар атайын урган эмес, кокустан тийген деп эсептешсе керек. Мен мындай ишке кабылган эмесмин. Ал жерде улутчулдук деле болбосо керек. Кылмыш ишин козгоого талап кылынган кылмыш курамы чыкпаса керек.

Орусияда жарандык алган кыргызстандыктардын саны расмий 500 миңден ашуун делсе, бейрасмий бир миллионго жеткени айтылып келет. Акыркы жылдары Орусияда ашынган улутчул такырбаштардын келгиндерге каршы жүрүштөрү катталбаган менен турмуштук чырдан чыккан келишпестиктер кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG