Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Аманова: укук бузууларды азайталы


Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова адам укугу өзгөчө жергиликтүү кеңешке шайлоодо аябай бузулганын айтып, убактылуу кармоо жайларында зомбулук токтой электигин ырастайт.

- Акыркы учурда кандай укук бузуулар көп болуп жатат, кайсы тармактарда?

- Укук бузуулар көп эле тармактарда бар. Үстөмдүк кылуу менен массалык укук бузулган учурлар боло калат. Бирок жакында болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жарандар шайлоо укуктарынан ажырап калышты. Жарандардын көпчүлүгү шайлоого барганы менен өздөрүн тизмелерден таппай калышты. Бул – биздин облуста орун алган эң чоң укук бузуу болду.

- Алардын укуктары өкүлчүлүк тарабынан корголдубу?

- Жок, коргой албадык. Себеби Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселеде өтө инерттүү болуп атат. Бирок бул көп күмөн саноону пайда кылды.

Элеттиктер кимге добуш берерин ачык айтышат. Ошондо тигил же бул партиянын шайлоодон өтпөй калуусун көздөгөн, тигил же бул адамдын талапкерлигинин өтпөй калуусун каалаган жагдайлар да болсо керек.

Мисалды алыстан издебейин, менин үй-бүлөмдө 4 шайлоочу бар. Ошол төрт шайлоочунун ичинен менин гана фамилиям тизмеден чыгып, калгандары табылган жок. 97 жашка чыккан апам да шайлоого барды эле, өзүн тизмеден таппай, аябай өкүнүп кайтып келди.

- Сиз камак жайларга, убактылуу кармоо жайларына кирип чыккан сайын ал жайлардагы адам укугунун начардыгын айтып чыгасыз. 8-ноябрда Жалал-Абаддагы убактылуу камоо жайындагы уруп-согууларды билдиргенсиз. Бирок ал окуяны облустук милиция четке какса, прокуратура ырастай элек. Мунун себеби эмнеде?

- Бул иш аябай өкүнүчтүү, мындай окуялар бизде болуп турат. Бул да болсо, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн тергөө, изилдөө, далилдөө иштерине катыштырылбай, тергөөнүн жашыруундуулугу деген принциптин айынан, андан четте калгандыгынан болуп жатат.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG