Ага ылайык, эстелик жайдын долбоору аныкталып, бир жыл ичинде курулуп бүткөрүлүшү керек. Барскоондо 11-августта өткөн элдик курултайга мындан бир кылым мурдагы кандуу окуяга геноцид деген баа берилди. Кыргызстан эмдиги жылы Үркүндүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилемекчи.
Президент жарлыгында мемориалдык комплекс Кыргызстандын эркиндиги, эгемендиги үчүн жанын берген инсандарга таазим кылуунун, тарыхый доорлордо мамлекеттүүлүк идеясын туу туткан, аны ишке ашырган элдин эрдиги менен сыймыктана турган жер болушу керек деп жазылган. Үркүндө курман болгондор Кыргызстан элинин мамлекеттүүлүгү үчүн курман болгон инсандары менен бир катарда турушу зарыл деп белгиленген. Бул жайда бир кылым мурда кырылган белгисиз адамдардын сөөгүн жашыруу жагы да каралган. Буга чейин атайын топ, Ысык-Көлдө 1916-жылы жолдордо жүрүш жасап, качып баратып өлгөн адамдардын ай-талаада калган сөөктөрүн издеп жүрүшөт.
Топтун катарында Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаев да бар:
- Эмки жылга чейин ай-талаада ачык жаткан бир да сөөк калбашы керек. Жүз жылдыкка карата анын баарын жерге жашыруу керек. Сары-Жаз багытында ачык сөөк тапкан жокпуз. Мурда эл таап, көөмп койгон сөөктөр бар экен. Ал эми Беделдин белинде сөөк бар. Оор, татаал жер. Ал жерде малдын, кишинин сөөгү аралаш жатат. Атайын топту камдап, сөөктөрдү таш менен корумдап чыгалы дегенбиз. Эми бул абдан оор иш. Ал эми берки Сары-Мойноктон таш менен корумдалган сөөктөр чыккан. Түптүн Кара-Баткагынан да эки сөөк табылды.
Алмазбек Атамбаев ушул жылдын май айында “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы тууралуу” жарлыкка кол койгон. Анда бир кылым өткөнүнө карабастан, бул кандуу окуянын себептери жана кесепеттери тарыхый жактан адилет баасын алышы керек деп белгиленген. Иш-чараны белгилөө үчүн 10 миллион сом бөлүнгөн жана өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген. Анда “Мурас” фондуна 1916-жылдагы окуялар боюнча архивдик жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү тапшырылган. Аталган фонддун башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин архивдик иликтөө иштери башталганын, бул машакаттуу түйшүк экенин айтып берди:
- Алматыдагы анча-мынча маалыматтар иликтенип жатат. Санкт-Петербургга атайын топ жиберүү керек болуп турат. Илимдер академиясынын багыты менен өзүнчө бир топ, демөөрчүлөрдүн жардамы менен дагы башка топ жиберүү керек. Болгондо да 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы падышалык архивди иликтеп жүргөн адистерди жиберүү зарыл. Алар кайсы жерден эмнени кароо керектигин билишет да. Андан сырткары бизде мамлекеттик архив бар да. Анын жетекчиси архивдик фонддордун өз ара кызматташуу тууралуу келишимине ылайык, кээ бир материалдарды өзүбүз барбай туруп, бул жакка көчүрмөсүн алдыруу жагын карап жатат.
11-августта Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында Үркүн боюнча түзүлгөн коомдук комиссия элдик курултай өткөрдү. Анда бир кылым мурдагы кызыл кыргын геноцид деп бааланды. Коомдук комиссиянын жетекчиси, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров Үркүн боюнча өкмөттүк комиссия менен чогуу-чаран иштеп жатышканын кеп салды:
- Бул меники, сеники же өкмөттүкү дей турган нерсе эмес. 200 миң кыргыз өлгөн. Ошол адамдар эмне үчүн өлгөн, эмне үчүн алардын сөөгү 90 жылдан бери жашырылбай келген, буга чейин эмне үчүн мамлекеттик жетекчилер мамлекеттик деңгээлде маани берген жок деген маселелер бар. Ошондуктан биз Атамбаевдин Үркүндү эскерүү тууралуу жарлыгын колдоп жатабыз. Ал жерде бул окуяларга тарыхый баа берүү тууралуу жазылган. Биз болсо кызыл кыргынга саясий баа берип жатабыз. Бул маселе эл аралык деңгээлде көтөрүлүшү керек. Дүйнөдө ушундай геноцид окуялар ЮНЕСКОнун деңгээлинде кабыл алынып келген. Ошол 1916-жылы орус падышасынын аскерлерине жумушчу бербейбиз деген чечим элдик курултайда кабыл алынган экен. Ошондуктан биз элдик курултай менен да иш алып барып жатабыз.
1916-жылдагы кандуу окуяны белгилөөдө расмий Бишкек Москванын кабак-кашын байкап жатат. Президент Алмазбек Атамбаев өткөн айда Ысык-Көлдө маалымат жыйында орус бийликтери Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөөгө каршы эмес экенин билдирген:
- Жайкын тургундардын кыргыны болгону факт. Мен мындан орустарга каршы маанай күчөйт дегенге кошулбайм. Орусия бул жарлыкты туура кабыл алды. Тарыхтын кээ бир барактарын катпай, тескерисинче ачып, талкууга чыгаруу керек. Кандуу окуялардын жүз жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилениши керек деп эсептейм.
Үркүндө жалпысынан канча адам кырылганы тактала элек. Айрым тарыхчылардын эсептөөсүнө ылайык, орус падашасынын аскерлеринен качып ара жолдо, ашууда ачарчылыктан, сууктан эл кырылгандан кийин, Чүй, Ысык-Көл жана Нарынды байырлагандардын саны 40% азайган.