Жалал-Абад облусунун аймагында карагай-черлүү токой Кызыл-Үңкүр аймагында жайгашкан. Анын жалпы аянты 350 гектардан ашат. Бийик тоолуу аймакта жайгашкан токойдо азыр жүздөн ашуун карагай кыйылып, кароосуз жатат. Жергиликтүү тургундардын бири, кезегинде ушул тармакта иштеген адис Каныбек Чойтоев буга Токой чарба агенттиги күнөөлүү деген пикирде:
- 2010-жылы Токой чарба агенттигинен санитардык тазалоо боюнча уруксат алып келишкен. Эреже боюнча кыйыла турган бакка номер жазылат. Азыр бул жерде жаткандардын көпчүлүгүнүн номери жок. Куурабагандары да кыйылганы көрүнүп турат. Булар эми пландагандан да ашыкча кыйышып, ашыгын сата албай калышкан көрүнөт.
2010-жылы токойчулар тарабынан куураган карагайларды кыюу боюнча атайын иш жүрүп, анын негизинде 250дөн ашык карагай кыркылган. Бирок Чойтоевдин айтымында, кыюу иштери санитардык эреже боюнча эмес, ойгелди жүргөн. Бул боюнча кезегинде бир топ текшерүү жүргөнү менен эч бир адам жоопкерчиликке тартылган эмес.
- Ушул боюнча ар тарапка кайрылып көрдүк. Ноокен жана Базар-Коргон райондук экотехинспекция текшерип келип, баары мыйзамдуу болгон деп коюшту. Башка текшерүү жүрүп, айып пул салуу менен чектелишти. Бул боюнча мен жакында прокуратурага чейин жазам. Кыйылган карагайларды иштетишпесе, анда элге беришсин да.
Жалал-Абад облусунда 15 токой чарбасы, өзгөчө корголуучу төрт жаратылыш аймагы, бир жаратылыш паркы жана токойду сактоо станциясы жайгашкан. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын кызматкери Эркинбек Эдилбеков кыйылган ар бир карагайга номер коюлганын айтканы менен жеринде аны көрсөтүп бере алган жок.
- Токойдо мен жок учурда кээ бир карагайлар кыркылышы мүмкүн. Мен бар учурда баары номери менен эле мыйзамдуу кыйылган. Азыр бул жаткан карагайлар Токой чарбанын карамагында ашыкча катары катталганбы же жокпу аны айта албайм.
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын карамагында 59 миң гектарга жакын токой аянты бар. Анын 2500 гектарын жаңгак токою ээлейт. Токой чарбанын жетекчиси Анарбай Элмирбек уулу санитардык тазалоо мыйзамдуу болгонун айтууда:
- Тоодо жаткан дарактарды биз иштете албайбыз. Ал үчүн агенттикке да кайрылуу жолдоп, уруксат алып, анан колдонуубуз керек. Бирок санитардык тазалоо мыйзамдуу жүргөн. Бул багытта биз тийиштүү тараптарга кат жолдогонбуз. Бирок азыркыга чейин карагайлар токойдо кала берүүдө.
Аймакта азыр 5 миңден ашык эл жашайт. Калктуу конуштардын көбөйүшү токойлорго зыянын тийгизип, атүгүл жайытка айланып бараткандыгы байкалат. Аны менен катар кыш мезгили жакындаган сайын токойдон отун кыркуу күч алды. Жергиликтүү тургундардын бири Мырзабек Туркменов буларга токтолду:
- Азыр токой аянты кемигендин үстүндө. Адам саны көбөйгөн сайын отун алуу да ошончолук арбып баратат. Мындагы жашоочулардын бири да көмүр колдонбойт, жалаң гана ушул токойдон отун алып, кышты өткөрөт. Суук түшкөндө балта көтөрүп, токойго баргандардын саны арбыйт.
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков аталган токой чарбадан эч кандай билдирүү келбегендигин айтууда:
- Сиздер айтып жаткан маалымат боюнча башкармалыкка эч кандай билдирүү келген эмес. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы менен такташып, биз да өзүнчө облустук деңгээлде комиссия түзүп, жөнөтөлү деп турабыз. Токойдогу жашырылган карагайлар тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок болчу.
Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери токойлордо 1689 даана түрдүү дарактар мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 млн. 355 миң сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган. Токойлуу аянтта бүгүн 200 миңдей калк жашап, алардын көбү отун үчүн бак-дарак кыйган учурлары көп кездешүүдө.