Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

18:34 19.11.2019

18:35 19.11.2019

18:35 19.11.2019

18:40 19.11.2019

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.

Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG