Эки өлкөнүн футбол боюнча курама командалары өз тарыхында 10 жолу беттешип, үч жолу Кыргызстан жеңишке жетсе, бир жолу тең чыгышкан. Калган оюндарда жеңиш тажик футболчулары тарапта болгон. Оюн бүгүн, 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до башталат.
"Ак шумкарлар" оюнга даяр
Бир күн мурда басма сөз жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан менен оюнда жеңишке жетүү башкы максат экенин айткан.
- 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы - биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Команда чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы - упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын чечип, жөнгө салыш керек.
Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.
Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Мьянма менен болгон оюнда упай жоготконуна кейип, ошол эле учурда Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдирди.
- Тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Аягына чейин ойнош керек. Биз азырынча башка тайпаларда кандай болорун билбейбиз. Эки командада тең алтыдан упай бар. Тажикстандын да, Кыргызстандын да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, голдорун саны боюнча Кыргызстандан арттабыз. Бирок мүмкүнчүлүк бар, ойнойбуз, - деди Усмон Тошев.
Тажик футболчуларынын Бишкектеги машыгуусу