Бир нече күн мурун Кыргызстандын Футбол федерациясы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишимге кол койду. Крестинин биздин футболчуларды 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна жана дүйнө чемпионатынын тандоо айлампасынын оюндарына даярдамакчы.
«Азаттык»: - Рабинер мырза, Крестининдин Кыргызстан курама командасын жетектөөдөгү буга чейинки ийгиликтерин кандай баалайт элеңиз?
Игорь Рабинер: - Тигил же бул команданын ийгилигинде машыктыруучунун ролу анын колундагы оюнчулардын чеберчилик деңгээлинен көз каранды болот. Жалаң супер жылдыздар топтолгон Европанын алдыңкы командасына келсең, ойноону көп үйрөтүштүн деле кереги жок. Ошол «мен мыктымын» деген жылдыздар менен туура мамиле түзүүнү билиш керек. Бул - машыктыруучулуктун бир түрү.
Крестинин Кыргызстандын курама командасына дайындалганда жогорку класстагы футболчулар жокко эсе болчу. Команда эч качан Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыга алган эмес. Өлкө чемпионатынын деңгээли да жакшы деп айтуудан өтө алыс. Машыктыруучуга өз ишин дээрлик эң башынан баштоого туура келген. Ошентип бара-бара бүгүнкү ийгиликтерге жетишти.
Алар Бириккен Араб Эмираттарында эле эмес, мындан мурунку Азия кубогунун иргеп алуу баскычтарында эле такай финалдык бөлүккө чыгып жүргөн, дүйнө чемпионаттарына катышкан мыкты командалар менен тең таймашып, жакшы оюн тартуулашкан.
Орусиялык жаш машыктыруучунун ишин жогору бааласа болот деп эсептейм. Ал өзү да нөлдөн баштап, командасы менен кошо бүгүнкү деңгээлге көтөрүлүп келди десек болчудай. Крестинин өз аракеттери үчүн алкышка арзыйт.
«Азаттык»: - Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогунда Кыргызстан өзүн кандай көргөздү деп эсептейсиз?
Игорь Рабинер: - Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө биринчи жолу катышканын эске алганда, чоң эле жетишкендик болду, мактоого арзыйт. Анын үстүнө плей-оффто талаа ээсине абдан татыктуу каршылык көргөзө алышты. Көп жагынан арбитрдин объективдүү эмес чечимдеринен улам чейрек финалга, андан ары чыга алышкан жок. Албетте, Кыргызстандын жарым финалга, финалга чыгышы күмөн болчу. Бирок Александр Крестинин абдан чоң иш кылды. Машыктыруучу болуп келген убактагы курама команданын деңгээлин бүгүнкү жетишкендиктери менен салыштырсаңар, анда бул ийгиликтин маанилүүлүгү даана байкалат.
«Азаттык»: - Жалпысынан Азия чемпионатынын деңгээли жөнүндө кандай ойдосуз?
Игорь Рабинер: - Азия же Африка конфедерациялары Европа менен Түштүк Америкадан артта калганы айдан ачык. Дүйнө чемпионаттарынын тарыхын алсак, финалдык бөлүктөрүндө жогорку саптарга суурулуп чыга алган азиялык командалар аз эле болгон. 2002-жылы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат, албетте, өзгөчө турат. Анда Түштүк Кореянын курама командасы белгилүү машыктыруучу Гус Хиддинктин жетекчилиги менен жарым финалга чейин жеткен. Жапония болсо тайпасынан плей-оффко чыккан. Бирок мындай көрсөткүчтөр бардык эле турнирлерде боло бербейт. Сейрек көрүнүш десем жаңылышпайм.
Дүйнө биринчиликтеринде азиялык командаларды көбөйтүү менен, менимче, ФИФАнын жетекчилиги президентти же башка жогорку функционерлерди шайлоодо Азия федерацияларынын добуштарын алууну гана көздөйт. Континентте футболдун өнүгүшү ошончолук жогору деп айтуудан алысмын.
Катардын курама командасынын жеңишине комментарий бере турган болсом, өлкө ушул тапта кийинки дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярданууда. Футболду өнүктүрүүгө, турнирди ийгиликтүү уюштурууга абдан чоң ресурстар жумшалып жатат. Бирок объективдүү карасак Катар энтузиазмдын, бир нече жылдык катуу иштин арты менен ушундай ийгиликке жете алды. Ошол эле учурда ушунча эмгек менен чемпион болгон Катардын деңгээлин дүйнөлүк футбол державалары менен салыштырганда, албетте, жалпысынан чөлкөмдө футбол анча өнүкпөй жатканын түшүнөсүң.
Ушундан улам айтаарым, Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына иргеп алуу этабында дагы бир чоң кадам таштап, алдыга жылгысы бардыр. Ал жагынан ошол эле Катардан үлгү алуу эмнеге болбосун?
«Азаттык»: - Мындай чоң мелдештерде адистер, таланттуу, мыкты оюнчуларды издеп табуу менен алектенген скауттар жакындан байкоо жүргүзүшөт эмеспи. Кыргызстандык футболчулардан кимдир-бирөөлөр алардын назарына илине алдыбы?
Игорь Рабинер: - Албетте, кеп европалык клубдар, айталы Англиянын, Испаниянын, Италиянын, Франциянын, Германиянын алдыңкы клубдары тууралуу жүрбөгөнү түшүнүктүү. Кыргызстандык футболчулардын айрымдары биринчи кезекте орусиялык скауттарды кызыктырышы ыктымал деп ойлойм. Орусия постсоветтик мейкиндиктеги бардык өлкөлөрдүн футболчуларына көз салып келет. Аларга өзгөчө адаптациянын кереги жок, тил жагынан да оңой. Кыргызстанда, түшүнгөнүмө караганда, орус тилинин расмий макамы бар. Бир нече жыл мурун лекция окуганы барганымда бири калбай орусча жакшы билишерин өзүм көргөм. Ошон үчүн Орусия чемпионатынын скауттарына ошондой футболчуларды тартуу ыңгайлуу деп ойлойм.
Валерий Кичиндин орус премьер-лигасындагы укмуш болбосо да, олуттуу оюну Кыргызстанда жакшы футболчулар табылса, алар бизде оңой адаптация болуп ойноп кете алышаарын көргөзүүдө. Мындай турнирден кийин Орусиянын премьер-лигасынын ылдыйкы жарымындагы клубдар же экинчи дивизиондогу клубдардан бирөөлөр кыргызстандык футболчуларга кызыгышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайм.
«Азаттык»: - Орусиянын премьер-лигасында Кыргызстандан чыккан Илзат Ахмедов да ойноп жүрбөйбү. Анын келечекте европалык белгилүү, алдыңкы клубдарга өтүү мүмкүнчүлүктөрү кандай?
Игорь Рабинер: - Илзат Ахмедовдун келечеги абдан жакшы. Келгиле, адегенде ЦСКАнын жылдызы болсунчу. Сыягы ошого баратат. Сезондун биринчи жарымында Виктор Гончаренконун жаш командасында өзүн мыкты жактан көргөзө алды. Чынын айтсам, оюну көптөгөн адистерде абдан жакшы таасир калтырды. Менимче, аны Европада да жакындан байкап турушат. Себеби ЦСКА чемпиондор лигасында ойнойт, көлөкөдөгү клубдардан эмес.
Бул сезондо «Реал Мадридди» эки жолу утпадыбы. Европалык алдыңкы скауттар көз салып турганы калетсиз. Ахмедов дароо болбосо да, айталык, 1-2 жылдан кийин олуттуу, атактуу командаларды кызыктыра баштаса мен эч таң калбаймын. Абдан таланттуу жигит, анын оюну мени да таасирлентти.