Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:53

Мырзаибраимов: Экстремисттерди аныктоо кыйын


Пакистандагы талиб жоокери.
Пакистандагы талиб жоокери.

Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдар тууралуу теология илиминин доктору Самаган Мырзаибраимов ой бөлүштү.

- Күч органдары Кыргызстанда диний-экстремисттик уюмдар жана алардын ар кыл аракеттери көбөйдү деп жатышат. Сиз мунун себебин эмнеден көрөсүз?

- Биринчиден, диний-экстремисттик уюмдардын көбөйүп жатканын туура талдоо керек. Ачыкка чыкканы боюнча мындай уюмдардын саны көбөйгөн жок. Көбөйүүгө да конкреттүү шарт болгон жок. Ал эми экстремисттик окуялардын көбөйүшүнүн да ар кыл себептери бар. Балким аларды аныктоо иши жакшы болбой жатышы мүмкүн.

- Айрым эксперттер мамлекет менен муфтият жакшы кызматташканда коомго зыян келтирүүчү уюмдарды аныктоо иши жакшырмак дешет. Чындап эле мамлекет менен муфтияттын ортосунда кызматташтык жок болуп жатабы?

- Бул идея катары туура. Экөө бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта болушу керек. Бирок муфтияттын өзү канчалык деңгээлде экстремизмге каршы күрөшкө жардам бере алары башка маселе.

Негизи экстремисттик кыймылдарды аныктоо өтө татаал маселе. Мамлекет өзүнүн түзүлүшүнө жараша кайсы бир агымды экстремисттик, кайсы бирин экстремисттик эмес деп таанышы мүмкүн. Бул саясий да көз караш.

Илимий теорияга таянган агымдар экстремисттик аракеттерге көп барбайт. Ал эми айрым агымдар турмуштагы саясий жагдайлардан келип чыккан. Мисалы, “Хизб-ут Тахрир” уюму илимий теорияга таянбастан, реакциялуу бир уюм болуп саналат.

Алар мусулман эместерге каршы күрөшөбүз, же жапа чеккен мусулмандарды куткарабыз деген нерсени шылтоо кылгандыктан, алардын экстремисттик аракеттерге баруу мүмкүндүгү жогору болот. Андыктан ар бир кыймылдын ишенимдери жана саясий-илимий негиздери каяктан келгенин так аныкташыбыз керек.

- Кыргызстанда исламдан башка диндерден чыккан экстремисттик агымдар барбы?

- Башка жерлерде христиан экстремисттери деле бар. Алар деле өздөрүнүн укугун коргойбуз деп чыгышкан. Акырындык менен экстремисттик кыймылдарга өтүп кеткен. Кыргызстанда мындай өзгөчөлөнгөн уюмдар жок. Бирок экстремисттик делген уюмдарды аныктоо жараяны өтө татаал.

- Бизде аныктай турган адистер жокпу?

- Азыркыга чейин ислам мазхабдар тарыхы боюнча адистешкен, кайсы агымдын кайсы мазхабга тиешелүү экенин билген конкреттүү булакты көргөн жокпуз.

- Салттуу диндерди артыкчылык берүү менен ар кыл кооптуу секта, же диний агымдардын таасирин азайтууга болобу?

- Таасирин азайтууга болот. Менимче, көптөн бери калыптанып калган диндерди аныктоо керек. Анын ичинде сандык жагынан көп болгону үчүн ислам динине көңүл бурулушу керек деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG