Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Эрик далай сырды ала кетти


Эрик Асаналиев "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 6-октябрь, 2017-жыл.
Эрик Асаналиев "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 6-октябрь, 2017-жыл.

11-сентябрда Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат Эрик Асаналиев узак оорудан кийин 61 жаш курагында каза болду.

Эрик Асаналиев экөөбүз 1975-жылы сентябрда тааныштык. Анткени дал ошол жылы экөөбүз тең Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) Филология факультетинин журналистика бөлүмүнө окууга киргенбиз.

Ал кездерде студенттерди дароо эле сабакты баштатпастан, айыл чарба жумуштарына алып кетчү. Бизди да ошентип Нарын аймагында жайгашкан Оттук деген айылдын тоосуна алып кетишти.

Эки-үч күндөн кийин мен өзүмдөн-өзүм эле Эрик экөөбүз өтө жакын дос болобуз деп калдым. Ал мени карап күлүп гана койду. Ошондон баштап экөөбүз абдан ынак болуп кеттик. Курсташтарыбыз да дароо эле баамдап калышты. Аны издесе менден, мени издесе андан сурашат.

Шаарга келип, сабак башталганда да жатаканадан бир бөлмөдөн орун алдык. Бир-бирибиз жөнүндө жакшы биле баштадык. Ал ошондо эле майда-чүйдө нерселерди кылдат байкап койчу. Мен андайларды көп элес алчу эмесмин. Эл менен оңой эле тил табышарын да байкадым. Баары менен сүйлөшө билет, тилин табат.

Бир жолу бир курсташыбыз сыркоолоп ооруканага жатып калды. Анан Эрик мага: “Барып ден соолугун сурап коёлу”, - деди. Бардык, курсташыбыз күткөн эмес экен, абдан сүйүндү.

3-курсту бүткөндө мен Ленинград шаарына окууга которулуп кеттим. Мурдагы курсташтарым менен байланышты Эрик аркылуу жүргүзүп калдым. Кат жазышабыз, баарын деталдаштырып, көп окуяларды баяндап берет.

Окууну бүтүп келгенден кийин мен газета боюнча бүтсөм да, радио-теле тармагына бөлүп жиберишти. Ошо кезде Эрик теледе иштечү, көпчүлүк учурда чогула калган учурларда жалаң чыгармачылыкты талкуулайбыз.

Жумуш бүткөндө бир ирет анын кабинетине барып калдым. Ал эки сааттан кийин болчу түз эфирге даярданып жатыптыр. Ар бир маселени кылдат изилдеп, ар кайсыл жакка телефон чалып сураштырып, суроолорун түзүп камданып жатты. “Бул адам жөнүндө маалыматты көп топтобосом, кантип алып барам?” деп койду. Бүт дитин буруп даярданып жатты.

Анан түз эфир башталды. Эфирде өзүн эркин кармап, күтүүсүз суроолорду да бере коюп жатты. Эфир бүткөндөн кийин ошол кездеги башкы редактор Рыскул Айталиев: “Эрик, азаматсың, абдан мыкты алып бардың. Мындан аркы маанилүү программаларды сен алып барасың”, - деп калды. Мага болсо программаларга кантип даярданыш керек экени жагынан чоң сабак болду.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин Эрик кызматын которуп, Коопсуздук комитетине жумушка кетти. Бул көбүбүз үчүн күтүүсүз болду. Андан соң бат эле ушул кесиптин Москвадагы окуусуна кетти.

Дал ошол жылы мен да СССРдин Борбордук телевидениесинин эки айлык курсуна бардым. Эриктин жашаган квартирасына көп барып турдум. Ал ошол кезде аскердик даярдык менен катар француз тилин да үйрөнүп жатыптыр. Бир топ жыл мурда ыраматылык болуп кеткен жубайы Гүлбара менен тилди үйрөнүп отурганына күбө болдум.

Эч бир эринбей, жадабай кыргыз үчүн бир топ эле алыс француз тилин үйрөндү. Анын чыдамкайлыгы, бет алганынан кайра тартпаганы максатына жетишине өбөлгө түздү. “Тажабайт экенсиң”, - деп калсам, “бизге тажаганга болбойт”, - деп күлүп койду.

Эки жылдык окуусун бүтүрүп, Бишкекке келип иштеди. Дагы эле көп жолу жолугабыз, бирок жумушу жөнүндө көп нерсени айтпайт. Ошол жылдары Коопсуздук комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан генерал Жумабек Асанкулов менен түз эфирге чыгып калдым. Жардамчы болуп Эрик келди. Генерал эмнени сураса так айтат, чочулап алдастап да калбайт. Асанкулов бизди карап: “Эрик менин ордумду ээлей турган жаштардын бири”, - деп койду.

Андан кийин СССР кулап, Эриктин жолу дипломатияны көздөй бурулду. Жолугуп, сүйлөшүп калганда анын интеллектуалдык деңгээли абдан жогорулаганын баамдадым. Кээ бир нерсени талаша кетебиз, бирок көп учурда Эриктин айныгыс аргументтерин моюнга алууга туура келет.

Эрик дипломат болуп, элчиликти аркалап Тажикстанга кетти. Бир жылдан кийин дагы бир түз эфирге башка өлкөдөгү элчилер менен келип калды. Суроолорго жооптору да, буйтабай түз жооп бергени, ошондой эле ыңгайсыз учурдан чыгып кете алуу мүмкүнчүлүгү көрүүчүлөргө ачык эле көрүндү.

Албетте, анын кызматына, башка өлкөлөргө көп барып иштегенине байланыштуу мурдагыдай өтө тыгыз катташа албай калдык. Бирок ошол аз жолугушуулардын ичинде мен анын канчалык деңгээлде профессионалдык жактан өсүп жатканына күбө болдум. Анысына кошумча түпкү кесиби журналист болгондуктан, сүйлөй билүү манерасы да башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Ал мага ачык айтпаса да, өзгөчө маселелер боюнча элчи болуп турганда эл аралык маселелерди кылдаттык менен жайгара алаарын да көрсөттү.

Жашоодо улуу-кичүүгө, кызматы чоң-кичине дебей, колунда бар, жок дебей, баарына бирдей мамиле кылчу.

Тагдырдын жолу кайда барат, бул жашоодогу жолу качан түгөнөт, эч ким билбейт. Ошол сыңары Эрик досубуздун жашоодогу жолу күтүүсүздөн аяктады. Бирок ал жөн жол болгон жок. Байсалдуу жол болду. Көпчүлүк азыр жазып жаткандай, ал эл аралык дипломатиянын далай татаал сырларын өзү менен ала кетти.

Кош бол, досум Эрик.

Сенин атың, элесин дайым жүрөгүбүздө.

Олжобай Токтосунов, журналист

XS
SM
MD
LG