Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбеков Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын жанкечтилер Кыргызстандан келди, деген кабары чындыкка коошпостугун билдирип, эки чек ара тосмосунан куралдуу адамдардын өтүп кетиши иралды далилдениши керектигин ырастады.
- Өткөн окуялар боюнча Өзбекстандын өзгөчө топтору азыр иштеп жатат. Изилдөөлөр жүрүп жатат. Сиз айтып кеткен Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын расмий билдирүүсү боюнча бизге – Чекара кызматына Өзбекстандын чекара кызматы мына момундай адамдар өттү деген билдирүү расмий түрдө келген жок. Бул Интернет сайтка чыккан маалымат. Расмий түрдө келсе анда жооп беребиз. Мен бүгүнкү күндө жооп берип жатам. Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын аймагына айтып кеткендей куралчан топтор өткөн эмес.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Эрик Асаналиев да чекара кызмат жетекчи орунбасарынын маалыматын ырастап, расмий Ташкендин билдирүүсү Бишкекке келе электигин билдирди.
- Эгер бир тарап өзүнүн өлкөсүнө башка өлкөдөн тополоң-тос кылчу бирөөлөр, куралдуу кишилер кирди, дей турган болсо, ал жөнүндө эртең-бүрсүгүнү да кошумча маалымат болор, анда расмий түрдө айтсак болот. Азыркы күндө ошол маалыматка карата айта турган өзүбүздүн бир гана позициябыз бар. Чекарада биздин чекарачыларга караганда Өзбекстандын чекарачыларынын саны көп. Алар ошончолук деңгээлде кайтарып туруп эмне үчүн өткөрүп жиберишти? Биз ошол маселени коюшубуз керек.
Эрик Асаналиев Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандан азырынча куралчан адамдар Кыргызстандан келгенин ырастаган расмий документтер келе электигин белгилеп, Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдагыдай билдирүүсү тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албастыгын айтуу менен чектелди.
Акыйкатта да, жанкечтилердин кимдиги тактала электе озунуп алардын Кыргызстандан келишин жарыя кылуунун артында кандай сыр катылып жатканы азырынча белгисиз. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле суу-энергетикалык проблемадан, ошондой эле Чек айылындагы окуядан соң кыйла салкындап турган чакта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы олуттуу дегидей кинени алдыга жаюуда.
Кыргыз өкмөтүнүн чөлкөм проблемалары боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов Өзбекстандагы окуяларга бир жактуу баа бериш кыйындыгын белгиледи. Антишке ал жактан келип жаткан маалыматтардын аркылдыгы себеп болууда.
- Бере албайм. Себеби мен деле силерге окшоп Бишкекте отуруп алып силердин кабарларды окуп жатам. Анан ушундай болдубу-болбодубу деген суроо. Маалымат түрдүү келип атпайбы. Эч ким так маалымат бербей жатпайбы.
Анжиян менен Канабаттагы окуялар жөнүндө аркыл маалыматтар таралууда. Расмий бийлик өкүлдөрү Анжияндагы жардыруудан 1 милиция кызматкери набыт болгонун билдирсе, Өзбекстандын көз карандысыз “Uznews.net” кызматы Анжиян менен Канабаттагы окуяларда 16 киши набыт кеткенин кабарлады. Иши кылып удаалаш өткөн эки окуянын чоо-жайы эмдигиче табышмак бойдон калууда. Ушундай эле жагдай 2005-жылдын 13-майындага Анжиян алааматы тушунда да түзүлгөн. Расмий бийлик кандуу кыргында 187 адам набыт кеткенин ырастаса, бейрасмий булактар окко учкандардын саны миңдин тегерегинде экенин айтып келатышат.