«Азаттык»: Жакында “тегерек үстөл” жыйынында 2016-жылдын бюджетин "жакырчылыктын бюджети" катары сыпаттадыңыз. Сиз анын себебин карапайым калкка түшүнүктүү кылып кыскача айтып бере аласызбы?
Элмира Ибраимова: Өлкөнүн бюджеттик жагдайы чынында оор. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП көлөмү 458 млрд сомго чыкты. Расмий маалыматка караганда, экономиканын өнүгүүсү 3,8 пайызды түздү. Андай болгондон кийин бюджеттин киреше бөлүгү да өсүшү керек эле. Иш жүзүндө 2015-жылга салыштырмалуу кирешелердин реалдуу өсүшү болгону 0,1% ашкан жок. Бюджеттин чыгашалар бөлүгү өтө эле көп болду.
2016-жылы Эл аралык валюта корунун чыгашаларды азайтуу тууралуу кеңештерине карабай, бюджеттин жетишсиздиги асманга чыгып кетти. Таңкалычтуусу, бюджеттин жалпы чыгымдарынын арасында жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат менен коргонууга жумшалчу каражаттар көбөйүп, социалдык тармакка жумшалчу каражаттар азайып баратканы. Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденцияга 5 миллион сом коротууну “ашыкча” деп эсептейм.
2 миллиардга жакын сом Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына жумшалды. Бул чыгымдар Мамлекеттик архитектура, курулуш менен Маданият министрлигине тийиштүү беренелердин эсебинен жабылды. Биздин фермерлердин продукциясын сертификаттоо үчүн азыркы заманга ылайык ветеринардык лабораторияларды курууга каражат таппай турган чакта кыйла акчаны ушундай иштерге коротуунун зарылдыгы бар беле? Ушундан улам 2016-жылдын бюджети жөнөкөй жарандарга, эптеп күн көрүп жаткан карапайым калкка жардам берүүгө багытталган деп айта албайм.
«Азаттык»: Сиздин оюңузча Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы кантип ишке ашып жатат?
Элмира Ибраимова: Бул документте баары кагазда жакшы жазылган, бирок анын бир да пункту ишке ашырылган жок. Кытай – Өзбекстан – Кыргызстан темир жолу, Камбар-Ата ГЭСтери, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулуштары боюнча бир да иш жасала элек. Өкмөттү сындагым келбейт, кийинки жылдары беш ирет премьер-министр алмашты. Ал эми стратегияны алдыга сүрөй турган Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин курамына көз жүгүртсөк, алардын туруктуу мүчөлөрүнүн бирөө да кеңештин катарында калбаптыр. Бир гана төрагасы алмашылбаптыр, ал болсо өлкөнүн президенти.
«Азаттык»: Эсеп палатасынын төрайымы катары сиз сынды тартынбай эле айтып аттыңызбы?
Элмира Ибраимова: Эсиңиздерде болсо, мен реалдуу жагдайдын кандайлыгын Жогорку Кеңеште жашырбай айтып турдум. Эсеп палатасы мурда жабык мекеме болчу, мен келгени жемкорлукка жол бербеш үчүн отчетторду ачык көрсөтө баштадык. Биздин ишибизде да кысталыш учурлар болду. Мисалы, биз Геология боюнча мамагенттикти текшердик. Анда айрым эшилме алтын кумун казып алуучу компаниялардын түшүнүксүз эсептешүү жүргүзөрүн аныктап чыктык, аларды эч ким жакшылап текшербейт деле экен. Эсеп жүргүзүү усулу аркылуу Мамгеологиянын маалыматтарына негизденип, төлөнбөй калган болжолдуу сумманы көрсөттүк. Бирок агенттик бизди колдоштун ордуна көжөлүп каршылык көрсөтүшпөдүбү.
«Азаттык»: Сиз Эсеп палатасын төрт жыл башкардыңыз. Чоң кызматта Ак үйдүн көзүн карабай иштөөгө болобу? Сизге президенттик аппарат тарабынан кандайдыр бир кысымдар болдубу?
Элмира Ибраимова: Мага кысым жасаш кыйын, бирок да айтып коюшум керек, кеп-кеңеш берчү аңгемелешүүлөр болчу.
«Азаттык»: Сиздин кызматтан кетишиңиз көпчүлүккө күтүүсүз болду окшойт. Арадан убакыт өткөндөн кийин иштен кетүү тууралуу арыз жазышыңыздын себебин айтып бере аласызбы?
Элмира Ибраимова: Биринчиден, Эсеп палатасынын аудиторлорунун, ошондой эле кеңештин бардык мүчөлөрүнүн иш мөөнөтү аягына чыгып калган, ошондон мүмкүн менин кызматтан кетишим туура эле болду окшойт, жаңы курам жаңыча иштеши керек. Экинчиден, биздин жагдайды жасалгалабай, болгонун болгондой көрсөткөнүбүздөн айрым проблемалар жаралды. Анан да кызыкдар күчтөр менен келишпестик болду дегендей.
«Азаттык»: Аз илгерээк сиз соцтармактарда оппозицияга “уруксат кагазды” президенттен алганыңызды жазган элеңиз? Сизди оппозицияда десек болобу?
Элмира Ибраимова: Эгер чындыкты айткысы келгендердин баары оппозиция болсо мен деле ошол жакта болушка даярмын. Бирок айтып коюшум керек, чындыкты мен АРИСте иштеп жүргөндө, кийин Эсеп палатасында деле тартынбай айтып келдим. Эң башкысы, абийириң алдында таза болушуң керек. Мен элиме карата эч качан оппозиция эмесмин.
«Азаттык»: Азыркы оппозицияга пикириңиз кандай?
Элмира Ибраимова: Адамдын адамдыгын анын оппозицияда же мамлекеттик кызматта турушуна карабай сыйлоого көнгөм. Оппозицияда жаркын адамдардын көбү бар, бийликте деле күчтүү инсандар толтура, алардын ачылышына жол беришпейт. Мамлекеттик башкаруунун табияты ошондой, адамдар кызматы боюнча баш ийип, жетекчилик айтканды аткарууга милдеттүү, ал жерде сенин өзүңчө көз карашың чондукуна кайчы келип калышынан кудай сактасын. Андай болуп калса кызматкер оппозиция болуп калат, ишинен кол жууйт, анын ордуна “өкүмдарга” жакыныраак бирөөнү коюшат. Мамлекеттик кызматтын азыркыдай кадырынын кетиши, мүмкүн буга чейин эч болбогондой сезилет. Жагдайды түп-тамырынан өзгөртүү зарыл.
«Азаттык»: Жакында президент кирешелери кайдан келгенин жашырбай ачыкка чыгарды, мындайды башка жогорку кызматтагы адамдар да жасашы керектигин билдирди. Көпчүлүк Эсеп палатасын “майлуу” жер катары сыпатташат. Сиз бул мекемени кыйла жыл башкардыңыз. Бул убакытта байлыгыңыз арбыдыбы?
Эльмира Ибраимова: Мен жашаган квартираны, андагы жашоомду көрүп келүүгө чакырат элем. Мен мурдагы эле квартирамда жашайм, ал жерде апам жашаган, ал жерде жашоо мага жагат. Башка үйдүн мага кереги деле жок.
«Азаттык»: Сиз Эсеп палатасынан кеткенден кийин иниңиз Эрмек Ибраимов да элчиликтен чакыртылып алынды. Мунун сиздин кызматтан кетишиңиз менен эч кандай байланышы жокпу же жөн эле туш келип калуубу?
Эльмира Ибраимова: Жакында Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы болуп иштеген инимди иштен алышты. Башкача ойлонгондорду жазалоо жүрүүдө. Мына бул иштен алуулардын баары менин айткандарыма байланыштуу деп ойлойм.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз. Видео орус тилинде:
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.