Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

ТИМ Вьетнамда оор абалда жаткан кыргызстандык тууралуу маалымат берди


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Вьетнамда оор абалда табылганы айтылган кыргызстандыкка байланыштуу маалымат таратты. Мекеме 22-мартта билдиргенине караганда, 19-мартта 50 жаштагы С.А. аттуу Кыргызстандын жараны Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген, денесинде олуттуу жаракаттар бар экени аныкталган.

ТИМ кыргызстандыктын абалы туруксуз экенин белгилеп, Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кабарлады.

“Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен тыгыз кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат жана жанында жүргөн Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта болууда”, - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Тышкы саясат мекемеси бул маселе алардын жана элчиликтин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

ТИМдин соңку маалыматына караганда, Кыргызстандын 600 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда. Анын ичинен эң көбү - 380 миңдей жаран Орусияда. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG