Кыргызстанда салык мыйзамдары улам жакшыртылганы менен салык төлөө маданияты калыптанбай келет. Эмнеликтен салык төлөөчүлөр жашыруун бухгалтерия жүргүзүп, каражатын жашырат? "Көмүскө экономиканын" көлөмүнүн азайбай келатканынын сыры эмнеде?
“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады.
Талкууга Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев жана Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды жоюу бөлүмүнүн башчысы Замирбек Мамытов катышты.
“Азаттык”: Замирбек мырза, ушул ай башына карата салык төлөбөй жаткан мекеме, уюмдардын карызы жарым миллион сомдон ашыптыр. Буга эмне себеп? Эмне үчүн мекеме жетекчилери салык мыйзамын бузуп жатат?
Замирбек Мамытов: Республика боюнча 1-январга карата салык карызы 1 миллиард 300 миң сомду түздү. 2016-жылдын башына салыштырмалуу 60 млн сомго, тактап айтканда, 4,3% азайды. Салык карызынын жалпы 384 млн сому өндүрүлбөгөн карыз болуп эсептелет.
Республиканын салык органдары тарабынан 2016-жылы салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп, натыйжада бюджетке 3 миллиард 695 млн сом түштү. Бул көрсөткүч 2015-жылы өндүрүлбөгөн карызга салыштырмалуу 1 миллиард 252 млн сомго көп өндүрүлүп, 151% түздү. Өткөн жылы салык төлөөчүлөргө 8 миллиард сомдук салык төлөө тууралуу чечимдер тапшырылган, бул 2015-жылга салыштырмалуу 3,7 миллиард сомго көп. Салык төлөмдөрүнүн алыш-бериш эсебине 3,5 миллиард же болбосо 3,106 төлөм талаптары коюлган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 518 талапка көп же 1,8 млн сомго көбүрөөк тапшырылган. Ал эми мүлктү тизмектөө боюнча 1 миллиард 100 сомго же 3 357 сомго тизмектөө жүргүзүлгөн.
Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 298 млн сомго көп тизмектелген. Сот органдарына салык боюнча миллиард 200 миллион сомдук материал же былтыркы жылга салыштырмалуу 490 млн сомго көптүк кылган материал берилип, бюджет тарабына чечилген. Бюджетке салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 7 776 айып салынып, 31 млн сом өндүрүлгөн, мурдагы жылга салыштырмалуу 85% түздү. Салыкты өз убагында төлөбөй келгендердин себеби - экономикалык абал. Анын баары текшерүү учурунда белгилүү болду жана алар өз кезегинде жашырылып келген.
“Азаттык”: Дастан мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери салык системасы көп жолу өзгөртүлүп, салык алуунун түрү көп жолу оңдолду, бирок салык төлөө маданияты калыптанган жери жок. Буга эмне себеп? Же мыйзамдар турмуш талабына ылайык кабыл алынбай жатабы же парламенттеги ишкерлер салыктан качууга жол берген жылчыктарды түзүп жатабы?
Дастан Бекешов: Кыргызстанда салык төлөөчү 980 ири компания бар жана алар жалпы салык төлөөчүлөрдүн 80% түзөт. Калган 20% салыкты жөнөкөй жарандар төлөйт. 2009-жылкы реформада кошумча нарк салыгын 20 пайыздан 12 пайызга түшүрдүк. Бирок социалдык салыктарды кошкондо баары бир көлөмү көбөйүп кетти. Ошон үчүн азыр ишкерлер салыктарды таптакыр жок кылышы керек же болбосо баасын төмөндөтүшү керек деп сунуштап жатышат. Чынында, салык төлөөчүлөр үчүн чоң кыйынчылык бар, себеби жалпы салык көлөмү 27,25% түзүп жатат. 2016-жылы сатып алуу салыгын накталай акчасыз иштеген мекемелер үчүн жойгонбуз. Бирок анын натыйжасы жакшы болгон жок. Ошон үчүн менин оюмча, кошумча нарк салыгын төмөндөтсөк туура болмок. Азыр дагы бир көйгөй ЕАЭБге киргенден кийин пайда болду. Товар алып чыгуунун да, алып кирүүнүн да машакаты көп болуп калды.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.