Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда өтөрү белгилүү болуп калды. Бул дата расмий жарыяланбаса да, президент Алмазбек Атамбаев шаршембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда ушул күндү атап, шайлоого даярдык көрүүнү тапшырды. Адистер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, анык дата шайлоого үч ай калганда жарыяланышы керектигин белгилешет.
“Азаттык” радиосунун суроолоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жооп берди:
"Азаттык": Президенттик шайлоо өткөрүүнүн датасы расмий жарыяланбай туруп, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 19-ноябрда шайлоо өтөт деп айтканы канчалык мыйзамдуу?
Азырынча көрүнүктүү лидер жок. Ошондуктан, шайлоонун экинчи айлампасы боюнча сөз кылуу азыр эрте. Эгер болуп калса, биринчи турдан кийин дароо жарыялап, өткөрүүгө эреже жол берет.Ишенбай Кадырбеков
Кадырбеков: Бул эми мамлекет башчынын пикири болуп жатпайбы. Балким Борбордук шайлоо комиссиясы менен кеңешип, ушул күндү белгилешкендир.
"Азаттык": Бирок эреже боюнча датаны Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алгач расмий жарыялашы керек эмеспи.
Кадырбеков: Албетте, БШК айтышы керек. Мыйзамга ылайык, шайлоого үч ай калганда гана расмий жарыяланат.
"Азаттык": Президенттикке ат салыша турган талапкерлердин ысымдары айтыла баштады. Серепчилер онго чукул адам мамлекет башчы болуу ниети менен чыгарын, балким андан да ашып кетерин айтып жатышат. Андыктан, шайлоону эки тур менен өткөрүүгө азыртадан кам көрүү керекпи?
Кадырбеков: Бул жагы талапкерлердин деңгээлине жараша болот. Азыр үч талапкердин аты аталып жатпайбы (Төрөбеков, Сариев, Бабанов). Мүмкүн дагы да чыгаан кыз-жигиттерибиз ат салышат чыгаар. Бирок азырынча көрүнүктүү лидер жок. Ошондуктан, экинчи айлампа боюнча сөз кылуу азыр эрте. Эгер болуп калса, биринчи турдан кийин дароо жарыялап, өткөрүүгө эреже жол берет.
"Азаттык": Мурдагы шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн тизмеси, биометриканы аныктаган жабдуулардын иштебей калышы сыяктуу кемчиликтер болбодубу. Күзгө чейин бул маселелерди чечүүгө Борбордук шайлоо комиссиясында мүмкүнчүлүк кандай деп ойлойсуз?
Кадырбеков: Бул маселени БШК өз колуна алууга тийиш. Тизмени Мамлекеттик каттоо кызматына берип коюу туура эместигин мурда да айткам. Мамлекеттик каттоо кызматы - аткаруу бийлигинин органы. БШК аткаруу бийлигине да, президенттик бийликке да, сот бийлигине да кирбеген калыс орган. Андыктан, тизмени өздөрү такташы зарыл. Тизмени өкмөттүн колуна берип коюу туура эмес иш. Макул, эми аны мыйзамга ылайыктап коюшту, бирок тизме боюнча акыркы чечим БШКда калууга тийиш.
Биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо өткөрүү - туура жол. Бирок андан да башка маселе бар. Автоматтык түрдө добуш санаган электрондук жабдуулар кооптуу.
"Азаттык": Ушундан мүчүлүштүк чыгышы мүмкүнбү президенттик шайлоодо?
Добуш берүү жыйынтыгына чет өлкөлөрдөн кимдир бирөөлөрдүн аралашуусу таасир бериши толук мүмкүн. Элдин кандай добуш бергени эмес, компьютер адистеринин аракети маселени чечип коюшу ыктымал болуп жатпайбы.
Кадырбеков: Ал жабдууларды Түштүк Кореядагы адистер жасаган. Силерге маалым, АКШдагы шайлоо өнөктүгүндө орусиялык хакерлер шайлоо системасына чабуул жасаганы айтылып, бир топ баш оору жаратпадыбы. Азыр мына Франциядагы шайлоого кийлигишип жатканы сөз болуп жатат. Демек, добуш берүү жыйынтыгына чет өлкөлөрдөн кимдир бирөөлөрдүн аралашуусу таасир бериши толук мүмкүн. Элдин кандай добуш бергени эмес, компьютер адистеринин аракети маселени чечип коюшу ыктымал болуп жатпайбы.
"Азаттык": Кыргызстанда мындай кырдаалды болтурбоого БШК даярбы?
Кадырбеков: БШК аткаруучу эле орган. Бул маселени ойлонуу президенттикке ат салышып жаткан жигиттерибиздин милдети. Алар өз тагдырын хакерлердин же башка мамлекеттин колуна салып бербеши керек. Азырынча убакыт, мүмкүнчүлүктөрү бар.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.