Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Оппозиция: "мураскер операциясы" болбошу керек


Ак үй.
Ак үй.

"2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталган жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин "мураскер" даярдоосуна жол бербөө маселеси талкууланды.

Бул саясий форумга Феликс Кулов, Кубатбек Байболов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Жылдыз Жолдошева, Марат Иманкулов, Ишенбай Кадырбеков, Каныбек Иманалиев жана башка отуздан ашуун саясатчылар катышты. Жыйынды “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов алып барды.

Оппозиция жыйынындагы сөздөр

Жыйында президенттик шайлоо, ага бийликтин даярдыгы, шайлоо системасы, Баш мыйзамды өзгөртүү сыяктуу маселелер талкууланды.
Маселен, саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүнкү саясий жыйында Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген пикирин билдирип, жарандык коомду, белгилүү саясатчыларды, оппозицияны бул демилгени колдоого чакырды. Жээнбеков бардык дымактуу саясатчылар жаңы маданиятты, жаңы көз карашты калыптандырууга тийиштигин ырастап, бүгүнкү форумдан кийин координациялык кеңеш түзүүнү сунуштады.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келечектеги президент бир партияга байланбашы керек деген маселени көтөрдү:

- Көрүп жатабыз. Азыркы президент өзүнүн партиясы үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканын. Ошондуктан, президенттикке талапкер адамдар өлкө башчысы болуп калса партиясынан, дегеле саясаттан кетем деп убада бериши керек.

Өмүрбек Текебаев шайлоо таза болушу үчүн "мураскер" операциясы болбошу керектигин айтып, "мураскер" катышса административдик ресурс сөзсүз колдонуларын белгиледи. “Ата Мекен” партиясынын лидери "мураскерге" каршы күрөшүүгө саясатчылардын баары милдеттенме алышы керектигин да айтып кетти.

Ал эми саясатчы Адахан Мадумаровдун пикиринде, азыркы шартта адилет шайлоо өтөрүнө ишеним аз:

- Бүгүнкү күнү БШК, Мамлекеттик каттоо кызматы баары, кыскасы, жалпы административдик ресурс бийликке иштейт. Ошондуктан, мындай кырдаалда шайлоо мыйзамдуу өтпөйт.

Ал эми “Ата Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бир столго отурбай келген адамдар чогулуп, шайлоону таза өткөрөбүз деп жатканы жакшы көрүнүш экенин белгиледи. Ташиев бүгүнкү чогулгандардын арасында президенттик шайлоого катышарын ачык билдирген үч кишинин жоктугун айтып, "Аларга таза шайлоо кереги жокпу?" деген суроону койду.

Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев саясий форумда сүйлөгөн сөзүндө башка саясатчыларды өздөрүн иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды:

- Биз саясий күрөштүн биринчи этабын уттуруп койдук. Референдум болбошу керек эле. Ага жол берип коюп, “Мураскер болбойт” дегенибиз утопия. Бийлик баары бир ошого барат.

Иманалиев мындай форматтагы жолугушуу уланып туруусу зарылдыгын белгиледи. Ал таза шайлоо өтүшү үчүн ким эмне кылышы керек, кимге кандай милдет жүктөлүшү керек, баарын тактап ошого жараша иш кылууну сунуштады.

Бийликтин убадасы

Президент Алмазбек Атамбаев "мураскер" даярдабай турганын, шайлоо элдин тандоосуна коюларын айтып келет. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков буга чейин "Азаттык" үналгысына шайлоону акыйкат өткөрүү биринчи кезекте бийлик партиясынын кызыкчылыгындагы маселе экенин белгилеген:

- Бүгүнкү күндө бардык мекенчил саясатчылардын максаты бирөө эле. Бул - тынчтык жолу менен таза шайлоонун өтүшүн камсыздоо. Алдыдагы шайлоо Кыргызстанга кандайдыр бир саясий олку-солкулукту алып келбесе экен деген эле ниет. Ошондон башкача ойлонгондор алар – Кыргызстандын келечегин, ынтымагын жана бейпилдигин ойлобогон адамдар. Албетте, бул шайлоодо бүтүндөй жоопкерчилик айрыкча биздин партия үчүн абдан эле чоң болот. Бирок президенттик шайлоого катыша турган башка саясий күчтөр дагы жоопкерчиликтүү мамиледе болуп, бул саясий өнөктүктүн тынч жана таза өтүшүнө салымын кошууга тийиш. Ошондуктан бийликти конституциялык жол менен, тынч өткөрүүгө тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын күз мезгилине белгиленген. Азырынча шайлоого катышарын “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев расмий билдирди.

Атамбаев: мураскер даярдабайм (12.03.2016)
Атамбаев: Мураскер даярдабайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG