Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Баркы кеткен диппаспорт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык жана кызматтык паспортторду жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын кабарлады.

Башкы көзөмөл орган Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзам, "Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө" жобо бузулганы аныкталганын маалымдады. Учурда аны текшерүү жана министрликтин жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берүү жагы каралып жатат.

Мекеменин басма сөз кызматы аталган министрликтин кызматкерлери кызматтык, дипломаттык паспортторду колдонуу, тапшыруу жараянында мыйзам бузганы үчүн 12-сентябрда факт боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бардык материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Учурда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде прокуратура тарабынан чет өлкөлүк иш сапарлар, кызматтык паспорттор боюнча текшерүү жүрүп жатканын министрдин орун басары Лунара Мамытова “Азаттыкка” кабарлады.

Орун басар Мамытова жеке өзү дипломаттык паспорттун кызматтан сырткары пайдаланбаганын, анын дарегине айтылып жаткан ар кандай кептер жалган экенин билдирди.

- Мен 2016-жылдан бери үч жолу сыртка чыккан экенмин. Ошол үч учурумда тең дипломаттык паспорттун ээси катары, кезексиз өтүп же VIP зал менен барган эмесмин. Кытайга эс алуу үчүн дипломаттык паспорттун колдонуптур деген жалган маалымат. Ал жерде андай паспортту колдонгон эмесмин. Ушунчалык жалган маалыматтын кимге кереги бар? Кимдир бирөөлөр үчүн пиар маанилүү окшойт деп ойлоп калдым. Депутаттар, ошону айтып чыккан депутат дагы менин оюмча бир айда болбосо да, эки айда бир жолу сыртка чыгат болуш керек.

24-сентябрда парламент депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери мамлекеттин эсебинен чет элдик сапарларга үй-бүлөсү менен барган учурлар тууралуу айтып чыккан эле.

Ал эми 26-сентябрда премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атайын жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова катышкан окуя боюнча оюн билдирип жатып, дипломаттык паспортторду пайдалануу талаптарын күчтөндүрүүнү тапшырды.

- Дипломаттык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн керек, - деди ал.

2014-жылы дагы атайын паспортторго байланыштуу чыр чыккан. Анда депутаттык комиссия түзүлүп, атайын дипломаттык паспорттор мындай документ алууга укугу жок бир нече жаранга мыйзамсыз берилгенин аныкташкан. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы жана неберелери, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жубайы, теле алып баруучу Ассоль Молдакматова баштаган бир нече жарандар болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов кызматтык жана дипломаттык паспорт боюнча ар кандай айың кептер чыгып жатканын айтып, документ берүүнүн жобосун өзгөртүү керек деп эсептейт.

- Дипломаттык жана кызматтык паспорттор эмненин негизинде, кимге берилген, жобо боюнча кандай деген маселелер көтөрүлүп жатат. "Жобо туура эмес бекитилип калган" деп жатышат. Азыр 2013-жылкы бекитилген жобо менен берилип атат. Андан бери өкмөттүн структурасы бир нече жолу өзгөрдү. Убагында Тышкы иштер министрлиги буга чара көргөн эмес.

Учурда өлкө боюнча кызматтык жана дипломаттык паспорттор канча адамга берилгени боюнча Тышкы иштер министрлигинен тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Парламент депутаты Дастан Бекешовдун маалыматында Кыргызстанда 1000дей адамга атайын паспорт берилген. Эл өкүлү Бекешов атайын паспорттордун колдонулушун көзөмөлдөө өтө жеңил экенин белгилеп, укук коргоо органдарын сындады.

- Миң эле кишиге берилген. Аны текшерүүгө беш эле саат кетет. Дипломаттык паспорт менен чыкса мамлекетке эч кандай зыяны жок. Жөнөкөй паспортпу же дипломаттыкпы анын айырмасы эмне?

Дипломаттык жана атайын кызматтык паспорт Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы тарабынан берилет. Мамлекеттик кызматкер жумуштан бошотулган учурда кызматтык паспорттун беш күндүн ичинде тапшырышы керек. Ошондой эле бул документ кызматтык сапарларга гана колдонулуп, ошол маалда гана ар кандай артыкчылыктарга ээ болот. Дипломаттык паспорт ээлери мамлекет макулдашкан чет өлкөлөргө гана визасыз кирүүгө укуктуу.

Дипломаттык паспорт президентке, парламенттин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына, министрлерге, элчилерге жана алардын орун басарларына берилет. Ал эми кызматтык паспортту жогорудагы жетекчилердин жардамчысы, кеңешчиси, аппарат башчылары алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG