24-сентябрда парламент депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери мамлекеттин эсебинен чет элдик сапарларга үй-бүлөсү менен барган учурларды санап берди.
Кызматтык сапарлар үчүн эң көп каражат короткон мекемелердин сап башында Билим берүү жана илим, Айыл чарба жана тамак-аш, Экономика министрликтери турат. Эл аралык уюмдар жана мамлекет каржылаган сапарлардан кандай жыйынтык чыгып жатат? Мамлекет андан пайда көрүп жатабы?
Министр: "Бул - каралоо"
Финансы министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, өткөн жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү 127 млрд. 747 млн. жакын сом же 2 млрд. доллардай болсо, анын 10 млн. доллары кызматтык сапарларга жумшалган.
Бирок аталган мекеме соңку эсептөөлөр боюнча кызматтык сапарларга 4,5 млн. доллар гана каражат жумшалганын билдирүүдө.
24-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри, анын орун басарлары мамлекеттик, эл аралык уюмдардын эсебинен чет өлкөгө үй-бүлөсү менен барганы тууралуу маалыматтарды текшерүү керектигин билдирген.
Депутаттын айтымында, аталган министрликтин адистерин чет өлкөгө чакырган иш-чараларга, окууларга министр жана анын орун басарлары гана барып жатат.
Эл өкүлү мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар дипломатиялык паспортун эс алууга да пайдаланып жатканын кошумчалады. Бул мамлекеттик мекемелердин жана анын жетекчилеринин чет өлкөлөргө сапары канчалык мыйзамдуу, натыйжалуу жана пайдалуу болуп жатат деген маселени күн тартибине алып чыкты.
Эреже боюнча мамлекеттик кызматкер чет өлкөгө сапарга чыгаар алдында өкмөт башчыдан уруксат алышы керек. Касымалиеванын айтымында, министр ушундай уруксат болбогон учурда эс алууга чыгып кеткен.
Көп өтпөй министр Таалайгүл Исакунова бул маалыматтар такталбаганын, каралоо экенин “Азаттыкка” билдирип, убактысы болгондо кенен маалымат берүүгө убада кылды.
- Ушундай каралап, такталбаган маалымат берүү жакшы эмес. Убакыт болгондо кенен айтып берейин.
Ал эми министрликтин басма сөз кызматы орун басар Лунара Мамытованын чет өлкөгө чыгуусунда мыйзам бузуу болбогонун билдирген маалымат таратты.
Ал арада Башкы прокуратура аталган министрликтин жетекчилери дипломаттык паспортторду жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгонун аныктады.
Мекеменин маалымат кызматы 26-сентябрда тараткан кабарга караганда, министрликке пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Ага ылайык мекеменин учурдагы жана кызматтан бошотулган кызматкерлерине, бөлүм башчыга административдик укук бузуу боюнча өндүрүштүк иш козголду. "Учурда бул боюнча териштирүүлөр уланууда. Анын жыйынтыгына карап тийиштүү кызматкерлерине юридикалык баа берилет" деп айтылат башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өткөн жылы кызматтык сапарларга бюджеттик каражаттан 11 млн. сом жумшаган. Быйыл сегиз айда бул сумма 7 млн. сомдон ашкан. Мындан сырткары эл аралык уюмдар каржылап, ошолордун эсебинен тажрыйба алмашууга, окууга же кандайдыр бир иш-чарага барган учурлар да арбын.
"Үзүрүн бербеген иш сапарлар"
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жанар Акаев кыргыз чиновниктери кызматтык сапарды саякат менен алмаштырып жатканын белгиледи.
Ошондой эле өнүгүүнүн же кайсы бир тармакты реформалоонун ыкмасын алып келген учурлары сейрек экенин сындады.
- Мисалы, Ички иштер министрлиги бирдиктүү терезе, бизнеске жеңилдиктер, ИИМ реформасы тууралуу ошол эле Грузияга канча барып келди! Билим берүү министрлиги Финляндияга чейин барды. Баарыт ушинтип кыдырышат, бирок Кыргызстанга бир дагы жолу ошолордун ыкмасын үйрөнүп, алып келишкен жок. Грузиянын хачапуриси менен хинкалисин, Түркияга барса кебабын жеп, Францияга барса виносун ичип, дүкөндөргө кирип, шопинг кылып, сапардан жыйынтык чыккан учур боло элек.
Ошол эле маалда кызматтык сапарлар үчүн каражатты эң көп сарптаган министрликтердин сап башында турган Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражат, анын канчалык натыйжалуу пайдаланылып жатышын текшерүү талабы да коюла баштады.
Өткөн жылы аталган мекеме ушундай максатта коротулган каражаттын суммасы 44 млн. сом экенин көрсөткөн. Быйыл тогуз айда бул сумма 32 млн. сомдон ашкан.
Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, министр Гүлмира Кудайбердиева бул жылы төрт жолу чет өлкөгө сапарга чыккан. Алардын бири мамлекеттин эсебинен төлөнсө, калгандарын чакырылган тарап каржылаган.
Жыл башынан бери министр КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү багытында кызматташуу Кеңешинин жана Москва эл аралык билим берүү жыйынына, кесиптик билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөр ортосундагы кызматташтык боюнча Польшада өткөн конверенцияга катышкан.
Мындан сырткары мектепке чейинки билим берүү боюнча ушул тармакта иштеген жетекчилер жана саясатчылар менен тажрыйба алмашуу үчүн Швецияга сапарга чыккан.
Министрлик мугалимдер жыл сайын квалификациясын жогорулатып турушарын белгилеп, сапарларга эң көп каражат сарпталган себебин да ушуга байланыштырды. Мекеменин басма сөз кызматы министр сапарларга туугандарын алып барбаганын кошумчалады.
Аида Касымалиева "Фейсбуктагы" баракчасына экономика министринин Айнура Жакыпова аттуу коомдук башталыштагы кеңешчиси Эл аралык кызматташтык агенттиги каржылаган иш-чарага барып, бирок ага катышпай, өз иштери менен кеткенин жазды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы ушундай кызматкер бар экенин ырастап, бирок маалыматты тактап беришкен жок.
"Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов мугалимдердин санын кыскарткандын ордуна кызматтык сапарларды азайтып, ага кеткен каражатты мугалимдин айлыгына кошсо туура болмок деген пикирде.
- Бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча кеткен каражаттарды карасаң байланыш үчүн жалпысынан 978 млн. сом кетиптир. Булар туугандары менен телефондон сүйлөшкөнүн деле жаза берген окшойт. Транспорт кызматы үчүн 526 млн. сом, ал эми 12 млрд. сом мамлекеттик кызматкерлер ооруп-сыктап калса, алардын жакындарына кеткен. Ушундан кийин "мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы эле оорукчанбы? Чет өлкөгө эле сапарларга бара беришеби?" деп ойлойсуң. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында 3 миң мугалимди кыскартып, айлыкты көбөйтөбүз деп жатышат. Биз чыгашаны азайтып, ошонун эсебинен айлыкты көтөрүп, билим сапатын жогорулаткыла деп жатабыз.
Кызматтык сапарларга көп каражат сарптагандардын арасында Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги дагы бар. Бул мекеме былтыр 26 млн. сом сарптаган. Ошол эле кезде "иши начар, жыйынтык чыкпай жатат" деп өтө көп сынга кабылган министрликтер да ушулар болууда.
Мекеменин башчысы Нурбек Мурашев министрлик жана уюмдардын эсебинен быйыл эки жолу гана чет өлкөгө сапарга чыкканын "Азаттыкка" билдирди.
- Эл аралык уюмдар менен көбүрөөк иштешкен министрликпиз. Ал эми мен эл аралык уюмдардын же мамлекеттин эсебинен быйыл эки жолу гана чет өлкөгө сапарга чыктым. Калганын жазуу түрүндө бардык маалыматты беребиз.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков эгер чиновниктин мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө сапарга чыкканы аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деди:
- Адатта үй-бүлөсүн алып чыкпайт. Өзү төлөп, үй-бүлөм да барып келсин деген учур болушу мүмкүн. Бирок мамлекеттин же чакырып жаткан тараптын эсебинен төлөнүп жатса, анда ал толугу менен коррупция болуп эсептелет.
Мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыгып "чардаган" чиновниктердин жагдайы буга чейин да көтөрүлүп келген.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги башчысы Жаныбек Бакчиев байлар минген “Челленжер” учагын алдыртышканы, Орусияны кыдырып келишкени тууралуу маалымат тараган.
2011-жылы Жогорку Кеңештин он беш депутатын баштап, жалпы 36 кишинин коштоосунда ошондогу төрага Акматбек Келдибеков Малайзия, Индонезия өлкөлөрүнө жасаган иш сапарына мамлекеттен 200 миң доллардан ашык акча короткону айтылган.
Экс-төрага менен кошо анын жубайы Аида Токтоматова, төраганы жеке дарыгери, сүрөтчүсү, оператору, котормочусу, маалымат катчысы баштаган жардамчылары коштоп барганы коомчулукта кызуу талкууга алынган. Ушундан кийин парламентте айрым депутаттар төрагага ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.
Кыскасы, экономикалык жагдай абдан оор болуп турган чакта аткаминерлердин шаан-шөкөттүү иш сапарлары, жашыруун сапарлары, алар бюджеттен короткон акчалар талаш-тартыштарды жаратып келатат.
Мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө арбын чыгып, бирок натыйжасы болбой жатканы тууралуу сын пикирлер депутаттарга да айтылып жүрөт.