"Үмүт" - дүлөй кыздын дүйнөсү
Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында Дүлөйлөр жана дудуктар жатак мектебинин окуучулары катышкан “Үмүт” аттуу спектаклдин бет ачары өттү. Угуу жана сүйлөө жөндөмүнөн ажыраган таланттуу улан-кыздар улуттук маданияттын тарыхында биринчи жолу алты саны аман жарандар менен биргеликте образ жаратты.