Алар мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилген турак жайлар муктаждарга эмес, үй-жайы барларга берилип жатат деп арызданышууда. Ал эми “Азиздер жана дүлөйлөр” коому мындай дооматтарга негиз жок деп ишендирүүдө.
Эки күндөн бери батир бөлүштүрүүгө нааразы болгон топ “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мекемесин айланчыктап, жетекчиликке нааразычылыгын билдиришүүдө. Алардын бири Батма Койлубаева кызы үчүн кам көрүп жүргөн экен.
- Менин кызым биринчи топтогу майып. Эки баласы бар. Алты жаштагы кызы да биринчи топтогу майып. Беш жылдан бери реабилитациялоо борборунда турат. Алардын өзүнүн эрежеси бар экен. Ага ылайык ал жерде алты ай гана турууга болот. Биз алты ай сайын чыгып, кайра барганга туура келүүдө. Ал жердегилер боору ооругандан гана кабыл алышат.
Батма Койлубаева мында топтолгон жыйырма чакты майып бул маселени иликтөө үчүн тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирди. “Мамлекеттик мекемелерден атайын комиссия түзүлүп, бизден озунуп батир алгандардын аракети канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин аныктап чыгышы керек”, - дейт ал.
Жетимиш Мамашев да бир нече жылдан бери мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилип жаткан батирге кезекте турат. Анын айтканына караганда, батир алган майыптардын дээрлик баары буга чейин бир нече жолу үй алган.
- Булар буга чейин бир нече жолу үй алган. Алды алган үйлөрүн сатып жиберип, кайра жаңы үй алышып жатат. "Балык башынан сасыйт" деген ушул. Аларга Калык Барктабасович (“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жетекчиси - ред.) жумуш да берип жатат. Бул адилетсиздик. Үйгө муктаждардын тизмесин өздөрү чечет экен. Алар өз алдынча уюшуп алып, туура эмес чечип жатат.
Өткөн жумада Көк-Жар кичи районунда президенттин атынан “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөлөрүнө бир бөлмөлүү 90 батирдин ачкычтары тапшырылган.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 90 батирлүү турак үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 87,51 млн. сом бөлүнгөн. Бул үйгө кирип жаткан 90 жашоочунун 60ы азиз, 25 адам дүлөй, төртөө майып, бирөө “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасында күзөтчү болуп, 10 жылдан ашуун эмгектенген адам.
Үйдүн жертөлөсүндө медициналык борбор, азиздер жана дүлөйлөр үчүн адистештирилген республикалык китепкана жана социалдык-соода жайлары жайгашкан.
Өкмөт аралашпаган комиссия
“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, үй берүү учурунда ар бир алуучу тыкыр текшерилген, бир нече комиссиядан өткөн. Бөлүнгөн үйлөр мурда батири барларга таркатылды деген туура эмес.
- Жетимиш Мамашев деген бир жигит арызданып жүрөт. Анын буга чейин үйү бар эле. Оштон 1990-жылдарда коомдун акчасына салынган үйдөн эки же үч бөлмөлүү батир берилген. Өзүнүн каалоосу менен ал үйдү жок кылып салыптыр. Эми кайра дагы бер деп атпайбы. Алтынбек Тобокел уулу деген да көзүнөн майып жигит бар. Ал атасынын жалгыз уулу. Майып карындашына үй берилген. Ата-энеси өтүп кетти. Эми бул жигит ата-энесинин мураскору да. Ал дагы туруп алып, мага да үй бергиле деп жатат. Мисалы, азыркы үйлөрдү жети, беш балалуу көчөдө жүргөн майыптарга бердик. Негизинен көп балалууларга бердик.
Мамбетакунов айткан Жетимиш Мамашев өзү болсо союз учурунда ага иштеген жеринен үй берилгенин танбайт. Бирок кашайып ал батирин ошол кезде өзү сыяктуу майыптар менен бирдикте башка бир адамдарга алдатып ийген экен. “Ошондо мени менен кошо үй алып, анысын мен сыяктуу эле алдатып ийгендер да алып жатат, а мага жок”, - дейт Мамашев:
- Токсонунчу жылдары биз жумуш токтоп калганда соода кылабыз деп алдатып койгонбуз. Биз менен кошо он чакты киши алдаткан. Ошолордун ичинен менден башкалары үйгө ээ болду. Мен эле калдым.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун айтымында, үй маселеси миңдеген майыптардын негизги көйгөйү. Депутат нааразы болгондор ошол коомдун мүчөсү болгондуктан ич ара комиссия түзүп, үйлөр кимдерге, кандай шартта берилгенин аныктап чыкканга укугу бар экенин айтты:
- Депутаттар коомдук уюмдардын ишине киришкенге болбойт. Бул боюнча мага да кайрылгандар болуп жатат. Бирок мен аларга силер ошол коомдун мүчөсү болгондон кийин ал жердеги абалды иликтегенге укугуңар бар деп жөнөткөм. Алар өздөрү комиссия түзүп, үйлөр кимдерге берилгенин изилдеп чыкса болот.
Батирлерди бөлүштүрүү комиссиясына Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек мэриясынын социалдык коргоо бөлүмү таптакыр катышкан эмес. Алар да бул маселени негизинен “Азиздер жана дүлөйлөр” коомдук уюму өздөрү чечкенин айтышты.
“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, Союз кулагандан бери Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бир да үй салынган эмес. Түркмөнстан жыйырма үч жылда бул катмардагы жети жаранга мамлекеттин эсебинен үй берген. Ал эми Кыргызстанда эгемендик жылдары майыптар үчүн 653 түтүн майыпка бекер үй тартуулаган.
Учурда “Азиздер жана дүлөйлөр” коомдук уюмунун 10 200 мүчөсү бар.