Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бул иштеги коррупцияны уюштуруучу жана башкаруучу катары мүнөздөп, калгандарына коррупцияга шериктештик боюнча айып коюлганын парламентте билдирген.
Кылмыш ишиндеги айыптоо корутундуларында коррупцияга байланыштуу шек саналган жогорку кызмат адамдарынын иш-аракеттери кандайча көрсөтүлгөн?
Максим Бакиев баш тарткан долбоор
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбооруна байланыштуу кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу баяндамасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду коррупциялык байланыштарды уюштуруучу жана башкаруучу катары сыпаттады. Исаковдун айыптоо корутундусунда Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча демилге 2009-жылы эле көтөрүлүп, Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча долбоор 150 миллион долларга бааланганы көрсөтүлгөн. 2010-жылдын башында ТВЕА компаниясы аны оңдоону 200 миллион долларга аткарууну сунуш кылып, бирок кыргыз тарап андан баш тартканы белгиленген.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Сапар Исаковдун ТВЕА компаниясы менен байланышы ал Максим Бакиев жетектеген агенттикте иштеп турганда эле башталган деп эсептейт.
- Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укугунан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен долбоорду аткара турган компанияны тандоо, келишимдин баасын аныктоо жана ага кол коюу маселелерин түздөн-түз чечип, аларды ишке ашырууну уюштурганы аныкталып, далилденди. Сапар Исаков мурунтан түзүлгөн туруктуу байланыштарын пайдаланып, ТВЕА компаниясынын 386 миллион долларлык кымбат долбоорун сунуш кылып, анын кызыкчылыгына иштеген. Жетекчиликтин тапшырмасына таянып алып, ал 2010-жылдын башында ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБин жаңылоону 200 миллион долларга бүтүрүү тууралуу сунушу ошол кезде четке кагылганын билип туруп, дал ушул компания менен келишим түзүүнү уюштуруп, аны ишке ашырган, - деди башкы прокурор.
Кылмыш ишинин материалында 2013-жылдын январь айынын башында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Сапар Исаков "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов менен анын орун басары Жолдошбек Назаровду иш бөлмөсүнө чакырып, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясынан жакында коммерциялык сунуш түшөрүн айтканы белгиленген. Андан ары ал планды ишке ашырыш үчүн аталган эки жетекчи менен келишип алып, долбоорду ишке ашырыш үчүн аталган компанияны тандоону колдоо боюнча президенттик аппаратка кат жазууну суранганы көрсөтүлгөн.
Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов бул дооматты чындыкка коошпогон жалаа деп эсептейт.
- Бул кылмыш ишинде эч кандай далилдер жок, - деди мурдагы премьер-министрдин жактоочусу. - Тергөө органдары Сапар Исаковго жөн эле коррупция боюнча айып коюп, кандайдыр бир уюшкан мафиянын башчысы катары сүрөттөп, далилдери жок эле кине коюп жатышат. Сапар Исаков өз ыйгарым укугунан аша чапкан жери жок. Бул эл аралык келишим болгондуктан Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары чет өлкөлүк элчиликтин өкүлдөрүн кабыл алып, алар менен бул маселе боюнча сүйлөшүү жана ал боюнча мамлекет башчысына кабарлап туруу - анын түздөн-түз милдети болгон. Бул жерде кылмыш жок.
"Бул коррупциялык ишке шериктешкен" деген айып менен мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов сот жообуна тартылууда. Айыпталгандардын арасында насыя келишимине кол койгон мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да бар. Башкалардан айырмаланып, ага коррупция боюнча эмес, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып коюлду.
Ал эми энергетика министринин мурдагы орун басары, кийин министрлик "Улуттук энергохолдинг" болуп түзүлгөндө аны жетектөөгө келген Айбек Калиевге карата айыптоо корутундусунда ал Сапар Исаковдун ишенимдүү адамы катары Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров менен бирге планды ишке ашыруучу топко тартылып, иш алып барганы көрсөтүлгөн.
Адвокат Бактыбек Жумашев өз кардары Айбек Калиев бул долбоорду ишке ашырууда аткаруучу гана болгонун жана жеке өзү чечим кабыл албаганын айтты:
- Мен жактаган Айбек Калиев ага коюлган айыптоого таптакыр макул эмес. Анткени кылмыш ишинин материалдары боюнча бир да чечимди ал жалгыз өзү кабыл алган эмес. Ал өзүнүн кызматтык милдетин гана аткарып, өйдө жактын буйруктары менен иштеп жүргөн. Эгерде ошол буйруктарды аткарбаса, анда ал жумуштан кетмек.
Жоопкерчиликти башкага оодаруу "оюну"
Тергөө материалдарында көрсөтүлгөндөй, "Электр станцияларынын" дарегине ТВЕА компаниясынын жетекчиси Ли Бяньчунун атынан 2013-жылы 30-январда сунуш түшкөн. 31-январда болсо Авазов менен Назаров бул компания менен кызматташтыкты колдоону сурап, тиешелүү министрликтерге көрсөтмө берүү боюнча президенттик аппаратка кат жөнөткөн. Салайдин Авазов тергөөгө берген көрсөтмөсүндө Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча чечимди ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен түзүлгөн "мекеме аралык комиссия кабыл алган" деп айтып берген.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева ТВЕА компаниясы кандайча тандалганы жана анын мекеме аралык комиссия түзүлгөнгө чейин эле чечилип калган көмүскө жагдайларына тергөө кандайча баа бергени тууралуу парламентте маселе көтөргөн болчу:
- 2013-жылы 11-июлда гана мекеме аралык комиссия биринчи жолу жыйын куруп, ТВЕА менен контракттык макулдашуунун долбоорун караган. Бул комиссиянын ишинин жыйынтыгына кандай укуктук баа бердиңер? Анткени бул мекеме аралык комиссия формалдуу түрдө эле түзүлгөнү жана тиешелүү чечимдердин ага чейин эле башка жактан мурда эле кабыл алынып турганы боюнча убактылуу депутаттык комиссия иликтеп жаткан учурда белгилүү болгон. Себеби бул жерде кеп кызматташыбыз, депутат Осмонбек Артыкбаев тууралуу жүрүп жатат. Биз бул жерде маселенин бардыгы мурда эле чечилип калган жана Артыкбаев процедуралык гана маселелерди аткарган деп айтсак болобу?
УКМКнын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы коррупцияны иликтеген тергөө тобунун башчысы Сагындык Самидин уулу мекеме аралык комиссия чечим кабыл алынып калгандан кийин түзүлгөнүн ырастады. Ал бул маселе боюнча чечимдер алгач президенттик аппаратта даярдалып, кабыл алынып, андан соң гана расмий нукка салуу иретинде ылдый түшүрүлүп турганын белгиледи:
- Негизи мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрүн сураганыбызда алар жогору жактан контракттык келишимдин даяр долбоору аларга берилгенин айтып, көрсөтмө беришкен. Анан ал келишимдин шарттарын иликтеп, текшерип, талдап чыкканга убакыт берилбегени белгилүү болду. Себеби бул комиссияга болгону үч күн гана мөөнөт берилип, ошол убакыт аралыгында "чечимиңерди чыгарып бергиле" деген талап коюлганы тууралуу комиссия мүчөлөрү түшүндүрмө беришкен. Алар даяр чечимге эле макулдук беришкен. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мекеме аралык комиссияны эмне себептен түзгөнү жана анын зарылдыгы да түшүнүксүз. Негизги үч маселе мурда эле президенттик аппаратта чечилип калган. Алар ишти аткара турган компанияны тандоо, келишимдин баасы жана ишти бүтүрүү мөөнөттөрү. Калган иштерди аткаруу жагы андан кийин башка мамлекеттик органдарга тапшырылган.
Атамбаевдин Артыкбаевге берген тапшырмасы
Тергөөнүн материалдарында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков 2013-жылы 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган катында Кытайдын соода өкүлү Цзин Юйлун менен долбоор боюнча жолугушканы көрсөтүлгөн. Анда ал соода өкүлү ТВЕА компаниясы сунуш кылган долбоордун баасын ылдыйлатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтканы жазылган. Ага чейинки сүйлөшүүлөрдө ТВЕА компаниясы долбоорду 396 миллион долларга бүткөрүүнү сунуш кылганы тергөөгө белгилүү болгон. Андан соң ошол кездеги энергетика министри Автандил Калмамбетов кызматтан алынган. 2013-жылы 24-майда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Энергетика министрлигине Исаков менен Ахметованын катында айтылган сунушту карап чыгууну тапшырып, көрсөтмө берген.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ошол учурда президенттен келип түшкөн бул көрсөтмө боюнча мындай деди:
- Артыкбаев энергетика министри болуп турганда, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев анын дарегине "карап көрүп, сунуш киргизгиле" деген виза коюп, кат жолдогон. Мен ошого эле токтолуп жатам. Андан кийин 386 миллион долларга келишим түзүлүп жатат. Ошонун негизинде элдин мойнуна чоң карыз илинерин ал билиши керек эле да. Ал эми ага кайрылган мурдагы президенттин иш-аракетине да кийин укуктук баа берилет. Ага байланыштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп коюлду.
ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы
ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы
Мурдагы мамлекет башчысынын Энергетика министрлигине берген тапшырмасына анын аппаратынын бөлүм башчыларынын жогорудагы "кызматтык" каты тиркелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аталган көрсөтмөсү жөнөтүлгөндөн эки күн мурун - 2013-жылдын 22-майында Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп дайындалган. Артыкбаев өз көрсөтмөсүндө кызматка жаңыдан киришип жаткандыктан президенттин тапшырмасын карап чыгууну ошол кездеги орун басары, кийин министрликтин ордуна түзүлгөн "Улуттук энергохолдингди" жетектөөгө келген Айбек Калиевге тапшырганын билдирген.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Сапар Исаковдун кызматтык каты тиркелген мурдагы президенттин энергетика министрине жазган көрсөтмөсүнө укуктук баа берилиши керек экенин айтты:
- Бул жерде ошол даталарды эле тактап көрсөк, бардыгы айгине болот. 2013-жылы 6-июнда эле бааны өзү бычып, кайсы компания долбоорду аткара турганын аныктап, иштин бардыгын өзү башкарып, чечим кабыл алып жатат. Андан кийин ал Атамбаевге кат жазып жатат. Буга эмнеге укуктук баа бербейсиңер? Анан ошол кездеги президент ошол бөлүм башчысынын берген кызматтык катынын негизинде коюлган тапшырманы өкмөткө табыштабай, түздөн-түз эле энергетика министри Артыкбаевге жөнөтүп, "аткаргыла" деген ишарат кылып жатпайбы. Анан мамлекет башчысы өзү жеке көрсөтмө берип жатса, өзү айтып жатса берген тапшырманы аткарбай көрчү, эмне болор экенсиң... Эмнеге силер ушул өңүттөн баштаган жоксуңар? Биз ошондо калгандарыбыздын баары Атамбаев менен Исаковдун кылмыштуу пландарын билбестен туруп, "мыйзамдаштырып" гана бергенбиз. Ишти экөө эле чечип коюшкан. Калгандарынын баары аткаруучу эле. Азыр камакта отурган сегиз министр пара алган деп айтууга менин оозум барбайт.
Шадиевдин карааны: баа бериле элек версия
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору 2013-2017-жылдарга каралган Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген болчу. Ошондой эле президент жетектеген Коргоо кеңешинин жыйынында Бишкектеги ЖЭБдин абалы талкууланып, аны оңдоого инвестиция тартуу маселеси көтөрүлгөн. Буга байланыштуу макулдашуу парламенттин тиешелүү үч комитетинин кароосунан өткөрүлүп, аны тез арада колдоого алуу жагы каралган.
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айыптоо корутундусунда келишимдин катаал шарттарына карабай, финансы министрине насыя келишимине кол коюуну табыштаганы көрсөтүлгөн.
Парламент депутаты Кожобек Рыспаев муну коррупциялык байланыштын жыйынтыгы деп баалады:
- Өкмөт биз берген эки эскертүүнүн бирин да кийин оңдогон жок. Биз "текшерели" дегенде да Сапар Исаков колу-бутубузду бурап, эч нерсеге жол бербей койду. ТВЕА компаниясын ким алып чыкты? Эмне үчүн анда Аскарбек Шадиевдин башкы эсепчиси ал жакка барып иштеп калган? Бул табышмактуу көмүскө жагдайды тергөөчүнүн көзү эмнеге көрбөйт? Бул ошолордун ортосунда өз ара байланыштар болгон дегенди түшүндүрөт.
Тергөө материалдарында көрсөтүлгөндөй, ТВЕА компаниясы 2011-жылдан тартып жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларын оңдоо жана көмөк чордондорун куруу боюнча 208 миллион долларга бааланган долбоорду аткарууга тартылган.
Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов тергөө эмнегедир бул иштеги коррупциялык байланыштардын башатында дагы кимдер турганын ачык атоодон айбыгып жатканын белгиледи:
- Бул көмүскө каржылык схемалардын башында ким турган? Сапар Исаков мүмкүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, уюштуруу иштеринин башында турса тургандыр. Бирок бул ишти сырттан карап, буйрук берип турган лидери ким болгон? Ушул суроого жооп издеп көрдүңөрбү? Укуктук баа бере алдыңарбы? "Аткаргыла, буга көңүл бургула" дегендей жогортон көрсөтмөлөр түшкөнүн далилдеген каттар жүрөт. Ачык айтканда бул ишке мурдагы президенттин канчалык тиешеси болгон? АКШга качып кетти деп жаткан Шадиев боюнча айтайын, анын ысымын да мен бул кылмыш иштеринен кезиктире албадым.
Тергөө тобунун жетекчиси Сагындык Самидин уулу бул боюнча тергөө учурунда чогултулган материалдар өзүнчө бөлүнүп алынганын билдирди. Анын айтымында, аталган фактыларга укуктук баа кийин берилет.
- Коюлган айыптоо боюнча мунун уюштуруучу - Сапар Исаков, - деди ал. - Мурдагы мамлекет башчысынын жана башка да кызмат адамдарынын үстүнөн топтолгон материалдар бул кылмыш ишинен бөлүнүп, өзүнчө калтырылды. Буюрса, бул аягына чейин иликтенип, анан ага да укуктук баа берилет. Шадиевдин иши да бөлүнүп коюлган иштердин алкагында тергелип жатат. Шадиевдин үстүнөн андан башка иштер боюнча да материалдар бар. Ошонун баары толук иликтенип, кийин кошумча укуктук баа берилет.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы коррупциялык кылмыш иши боюнча алдын-ала соттук териштирүү башталды. Анда ишти караган судья мамлекеттик айыптоонун жана адвокаттардын кылмыш ишиндеги калпыстыктарды жоюу же сотко катышууну камсыз кылуу боюнча өтүнүчтөрүн карайт. Соттук жараяндын өзү быйыл 27-февралга дайындалган.