Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Ысык-Көлдө калайман мушташ чыкты


Көл кылаасында жергиликтүү топтор менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыгып, ал ок чыгарууга чейин жетти.

Калайман мушташ 1-июлга караган түнү Ысык-Көл районунда болгон. Кечээ чатактын чоо-жайын облустук, райондук бийлик жетекчилери, жергиликтүү тургундардын аттуу-баштуу өкүлдөрү чогулуп териштирип, чыр турмуш-тиричиликке байланышкан талаш-тартыштан чыкканы айтылды. Чатакты азыр райондук прокуратура териштирип жатат.

Чатак таасир талашуудан чыктыбы?

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Матмусаевдин билдиргенине караганда, чатак "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында катталган дагы бир чырды териштирүү маалында күчөп кеткен. Буга таяк жеген тарапта да, таякталган тарапта да милиция кызматкерлеринин тааныш-билиштеринин болушу себеп болгон:

- Сабалган бала милиция кызматкери болгонуна байланышту оперативдик топ чакырылып, милиция кызматкери сабалганы аныкталган. Сабалган милиция кызматкеринин айтымында, аны беш бала ур-токмокко алган. Анан атайын топ качкан ошол беш баланы издей баштайт. Издөө учурунда алар аэропорт жактан бир топко кабылат. Бул жерде милиция кызматкерлери таш бараңга кабылып, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганга аргасыз болот.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы ошол эле мезгилде чатакка кылмыштуу топтордун тиешеси бар деген жоромолдорду төгүнгө чыгарды. Ал эми райондук прокурор Майрамбек Таалайбековдун билдиргенине караганда, массалык бул мушташты азыр прокуратура териштирип жатат:

- Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жасаган текшерүү иштери жана материалдарын бизге өткөрүп берди. Чечим кабыл ала элекпиз. Азыр юридикалык баа берилип, бардык материалдар каралып жатат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, чатакташууга пансионаттардын айланасында соода-сатык жүргүзүүдөгү атаандаштык себеп болгон сыяктуу:

- Эми бул жерде көл жээкте кандай иш кылуу, ким кайсыл жерди тейлейт деген сыяктуу иштөө тартибин аныктоо болгон экен. Эми негизи эле чатактын баары ошол жакта болгон. Ошол жерде чоң түшүнбөстүк болуп, чоң чатакка айланып кеткен. Анан азыр сүйлөштүк, кимде кандай күнөө болгону бир жуманын ичинде прокуратура тарабынан аныкталат.

Каптагаев бул жаңжалга байланыштуу тараптар менен жолугушуу үчүн Чолпон-Атага кечээ келген. Жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери менен чатакташкан жергиликтүүлөр Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын жана орун басарын бир жума ичинде иштен алуу талабын да коюшкан.

Ал эми Чолпон-Ата шаарынын тургуну Досубек Касымалиев тиричилик маселелеринен келип чыккан бул өңдүү араздашууларды тынчытып, туристтик сезондо аймактагы туруктуулукту сактоо жагын ойлонуу зарылдыгын айтат:

- Ушунун баарын токтотушубуз керек, сезон турат алдыда. Сезон болбой калса эмне болот? Бул окуя жөнөкөй эле турмуштук нерседен чыккан, муну ушунчалыкка жеткирбей эле чечип коюш керек эле.

Чынында эле бул өңдүү окуялар өнөкөткө айланып кетсе, ал туристтердин келүү агымына терс таасирин тийгизип, аймактын эле эмес, анда жашаган ар бир үй-бүлөнүн капчыгына залакасы тийиши мүмкүн.

Ошол эле мезгилде райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Матмусаев райондо быйыл туристтердин коопсуздугун сактоо үчүн ички иштер бөлүмү тарабынан 97 курсант, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан дагы кошумча кызматкерлер тартылганын айтып, сезон тынч өтөөрүнө ишендирди.

Дагы бир жаңжал

Макала даярдалып жатканда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак менен Ырдык айылынын өспүрүмдөрү ортосунда да 30-июндун кечинде араздашуу чыкканы белгилүү болду. Ырдык айылындагы калктын көпчүлүгү дунгандар болгондуктан араздашуу эки улуттун балдары ортосунда болгону божомолдонгон. Бирок Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Жудеевдин айтымында, жаңжал эки улуттун эмес, эки айылда жашаган кыргыз өспүрүмдөрүнүн арасында эле турмуш-тиричилик маселесинен чыккан. Жаңжалдан кийин эки айылдын аксакалдары араздашкандарды элдештирип, абал тынчыган.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG