Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» сыяктуу бир нече оор беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Атамбаев төңкөрүш жасоо үчүн кан төгүүгө даярданган» деп тыянак чыгарууда. Ушул жана башка маалыматтарды Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилери 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча уюштурган басма сөз жыйынында айтышты. Атамбаевди кармоо учурундагы кырдаал боюнча расмий версияларга токтолобуз.
Алгач башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев шек саналып жаткан бир нече оор беренелерди тизмектеп берди:
«Атамбаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилди».
Ошондой эле Жамшитов 7-8-августта Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо учурундагы башаламандык боюнча бир нече адам кармалганын жана дагы кармаларын айтты. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси бардык иштер саясий боёк сүртүлбөстөн кылдат иликтенерине ишендирүүгө аракет кылды. Ал эми «Азаттыктын» «Атамбаевди кармоо учурундагы күч түзүмдөрү кетирген алешемдик териштирилеби?» деген суроосуна «баары иликтенип жатат» деп жооп берди.
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев ыкчам маалыматтарды ачыкка чыгарып жатканын белгилеп, «Атамбаев өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн кан төгүүгө даярданган» деп билдирди. Опумбаевдин маалыматында, Атамбаев элди үйүнө чогултуш үчүн акча берген.
«Ал эмне үчүн айланасына аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды жыйнады? Алардын ар бирине миң сомдон 3 миң сомго чейин төлөп турган. Бул милиция келгенде кагылыш кылыш үчүн уюштурулган. Ал үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ага кан төгүш керек болчу. Мен муну расмий түрдө ачык айтам», - деди Опумбаев.
Опумбаевдин айтымында, ИИМдин тергөөчүсү кылмыш ишинде өзүнө коркунуч туулган учурда рапорт жазып УКМКга кайрылат. Атамбаевди кармоодо тергөөчүнүн рапортунун негизинде Опумбаев чечим кабыл алып, Кой-Ташка «Альфа» түзүмүнүн жоокерлерин жөнөткөнүн билдирди. Башкы чекист Атамбаевди кармоо боюнча беш план түзүлүп, анын эң ыңгайлуусун тандап алышканын жана президент Сооронбай Жээнбеков мындан кабардар болгонун белгиледи.
УКМКнын маалыматы боюнча, мурдагы президенттин тарапташтары, атайын кызматтын жана Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери Абдил Сегизбаев менен Улан Исраилов Атамбаевди кармоо операциялары тууралуу Кой-Таштагы «элдик штабга» маалымат жеткирип турушкан. Мындан сырткары УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаевди «коёндой коркок» деп атап, каза болгон жоокердин өлүмү үчүн Атамбаевди күнөөлөп, шарияттан да үзүндү келтирди.
УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу мамлекет тарабынан Атамбаевди кайтарыш үчүн бөлүнгөн эки жансакчы атайын кызматтын буйругуна баш ийбей койгонун билдирди. Аларга тергөө ишинин алкагында юридикалык баа берилерин айтты.
Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «8-августта Атамбаев кармалгандан кийин анын тарапташтары Ала-Тоо аянтына башаламандык уюштурууга аракет кылышкан» деп маалымдады. Жунушалиев чогулгандардын арасында баңгилер, соттолгондор болгонун айтып, муну уюштургандардын арасында депутаттар да бар деди.
«Балдар, арасында соттолгондор, баңгилер менен бийликти алып, шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет кылышты. Алардын артында мурдагы жана азыркы депутаттар бар экенин айтам. Азыр тергөө жүрүп жатат. Аяктагандан кийин аттарын атайбыз».
Жунушалиев өзү алгач Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн учурда колго түшүүгө макул болбой койгонун белгиледи. Ошентип, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин басма сөз жыйыны бир саатка созулду. Бирок көпчүлүк журналисттер суроо берүүгө үлгүрбөй калышты.
Ал тапта Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Жаңы жүздөр» («Новые лица») журналындагы маегинде 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуяларды «күч түзүмдөрү тарабынан уюштурулган чагым» катары баалады.
«Мен бул өтө кылдат уюштурулган чагым болгон деп ойлойм. Ал болушунча көп курмандыктарды алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан».
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө тартылган жарым саатка чукул видеомаекте ал 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда Ысык-Көлдө апасы менен эс алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле Кой-Таш операциясында окко учкан УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокерин атасы атпаганына ишенерин айткан.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып, УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын билдирди:
«УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен атайын бөлүктүн жоокерлерине кайрылып, «атпагыла» деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым».
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган.