Атайын кызмат бул маалыматты көпкө чейин тастыктабай, шаршемби күнү кечке жуук гана билдирүү таратты.
Кармалгандардын жакындары окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Рустамовдун ишине буга чейин эле катуу сын айтылып, Коопсуздук кеңеши өкмөт башчыга аны кызматтан алууну да сунуштаган. Ал өзү коюлган дооматтарды четке кагып келген.
УКМКнын маалыматына караганда, Рустамов жана анын жардамчысы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 миң доллар пара алып жаткан учурда 30-июлда колго түшкөн.
Алар чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Аларды тинткен учурда ар биринен пара катары алынган миң доллар өлчөмүндөгү акча табылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («пара алуу») боюнча катталды.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Акыркы учурда Рустамовдун ишмердиги катуу сынга кабылып жүргөн. Быйыл апрель айында Коопсуздук кеңеши Рустамовдун ишинде бир катар олуттуу кемчиликтерди, мыйзам бузуу фактыларын тапканын жарыялаган жана премьер-министрге аны кызматтан алууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин төрагасы, депутат Нурбек Алимбеков Рустамовдун ишмердигине байланыштуу комментарий берди.
«Ага карата сын-пикирлер бар экенин билем. Көп депутаттар өкмөт башчыга чейин кайрылышкан. Эми айрым иштерде жетишкендиктери, көп жерде кемчиликтери бар. Бирок Коопсуздук кеңеши ага байланыштуу текшерүү жүргүзүп, жөн жерден ушундай жыйынтык чыгарбаса керек».
Сөз болуп жаткан агенттик кезегинде Коопсуздук кеңешинин дооматтарын четке кагып, таратылган маалымат чындыкка дал келбесин айтып чыккан.
Ушул жылдын башында эле Эсеп палатасы агенттикте ири каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныктап чыкканын кабарланган. Буга байланыштуу мекеме президентке, өкмөт башчыга, Коопсуздук кеңешине отчет, сунуштама берип, Башкы прокуратурага тиешелүү чара көрүү боюнча кайрылган. Эсеп палатасы агенттикте каражаттын 50 пайыздан көбүн өзүнүн түзүмдөрүнө жумшарын жарыялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине бюджеттен тышкары донорлордон чоң-чоң каражат келерин, бирок алардын эсеп-кысабы жок экенин айтууда.
«Сырттан келген чоң гранттарды өзүлөрү билип эле каалагандай пайдаланышат. Бирок ушуга чейин мен агенттиктин «ушунча карагай отургуздук, жашылдандыруу, экологияга байланыштуу иш жасадык» деген бир да маалыматын уккан жокмун. Бирок чет жактан өтө чоң суммадагы каражат келет. Андан тышкары аңчылыктан түшкөн акчаны да кайра эле өздөрү иштетет. Бюджетке бир да тыйын түшпөйт».
Абдыкалык Рустамов Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин 2016-жылдан бери жетектейт. Аны бул кызматка ошол кездеги өкмөт башчы, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дайындаган. Рустамов ага чейин алты жыл агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылышты коргоо жаатында паракорчулук күчөп кеткенин, зыяндын көлөмү көбөйгөнүн сынга алып Абдыкалык Рустамовго эскертүү берген. Кийинки өкмөт башчы Сапар Исаков да Рустамовго катуу сөгүш берген. Жыл башында Рустамов азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден да катуу эскертүү алган.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигининин ишин көп жылдан бери мониторинг кылып келген эколог Динара Кутманова Рустамовдун ишмердиги боюнча мындай деди.
«Абдыкалык Рустамов 2010-жылдагы революциядан кийин агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Ал агенттиктин орун басары катары экология маселесин көзөмөлдөп турган. Рустамовдун бул тармакта иштеп келатканына тогуз жыл болду. Бул убакытта тармак алдыга жылган жок. Ал эрке бала болуп үч премьер-министр, эки президент менен иштешти. Ушуга чейин эмне үчүн анын жоопкерчилиги каралбай келгенине мен түшүнбөйм».
Абдыкалык Рустамов буга чейин «Азаттыкка» берген комментарийинде ал агенттикке жетекчи болуп келгенден кийин тескерисинче мекемедеги коррупцияны жоюу ишин баштаганын айткан.
«Жаңыдан жетекчи болуп келгенде системалуу коррупцияны жоюу боюнча кол койгом. Жаңы эле иш баштаганымда мага каршы кишилер көп болгон. Алар демилге көтөрүп, катуу эскертүү алгам. Мен чоң акча жасап жүргөн кишилерди токтоттум. Гранттардын каякка кетип жатканы билинчү эмес, аларды токтоттум. Убагында «Жети-Өгүздө бак кыйылып жатат» деп премьер-министрге чейин жеткиришкен. Текшере келгенде эч кандай бак кыйылбаганы аныкталган. Мен Кыргызстан боюнча дарак кыюуну токтоттум. Ушундай жалган маалыматты таркатышты. Себеби мен көп коррупциялык иштерди, схемаларды жаап койгом».
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин расмий сайтында Абдыкалык Рустамов 1964-жылы туулганы, Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүткөнү жана мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси экени жазылган.