Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Муйбиллаевге жетпей калган чалма


коллаж
коллаж

«3-май күнү 18 жаштагы кызды зордуктады» деп айтылып, бирок бул иште күбө катары өтүп жаткан мурдагы аткаминер Акимжан Муйбиллаев 2010-жылы апрель окуясынан кийин издөөгө алынган. Бирок ал издөө качан, кандай жагдайда токтотулганы белгисиз.

Тажикстан аркылуу Орусияга, андан Түркияга

Акимжан Муйбиллаев апрель окуясынан кийин Тажикстан аркылуу Орусияга, андан ары Түркияга качып кеткен. Бул тууралуу анын ошол кездеги ишенимдүү адамы, жардамчысы болуп жүргөн Каныбек Туратов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Муйбиллаев качкан кезде жалпысынан 5 млн. долларды алып кеткен.

Максимдин ишенимдүү адамы болуп алып, ишкерлердин дээрлик бардыгынан ай сайын акча алып турчу.
Каныбек Туратов.

«Ал акчанын баары пара болчу, - дейт ал. - Бул Максимдин ишенимдүү адамы болуп алып, ишкерлердин дээрлик бардыгынан ай сайын акча алып турчу. Муйбиллаев 7-апрелден кийин бир нече күн бою Бишкекте жашынып жатты. Андан кийин Кара-Балтанын бандиттерине акча берип, алардын коргоосу менен Ошко жеткен. Ошто акчасынын баарын түрдүү банктарга таратып, андан кийин Тажикстанга өтүп кеткен. Тажикстандын Хужанд шаарына чогуу барганбыз, анткени менден башка эч кимге ишенбейт эле. Бир күн жатып, эртеси Москвага учканбыз. Биз баргандан кийин ал жакка Муйбиллаевдин үй-бүлөсү келди. Биз Москвадагы бир мейманканада жаткан элек, бир күнү ошол мейманканага Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган делегация барып, конуп калды. Аны көргөндө шашылыш түрдө ал жерден чыгып, Муйбиллаевди орус досунун жардамы менен Түркияга учуруп жибердик. Мен кайра Бишкекке келгем. Ошол күндөрү менден башка эч ким менен сүйлөшпөй, жада калса бир туугандарына да ишенбей калган».

Каныбек Туратовдун айтымында, Түркияга качып кеткен Муйбиллаев 2011-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын бири менен сүйлөшүп, ага акча берген да, Кыргызстанга келип, ээн-эркин жашоо сүрө баштаган.

«Мен атын атабай турайын, экс-президент Атамбаевдин жанындагы таасирлүү бир адам менен жакын болуп, ага акча берип, бул жакка келген, - деди маектешибиз. - Ал киши менен азыр да жакшы мамиледе. Жакында эле ага 16 миң долларлык саат белек кылган. Башкы прокуратурадагы өзүнө козголгон кылмыш ишин да тергөөчүгө 200 миң доллар берип бүтүргөн».

Каршылашка айландырган жер тилкеси

Бир кезде ишеничтүү адамы болуп жүргөн Каныбек Туратовдун Акимжан Муйбиллаевге таарынычы ал 2011-жылы Туратовго таандык жер тилкесин күчтөп тартып алгандан кийин башталган. Туратов бул үчүн Муйбиллаевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арызданган. Кыз зордуктоо окуясынан кийин Муйбиллаевдин адвокаты «бул иштин артында Каныбек Туратов турат» деп басма сөз жыйынында билдирген эле:

«Каныбек Туратов - Муйбиллаевден акча талап кылган киши. «Кыз зордукталды» деген иштин артында турат. Анткени кызга көрсөтмө берген да ошол».

​Акимжан Муйбиллаев 2007-жылы күзүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси болуп дайындалып, 2010-жылкы апрель окуясына чейин иштеген. 2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн тушундагы Коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча комиссия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аны менен санаалаш мурдагы кызматкерлерге издөө жарыялаган. Алардын катарында Акимжан Муйбиллаев да бар болчу.

Ошол жылы 17-апрелде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, сот органдарын жана прокуратура тармагын тейлеген Азимбек Бекназаров жаңы бийликтин он күндүк иши тууралуу маалымат берип жатып, Акимжан Муйбиллаев жана дагы тогуз кишиге экономикалык кылмышы үчүн издөө жарыяланганын билдирген:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Экономикалык кылмыштар боюнча түзүлгөн топ, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдердин элдик бийликти узурпациялап, элдин байлыгын талап-тоноосуна жол бергендер, көмөктөшкөндөр, ошондогу жооптуу кызматкерлер жазага тартылмакчы. Маселен, Ильяс Давыдов, Турсун Турдумамбетов, Нариман Түлеев, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Марат Алапаев, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Аламанов, Курманбек Темирбаев жана башкалар».

Кийинчерээк, 3-майда Убактылуу өкмөт издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин так көрсөтүп, издөөгө салым кошкондорго 20 миң доллардан 100 миң долларга чейин сыйлык бере турганын билдирген. Андан кийинки издөө аракеттери, кылмыш иштеринин жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат жок.

2010-жылы башкы прокурор болуп иштеген Байтемир Ибраев Акимжан Муйбиллаевге экономикалык кылмыштары үчүн кылмыш иши козголгонун «Азаттыкка» ырастады.

2010-жылы издөөгө алынгандардын айрымдары ушул күндөрү ачык эле Кыргызстанда жашап жатканы коомчулукта айтылып жүрөт. Мисалы, Курманбек Бакиевдин тарапкери катары издөөгө алынган Нурлан Сулайманов 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер Жээнбековдун штабында жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Ал эми Акимжан Муйбиллаев 2011-жылы эле өлкөгө кайтып келип, эркин күн өткөрүп жүргөн.

Кылмыш иши качан жабылды?

Аларга козголгон кылмыш иштери качан, кандай жагдайда кыскартылып, аларга жарыяланган издөө качан токтотулган?

«Азаттыктын» кабарчылары бул суроо менен 29-май күнү Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө жана тергөө башкармалыгынын улук прокурору Бакытбек Сыдыгалиевге кайрылган. Бирок Сыдыгалиев Муйбиллаев тууралуу маалыматы жок экенин айтып, кат жүзүндө кайрылууну сунуш кылган. «Азаттык» бул суроону эми расмий кат аркылуу Башкы прокуратурага жиберди. Жообу алынганда кошумча маалымат берилет.

Акимжан Муйбиллаевдин кыз зордуктоо боюнча иши учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында каралып жатат. Бирок белгилей кете турган нерсе - Муйбиллаев бул иште шектүү катары эмес, күбө катары өтүп жатат. Ушундан улам айрым укук коргоочулар 18 жаштагы кызды зордуктоого байланыштуу иште Акимжан Муйбиллаев күбө катары ээн-эркин жүргөнүнө тынчсызданышууда.

Укук коргоочу Рита Карасартова бул иште милициянын да тиешеси бар деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Эмне үчүн шектүү адам күбө катары өтөт? – деп суроо салды ал. - Мына ушул маселени көтөрүп, ачыкка чыгаруу зарыл. Кылмышка каршы күрөшөт деген жактар бизде тескерисинче кылмышкерлерди жаап-жашырып, аларды сыртка чыгарып, башкаларды камаган учурлар көп. Ошондуктан бул маселени көтөрүп, ачыкка чыгарышыбыз керек. «Апрель окуясынан кийин кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган Муйбиллаев эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбай, ээн-эркин жүрөт?» деген суроого биздин күч органдары жооп берсин».

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматкери Улан Жумаков бул маселе боюнча так маалымат бере алган жок. Анын айтымында, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча маалымат берилбейт. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Муйбиллаев буга чейин бул иште жабырлануучу экенин адвокаттары аркылуу коомчулукка жарыялаган. Ал өзүнүн мурунку жардамчысы Каныбек Туратов «сойку кызды пайдаланып, 500 миң доллар талап кылганын, акча бербей койгондо алар муну коомчулукка жарыялап жибергенин» билдирген. Муйбиллаев бул иш боюнча Каныбек Туратовдун жана кыздын үстүнөн арыз менен Бишкек ШИИБге кайрылган.

Акимжан Муйбиллаевдин өзү жана адвокаттары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. «Азаттык» бул боюнча алардын да пикирин угууга даяр.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG