Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлгө кыргыз паспортунун берилиши боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн эки кызматкери кармалды. Андан көп өтпөй аталган облустагы Көк-Жаңгак шаардык калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси да "издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранга мыйзамсыз паспорт берген" деген шек менен камакка алынды.
Буга чейин кыргыз паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга берилген бир канча факты катталган. "Азаттык" мындай кылмыш иштеринин көбү сотко жетпей каларын, аткаминерлер айыппул төлөп эле жазадан кутулуп кетерин иликтеп чыккан.
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлгө берилген кыргыз паспорту тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Борис Матузныйга 1994-жылкы үлгүдөгү кыргыз паспорту Руслан Назаров Рашидович деген ойдон чыгарылган ысым менен 2003-жылы Ички иштер министрлигинин кызматкерлери берген. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов мыйзамсыз берилген, жасалма паспорттордун дээрлик баары ошол 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун негизинде алынганын белгиледи:
- Мунун баары ИИМ аркылуу кетип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду 2012-жылдан тартып эле бере баштаган. Ушул жылдын сентябрь айында беш жыл болот. Ага чейинки мыйзамсыз берилген, грузин кримтөбөлдөрүнө жана башкаларга берилген жасалма паспорттордун баары ИИМдин тушунда берилген. Биз буга чейин ИИМ менен "согушпайлы", ЖМКда жаңжалдашпайлы дедик эле. Бирок алар буга карабастан кайра-кайра "пиар" кылып бере бергендиктен биз да архивдерди көтөрдүк. "Мына, силер өзүңөр башында берип жүргөнсүңөр" деп эскерттик.
Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...
Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...
Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.
Мунун алдында ИИМ Орусияда издөөдө жүргөн, Испанияда кармалган уюшма кылмыш тобунун өкүлү Борис Матузныйдын жанынан эки кыргыз паспорту табылганын кабарлаган. Министрликтин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаевдин маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иши козголду жана Сузак районундук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн мурунку жетекчиси менен учурдагы кызматкери камакка алынды:
- 2018-жылдын январь айында Испанияда кармалган Орусиянын жаранынын жанынан "Кыргызстандын жараны" деген паспорт чыгып жатат. Бул факты боюнча териштирүү, иликтөө жүргүзүлдү. Ага 2017-жылы Назаров Руслан деген ойдон чыгарылган ат менен жалпы жарандык паспорт берилген болуп жатат. Буга байланыштуу Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн эки кызматкери "мыйзамсыз паспорт берди" деген шек менен камакка алынды.
Мындан көп өтпөй Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаардык калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүндө да мыйзамсыз паспорт берүү фактысы ачыкка чыкты. ИИМдин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жаранга Гусейинов Мухаммад Раджапович деген ат менен паспорт берилген. Иликтеп-териштирүүдө бул жаран Көк-Жаңгакта эч качан жашабаганы, кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Мөөр, штамп жана башка документтерди жасалмалоо” беренелери менен иш козголгон. Көк-Жаңгак шаарынын калкты каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иш козголгон. Анын негизинде сотко 125 иш жөнөтүлгөн. Ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулган.
Бул маселени былтыр Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети караган. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов кылмышка шектүүлөр жазасыз калып жаткандыктан, мыйзамсыз паспорт берүү өнөкөтү тыйылбай жатат деп эсептейт:
- Кыргыздын "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деген жакшы сөзү бар. Мисалы, уурулардын колу туткак болуп, бир нерсе уурдамайынча тура албай калат. Анын сыңарындай эле паспорт берип иштегендер "ушунча паспорт жасап сатышым керек, ушунча пайда табышым керек" деп алдына максат коюшабы же кандай, айтор бул тыйылбай жатат. Жасалма документтер боюнча катуураак чара көрүп, жазаны күчөтпөсөк бул кайталана берет. Тобо кылдым, эки-үч паспорт жасап берип, ошонун акчасын төлөп эле жазадан кутулуп кетип жатышат.
"Азаттык" буга чейин жасалма паспорт, паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кылмыш иши козголгон кызматкерлери негизинен жазасыз калаарын, эркинен ажыратылбай айыппул төлөө менен чектелерин иликтеп чыккан.
Маселен, 2016-жылы Жалал-Абад шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Өзбекстандын жаранына кыргыз паспортун бергени жана башка бирөөнүн сүрөтүн чаптап паспорт жасаганы боюнча кылмыш иши козголгон. Шаардык сот аны күнөөлүү деп таап, "сегиз жылга эркинен ажыратылсын" деген өкүм чыгарган. Бирок иш соттун жогорку инстанциясына жеткенде эркинен ажыратуу тууралуу өкүм өзгөргөн жана 400 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.
Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, КСДП фракциянын депутаты Абдувахап Нурбаевдин пикиринде, шектүү, кылмыштуу топторго аралашкан чет өлкөлүк жарандардын жанынан кыргыз паспорттору табылып жатканы өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына шек келтирип жатат:
- Бул окуялар биздин жарандардын сыртка чыгышына да чоң тоскоолдук болот. Мен Германиянын бул жактагы элчиси менен сүйлөшүп калсам, ал "биздин маалымат боюнча, 15 миңдей жасалма паспорт берилиши мүмкүн" деген божомолу бар экен. Бул эң ириде Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция. Ал жактагы кызматкерлер айлыгынын аздыгынан паспорт жасап сатышат. Ошол кызматкерлердин жоопкерчилиги, кадрлардын начардыгы, таза системанын жоктугунун кесепети. Бул системаны электрондоштуруп, биометрикага эртерээк өтпөсөк ушундай окуялар боло берет. Кыргызстандын аброю түшө берет. Мисалы, Түркияда 98 паспорт табылбады беле, күч органдары мына ушунун да аягына чыгыша элек.
Буга чейин Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранына аты-жөнүн корейче өзгөртүп, жасалма документтерди берүү фактысы катталган. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарында аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана аны тергөөнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө жөнөткөн. Бирок бир айга жетпей эле "кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген негизде ишти тергөө токтотулган.
Андан мурдагы жылдары Грузиянын кримтөбөлдөрү кыргыз паспорттору менен кармалган. Бозгунда жүргөн казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязов башка бир адамдын атынан кыргыз паспортун жасатып алганы белгилүү болгон.