Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Кытай түркмөн газын Кыргызстан аркылуу алып өтөт


Өкмөт башчы Темир Сариевдин Кытайга жасаган расмий сапарынын алкагында Түркмөнстандан Кыргызстан аркылуу Кытайга газ алып өтүү долбоору боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Андан сырткары эки өлкөнүн Билим берүү жана илим, Маданият жана туризм министрликтери, банк көзөмөлү тармактары боюнча документтер макулдашылды. Жолугушуулар Бээжин шаарында болду.

Сариев Кытайдагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынын улай 16-декабрда Бээжинге расмий сапарын баштаган. Бүгүн ал жакта эки өлкөнүн ишкерлеринин инвестициялык форуму өтүп, андан соң кыргыз делегациясынын сапары соңуна чыгат. (RK\SE)

XS
SM
MD
LG