Кытайлык жигитке турмушка чыккан Айпери күйөөсү Фейфейдин Кыргызстанда мыйзамдуу жашап жатканын айтууда.
- Жолдошум келишимдин негизинде документ алган. Аны менен иштеген кесиптештери да атайын виза алган экен. Ага ылайык жумушу аяктаганга чейин Кыргызстанда болот. Бул жактан кыймылсыз мүлк алсаң, жарандык алуу жеңил деп укканбыз. Бирок көбүнүн ага каражаты жетпейт. Айрым тааныштарыбыз акча берип документтерин бүтүргөнүн айтып жүрүшөт. Бирок ал кантип ишке ашарын билбейм.
Кытай жарандарынын Кыргызстанда жашоого уруксат кагазды мыйзамсыз алгандыгы тууралуу маалымат 4-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, соттук-укуктук түзүлүш комитетинде Башкы прокуратуранын жылдык отчетун талкуулоо учурунда ачыкка чыкты.
Анда баш прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылы 996 кытай жаранына Кыргызстанда жашоого уруксат мыйзамсыз берилгенин белгилеп, бул иш УКМКга өткөнүн маалымдады.
Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова буларды белгиледи:
- Бишкек шаардык прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Ушу тапта иликтөө иштери, тиешелүү экспертизалар жүрүп жатат.
Кытай жарандарына байланыштуу маселе Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон кылмыш иштин алкагында териштирилип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов буларга токтолду:
- Сөз жалпы кытай жарандары тууралуу болуп жатат. Анын ичинде Кытайдагы этникалык кыргыздар да бар. Прокуратура 996 жаранга өлкөдө жашоого уруксат берген кагаздар мыйзамсыз деген доонун негизинде кылмыш ишин козгогон. Уруксат берүү атайын комиссиянын чечимине көз каранды. Ал комиссиянын курамында ТИМ жана Ички иштер министрлиги, башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар. Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү кылмыш иши козголгондон кийин каза тапты.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жаткан чет өлкөлүк жарандардын маселесин чет элдик жарандардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү аркылуу чечүүнү сунуштап жүрөт:
- Менимче, чет өлкөлүк жарандарга берилчү иш квотасын жоюп салуу керек. Же алардын качан келип, качан кетери туурасында маалымат камтылган бирдиктүү базаны түзүү керек. Мөөнөтү аяктагандарын депортация кылуу зарыл. Бирок бизде бул жагы жөнгө салынган эмес. Сот аркылуу чечим чыгат, андан кийин ал жаранга билет алып берүү бир да мекеменин жоопкерчилигинде эмес. Мамлекеттик казынадан да акча бөлүнбөйт.
Кыргызстан жыл сайын 13 миңге чукул чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берет. Анын 85 пайызын каарманыбыз Айперинин күйөөсү Фейфей өңдүү кытай жарандары колдонууда.
Миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы 9,5 миң кытай жараны Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы чет элдик жумушчу күчүнүн 77 пайызын кытайлыктар түзөт. Кытай жарандары көбүнчө автожолдордун курулушу, Бишкек Жылуулук борборун реконструкциялоо, мунай, газ жана алтынды кайра иштетүү тармактарына тартылган.