Кытай жергиликтүү компанияларга чет элдик фирмаларды сатып алуу эрежелерин жеңилдетти. Эми кытайлык ишканалар баасы бир миллиард долларга чейинки чет жактагы компанияларды өкмөттүн уруксаты жок сатып алуу укугуна ээ болушту. Батыштын серепчилери кытайлык фирмалардын четтеги компанияларды сатып алуусун "агрессивдүү экспансия" десе, айрым талдоочулар муну кадыресе экономикалык көрүнүш катары сыпатташат.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле кытайлыктар 110 чет элдик компаниянын үлүштөрүн сатып алууга 27.3 миллиард доллар сарпташкан. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 12 миллиард долларга арбын. Жакында эле 165 жылдык тарыхы бар британиялык House of Fraser дүр-дүкөнүнүн 89% үлүшүн кытайлыктар 480 миллион фунтка сатып алышты.
Аны менен бирге, кытайлык "Чайна Минметалс" ишканасы дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири, Перудагы Лас Бамбасты 5.85 миллиард долларга сатып алды. Кытайлык фирмалар өзүнүн оор өндүрүш тармагын колдоо иретинде Түштүк Америкада, Африкада жана Азияда көптөгөн кендерди сатып алганы маалым. Кыргызстандагы айрым кендердин үлүштөрүнө кытайлык фирмалар ээлик кылат.
Африканын акцияларына талап өстү
Африка өлкөлөрүнүн баалуу кагаздарына талап болуп көрбөгөндөй өстү. Бул тууралуу бир нече мартабалуу инвестиция фирмалары жар салышты. Глобалдык ири инвесторлор үчүн барган сайын салттан тыш инвестиция багыттарын табуу кыйынчылык жаратууда. Ошол себептен акыркы эки жыл ичинде африкалык баалуу кагаздар базары чет элдик ири инвесторлорго альтернативалуу инвестициянын очогуна айланды.
Биринчиден, Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарынын киреше үстөгү (доходность) башка жактагыларга караганда алда канча жогору. Экинчиден, дүйнөлүк биржаларда африкалык облигация жана акциялар өтө эле аз жана аларга ар дайым талап чоң. Континенттеги 54 өлкөнүн ичинен болгону он чактысы гана баалуу кагаздарын эл аралык базарларга сатыкка койгон.
Мисалы, Мозамбиктин өкмөттүк баалуу насыя кагазынын киреше үстөгү 7%. Ал эми АКШнын мамлекеттик облигациясынын кирешелүүлүгү болгону 3%. Мозамбик экономикасы быйыл 8% өсөрү күтүлүүдө. Нигериянын баалуу кагаздарынын киреше үстөгү – 12%, ал эми Кениянын облигациялары 11% киреше үстөк төлөйт.
Африканын Гана Республикасынын башка өлкөлөрүнүндө 2014-жылы олуттуу экономикалык жылыш божомолдонууда. Адистер Африканын экономикасы өскөн сайын ал чөлкөмгө тартылган инвестициянын көлөмү артарын айтып келишет. Кытай – Африка өлкөлөрүнүн эң ири инвестору.
Авиажүргүнчүлөр саны 32% өстү
Кыргызстандагы белгилүү бренддердин бири "Шоро" компаниясынын 33% үлүшү сатыкка коюлду. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишкер Табылды Эгембердиев кабарлады.
Эгембердиевдер ээлик кылган ишкананын ири акционерлеринин бири Жумадил Эгембердиев "Шородогу" 47% үлүшүн сатып, андан түшкөн пайданы өзүнүн бизнес идеясын ишке ашырууга жумшайт. Сатыкка коюлган акциялардын 14% "Шоронун" түптөөчүсү Табылды Эгембердиев сатып алган. Ошондой эле ал бир тууганы Анаркан Эгембердиеванын 5% үлүшүн да алган.
– Ооба, иним 33% үлүшүн сатып жатат. Ал бизнес ачайын деген ою бар. Ага акча керек да. Учурда ал үлүштү ким алары белгисиз. Эми, үлүш сатуу – ишкердиктеги кадыресе көрүнүш. Азырынча акциялар өтө элек, – деди Табылды Эгембердиев.
Кыргыз фондулук биржасы маалымдагандай, Табылды Эгембердиев 19% үлүшүн жалалабаддык ишкер Келдибек Тумановго саткан. Учурда, 47% акция Табылды Эгембердиевдин колунда жана 33% үлүш сатыкка коюлган.
Учакка түшкөндөр көбөйдү
Кыргызстанда авиажүргүнчүлөрдүн саны былтыр 32% өстү. Бул тууралуу "“Манас” эл аралык аэропорту" акционердик коому билдирди. Жүргүнчүлөрдүн саны 2013-жылы үч миллиондон ашты. Учактарды кабыл алууга жарамдуу тогуз аэробекетти иштеткен "Манас" акционердик коомунун былтыркы таза пайдасы 1 миллиард 83 миллион сомду түздү.
Кыргызстанда беш эл аралык жана төрт жергиликтүү аэропорт иштейт. Алардан түшкөн пайданын 25%, же 270.5 миллион сому дивиденд төлөмдөрүнө жумшалат. Ал эми калган 811.5 миллион сому өлкөдөгү аэробекеттерди өнүктүрүүгө сарпталат.
Быйыл жарандык авиация тармагынын кирешеси 16% же 300 миллион сомго өсөрү күтүлүүдө. Өлкөдөгү аэропортторду иштетүүдөн 2014-жылы 3 миллиард 702 миллион сом киреше түшөт деп божомолдонууда.
Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак, алтын акыркы аптада жети долларга кымбаттап, учурда унциясы 1294 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 37 центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 59 центти түзүүдө.
Чийки мунайдын баасы эки долларга түшүп, бир баррели 100 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада эки эсеге азайып, 36 миллион сомдон бир аз ашты. "Дос-Кредобанктын" облигациялары 25 миллион сомго сатылып, кайрадан алдыңкы сапты ээледи.