"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов, Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов.
“Азаттык”: Жөлөкпул ушул жылдын август айында 300дөн 580 сомго көтөрүлбөдүбү? Бул да балдарга кам көрүүнү жакшыртуу аракети болсо керек? Мамлекет балдарына кандай кам көрөт?
Эдил Байсалов: Бүгүнкү суроого жооп ачык эле. Учурда жеке үй-бүлөлүк болобу, мамлекеттик болобу балдарды коргоо маселеси чеке жылытарлык эмес. Жүздөгөн балдар жөлөкпул алышат. Бирок жогорку деңгээлде деп айта албайбыз.
Ошондой болсо да мамлекет бюджеттин тартыштыгына карабай жөлөкпулдун көлөмүн көбөйттү. Эмки жылы да көбөйтөбүз. Бирок жалпы балдардын үй-бүлөдө же атайын мекемелерде жашап жаткан шарттары дүйнөлүк стандарттарга эмес, өзүбүз көнгөн, коомдук талаптарына жооп бербейт.
Кеп балдардын кедей же бай мамлекетте жашагынында эмес. Бала эң эле кедей үй-бүлөдө абдан бактылуу болуп чоңойот. Ошол эле тойо жеген байдын үйүндө балалыкты сезбей, абдан таш боор болуп чоңоюп калышат. Кеп акчада эмес.
Азыр үй-бүлөдө, коомдо балдарга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулуп жатабы? Жооп жок. Үй-бүлөлүк бюджетти караганда деле балдарга караганда аш-тойго көбүрөөк каражат жумшалат. Балдардын муктаждыктары ошол жакта деле тиешелүү камсыз кылынган жери жок.
Таалай Жакыпов: Азыр балдарга мамлекеттик денгээлде тиешелүү деңгээлде кам көрө албай жатат. Көп нерсе мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, каражаты жоктугуна байланыштуу деп жатабыз. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгү деле, каражаты деле бар. Бирок балдарга өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөй жатат. Бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоп, аларга кам көргөн кызматкерлер менен жергиликтүү бийликтин байланыш же милдеттер бөлүштүрүлгөн эмес. Азыр министрликтин алдында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү бар. Алардын штаты аз, айлыгы төмөн.
Мисалы, жаңы конуштарда мигранттардын балдары, кароосуз калгандар абдан көп. Акыркы тогуз айда эле 2951 бала кароосуз калган деп табылган. Алардын маселесин чечүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ортосунда аракет, байланыш жок болуп жатат. Балдар үйлөрүндө жүргөн балдардын арасында үйлөнгөндөрү бар. Алардын балдарынын абалы өздөрүнүн мурдагы абалынан, жашоосу начар болуп жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: