Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Атасы урган наристе балдар укугун эске салды


Баласын тепкен адам камакка алынганын Бишкек милициясы билдирди.
Баласын тепкен адам камакка алынганын Бишкек милициясы билдирди.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып тура албай жаткан баланы тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болду. Эки жарым жаштагы уулун аябаган ата ошол эле күнү кармалып, ага "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандыктар тайгаланып тура албай жаткан баланы тепкен эркектин дарегине ачуу пикирлерди жазды. Алар зомбулук көрсөткөн атаны таап, тиешелүү жазасын берүү талабын көтөрүп чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова Фейсбуктагы жеке баракчасына баланы урган адамды тез арада табуу чакырыгын жасады.

Чехиянын баш калаасы Прагада жашаган Сүита Исаева эгер мындай окуя Батышта болсо, тиешелүү органдар дароо иш козгомок деген пикирде:

- Эгер ушундай окуя Батышта, Европада болсо балдарды асыроо органдары дароо кийлигишмек. Бул жакта балага катуу кыйкырганыңды колу-коңшу же тааныбаган эле бирөө угуп калса, полицияга же социалдык кызматтарга телефон чалат. Алар заматта жетип келип, баланы алып коюшат. Ата-энелик макам коркунучка кептелет.

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

Сүита Исаева мекенинде болуп жаткан бул окуяга кайдыгер калбай социалдык тармактар аркылуу укук коргоочуларга, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына баласын тепкилеген атаны жазалоо зарылдыгы менен кайрылган.

Натыйжада Бишкектин Улан-2 кичирайонунда жашаган адам камакка алынганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Видео чыккандан кийин Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө бөлүмү дароо ал кишини тапты. Ал баланын атасы, 1967-жылы туулган А.Б. аттуу адам болуп чыкты. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Далил катары видео тасма тиркелип, эми баланын ден соолугун текшерүү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалмакчы. Наристенин атасы азыр убактылуу кармоочу жайда отурат.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев атасынан тепки жеген наристенин ден соолугун ар тараптуу текшерүүгө даяр экенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Ал баласын тепкен атаны айыптап, укук коргоо органдары апасы менен иш алып барып, наристенин саламаттыгын толук көзөмөлгө алышы керек деген пикирде. Тепки жеген бала азыр апасынын жанында.

Ал арада баласын тепкен киши Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчи орун басары болуп иштей турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады. Мекеменин кабарлашынча, эки жашар баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматындагы жумушунан бошотулат.

Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев интернетте тасма тарап, милиция кылмыш ишин козгогон соң кызматкерге катуу чара көрүү - керек болсо токтоосуз түрдө иштен бошотуу тапшырмасын берген. Мекеме Бариер Адиев "моралдык себептерден" улам Мамкаттоодо иштей албай турганын кошумчалады.

Ата-энеси, жакындарынан кордук көргөн наристелердин саны жылдан жылга көбөйүп жатканын, буга миграция, билимсиздик сыяктуу шарттар себепкер экенин Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова белгиледи:

- Деги эле биздин коомдо зомбулукка кайдыгер карайбыз. Аялын же баласын уруп жатса, жеке иши деп басып кетебиз. Мына жакында эле Ошто өз атасы 6-класстагы баласын сабап жатып өлтүрүп койгону айтылды. Зомбулукка коомчулук көңүл бурбайт. Айрыкча айыл өкмөттөрү, жергиликтүү бийлик абдан эле кайдыгер. Кыргызстанда балдарга карата күч колдонууга каршы шарттар толук кандуу түзүлгөн эмес. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү мыйзамы деле канчадан бери кабыл алынбай келе жатат. Өлкөдө "111" балдарга психологиялык жардам көрсөткөн ишеним телефонун биздин лига демилгелеп ачты. Кечээги баласын тепкен атага карата коомдун реакциясы албетте жакшы болду. Эми бийлик ага чара кабыл алып, балага камкордук көрөт деп ишенем.

2017-жылдын биринчи жарымында эле балдарга карата жасалган 400дөн ашуун зомбулук катталган. Жогорку Кеңеште балдардын укугун коргоо үчүн Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу талкуу эки жылдан бери уланып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG