Бишкекти үшүткөн кырсык
2018-жылы 26-январда модернизациядан өткөн Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык катталган.
Буга ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү айрым жабдууларынын иштен чыкканы себеп болгон.
Кырсыктын айынан ЖЭБдеги электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган.
Үйлөрдү жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөндөн улам электр энергиясына күч келип, Бишкектин айрым райондорунда жарык өчкөн.
Кыргыз өкмөт ЖЭБдеги техникалык авария 28-январга караган түнү оңдолду деген маалымат тараткан. Бирок бир апта бою мүчүлүштүк жоюлган эмес.
29-январда ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сураган. Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кырдаалды талкуулашканы маалым болгон.
ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болгон кезде Кыргызстанда катуу суук катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөгөн.
Ызгаардын айынан шаардагы коомдук транспорттордун каттамы үзгүлтүккө учураган. Көпчүлүгү майы тоңуп, ишке чыкпай калганы айтылган. Бишкекте суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштей баштаган.
ЖЭБдеги кырсык жемкорлуктун бетин ачты
2018-жылы 30-январда Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Шалаакылык") негизинде кылмыш ишин козгогон.
Сапар Исаков баштаган өкмөттү толук кызматтан кетирүү жөнүндө сунуштар айтылган. Кырсыкты иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.
ЖЭБдеги авария мурда кийин коомчулукка белгисиз жагдайларды ачыкка чыгарган. Парламент депутаты Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча келишим караларда Кытайдын TBEA компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келгенин айтып чыккан.
Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев ЖЭБди модернизациялоо боюнча 386 млн. долларлык келишим Жогорку Кеңештен сметасы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок ратификацияланганын тастыктаган.
ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, 2017-жылы августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн.
31-январда Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча Жогорку Кеңешке маалымат беришкен. Анда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык үчүн бардык жоопкерчиликти өз мойнуна аларын билдирген.
1-февралда шаарга жылуулук берүү калыбына келген. Бул күнү "Улуттук энергохолдинг" Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептери иликтенип бүтмөйүнчө кызматынан четтетилген. Анын ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында бул ишкананы башкарган Андрей Воропаев келген.
Кызматтан кеткенден кийин Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБдеги буюм-тайымдардын баалары деле ашыкча көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.
- Кадимки эле кычкачты "600 доллардан сатылып алынды" деп көрсөтүшкөн. Андан башка 1-3 тонналык жүктөрдү көтөрө турган араба деп коёт, ошолордун ар биринин баасы 15 миң, 17 миң долларга көрсөтүлгөн, - деген ал.
ЖЭБдин достукка доо кетириши
ЖЭБдеги кырсык мурдагы жана азыркы президенттердин алакасына ажырым салган.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы 31-мартта КСДПнын курултайында сүйлөп жатып, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген.
Бул билдирүүгө байланыштуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов экөө ачык кайым айтышкан.
ЖЭБ чырына байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаков, "Улуттук энергохолдинг" жана "Электр станциялары" ишканаларынын жетекчилери Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаев, КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов камакка алынган.
2019-жылы 22-январда Бишкек жылуулук электр борборунун айланасындагы кылмыш иштеринин бири боюнча соттун алгачкы чечими чыкты.
Анда “Электр станциялары” ишканасынын эки аткаминери жана менчик фирманын эки өкүлү алты-жети жылга кесилди. Бирок бул иштер ЖЭБди модернизациялоого жана андагы аварияга түз тиешеси жок экени маалымдалды.
(Окуянын чоо-жайын төмөнкү макаладан толук окуй аласыз)
Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганы 8-январда белгилүү болду. УКМК ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго тагылганын кабарлады.
Бирок 25-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча материалдар менен адвокаттардын таанышуусуна чектөө койгон тергөөчүлөрдүн чечимин мыйзамсыз деп таап, таанышуу мөөнөтүн узартканы белгилүү болду.
Жыл айланбай дагы көйгөй
Арадан бир жыл өткөндөн кийин Бишкек ЖЭБи дагы бузулганы маалым болду.
25-январда баш калаанын бир нече кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калды.
"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы 26-январда кабарлагандай, тармактык суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүк кеткен.
Аны атайын комиссия текшерип жатат. Расмий маалыматта айтылгандай, бул чекилик Жылуулук электр борборун модернизациялоо учурунда кеткен.
Буга байланыштуу "Бишкекжылуулук тармагы" ишканасы 26-январда жылуу сууну убактылуу өчүрмөй болду. Бишкектин түштүк тарабында жылуулук азайып, шаардын борбордук бөлүгүндөгү, темир жолдун түндүк жагындагы түтүктөрдө суу токтой турганы кабарланды. Оңдоо иштерин 26-январда кечки саат 21:00гө чейин бүтүрүү пландалды.